facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

08.05.2022

ИИМдин Ички аскерлеринин 718 аскер бөлүгүнүн жаш жоокерлери ант беришти

2022-жылдын 7-майында Кара-Көл шаарынын "Энергетик" маданият үйүнүн жанындагы Кыргыз Республикасынын ИИМдин  Ички аскерлеринин 718 аскер бөлүгүнүн жазгы чакырыктагы жаш жоокерлерин аскердик антка келтирүү боюнча салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Командирлеринин, ата-энелеринин жана жакындарынын катышуусунда жаш жоокерлер колуна курал алып,  Мекенине берилгендигине ант берип, өздөрүнүн аскердик милдетин татыктуу аткарууга, Кыргызстандын эркиндигин жана көз карандысыздыгын кайраттуулук менен коргоого ант беришти.
Бир айдын ичинде аскер бөлүктүн командачылыгынын, жооптуу офицерлердин жана старшиналардын туруктуу көзөмөлү астында аскерге чакырылгандар күн тартибин, саптык даярдыктын негиздерин, жалпы аскердик уставдардын негизги жоболорун, аскердик техниканы жана курал-жарактарды колдонуунун ыкмаларын үйрөнүштү. Мындан кийин алар, жоокердин күн тартибин практикалык түрдө жүзөгө ашырууга багытталган, аскердик кызматтын негиздерин өздөштүрүп башташат.
Алгач жаш жоокерлерди аскер бөлүктүн командири полковник Сардарбек Бакыев куттуктады. "Мекенди коргоо - ар бир жоокердин ыйык милдети. Бул жөнөкөй көрүнгөн сөздөрдүн артында биздин мамлекеттин тарыхы турат. Миңдеген жарандарыбыз ар бириңерге үмүт менен карашат. Бардык аракеттериңерде ийгилик коштосун", - деди полковник С.Бакыев өз сөзүндө.
Салтанаттуу иш-чара кыска убакыттын ичинде даярдалган жаш жоокерлердин саптык даярдык жана кармашуу боюнча көрсөтүүлөрү менен уланды. Соңунда жаш жоокерлердин назарына Кара-Көл шаарынын маданият үйүнүн чыгармачыл жамааты тарабынан даярдалган майрамдык концерт тартууланды.

ИИМдин Ички аскерлеринин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер