facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министирлигинин «Унаа» мамлекеттик мекемесиндеги мамлекеттик жарандык кызматына кадрлар түзүү үчүн кокурс жарыялоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы №24 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервинин түзүү жана иштөөсү жөнүндө» Жарлыгына жана Кыргыз Республикасынын ИИМдин 2022-жылдын 3-мартындагы №174 буйругуна ылайык, буйрук кылам:              

  1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министирлигинин «Унаа» мамлекеттик мекемесиндеги мамлекеттик жарандык кызматына кадрлар резервинин түзүү үчүн конкурс жарыялансын.
  2. Кыргыз Республикасынын ИИМдин «Унаа» мамлекеттик мекемесиндеги мамлекеттик жарандык кызматынын кадрлар резервинин түзүү боюнча конкурсту өткөрүү мөөнөтүн аныктасын жана конкурс өткөрүү боюнча тийиштүү иш-чараларды уюштурсун.
  3. Ушул буйруктун аткарылышына жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын ИИМдин конкурстук комиссиясына жана КББнын начальнигине жүктөлсүн.
  4. Ушул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын ИИМдин конкурстук комиссиясына төрагасына жүктөлсүн.
  5. Кыргыз Республикасынын ИИМдин ведомстволук веб-сайтына жана Кыргыз Республикасынын Министирлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштер боюнча мамлекеттик агенттигинин веб-сайтына жарыя жайгаштырылсын.
  6. Буйрук тиешелүүлүгү боюнча жарыялансын.

 

Министр
милициянын генерал-лейтенант
ы                                                                    У. Ниязбеков