facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

09.05.2022

ИИМ: "Бишкек-Ош" унаа жолундагы  жол унаа кырсыгынан 1 адам каза болду

2022-жылдын 9-май күнү болжол менен саат 13:15 чамасында Жайыл РИИБнүн нөөмөт бөлүмүнө Бишкек-Ош унаа жолунан жол унаа кырсыгы болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. 
Маалымат боюнча Жайыл РИИБнүн ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барганда төмөнкүлөр аныкталган: 2022-жылдын 9-майында саат 13:15 чамасында "Бишкек-Ош"  унаа жолунун 197-чакырымында Ош облусунун Алай районунун  тургуну 1983-ж.т. О.Т.  “Хонда-Степвагон” (оң рулду) үлгүсүндөгү унаасы менен түндүктөн түштүккө көздөй бара жатып алдын ала маалыматтарга таянсак рулга ээ боло албай, карама-каршы тилкеге чыгып түштүктөн түндүкө келе жаткан Бишкек шаарынын жашоочусу 1981-ж.т. А.С. башкаруусундагы "Хундай-Гетц” үлгүсүндөгү унаасы менен сүзүшкөн.
Жол кырсыгынын кесепетинен “Хундай-Гетц” унаасынын жүргүнчүсү 1980-жылы туулган аял киши жол кырсыгынан алган жаракаттарынан улам каза болуп, жана 2 жаш өспүрүм, Чүй облусунун Жайыл районунун Сусамыр өрөөнүндөгү жайгашкан  медициналык-санитардык жардам берүү бөлүмүнө кайрылган. 
Айдоочулар Жалал-Абад облусунун Токтогул районун  аймактык ооруканасына ар кандай жаракаттар менен жеткирилген.
Бүгүнкү күндө оң рулду унаанын катышуусу менен болгон жол кырсыгынын кесепетинен  1 адам  көз жумуп,  ал эми 4 адам ар кандай жаракаттар менен аймактык ооруканаларга кайрылышкан. 
Чүй облусунун жол кыймылынын коопсуздугунун камсыздоо башкармалыгы тургундардан жана коноктордон, алыскы жолго жыккан айдоочулардан өзгөчө (оң рулду) унаалардын айдоочуларынан жол эрежесин так сактоо менен ылдамдыкты сактоо менен айдооңуздарды суранат

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер