facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

Укукту күбөлөндүрүүчү документтерди, катталуунун номердик белгилерин берүү менен тракторлорго, трактордук чиркегичтерге, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарга, ичинен күйүүчү кыймылдаткычы бар тационардык технологиялык түзүлүштөргө менчик укугун каттоо

Долбоор

МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮНҮН АДМИНИСТРАТИВ
ДИК РЕГЛАМЕНТИ

«Укукту күбөлөндүрүүчү документтерди, катталуунун номердик белгилерин берүү менен тракторлорго, трактордук чиркегичтерге, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарга, ичинен күйүүчү кыймылдаткычы бар (опурталдуу өндүрүш объекттеринде колдонулуучу техникалык түзүлүштөрдөн башка) стационардык технологиялык түзүлүштөргө менчик укугун каттоо (кайра каттоо)»

(Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин 88-пункту, 4-глава)

 

1. Жалпы жоболор

I. Ушул мамлекеттик кызмат көрсөтүү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин «Унаа» мамлекеттик мекемесинин аймактык каттоо бөлүмдөрү жана секторлору (мындан ары – «Унаа» ММдин аймактык бөлүмдөрү) тарабынан жүзөгө ашырылат.

II. Ушул кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 «Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген кызмат көрсөтүүнүн тийиштүү стандартынын талаптарына шайкеш келет.

III. Кызмат көрсөтүүнүн стандарты тарабынан тапшырылган негизги параметрлер:

1. Кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү: 1 сааттан ашык эмес.

2. Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл документтердин тизмеги:

2.1. Тракторлорду, трактордук чиркегичтерди, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды (мындан ары – ӨТМ) ичинен күйүүчү кыймылдаткычы бар (опурталдуу өндүрүш объекттеринде колдонулуучу техникалык түзүлүштөрдөн башка) стационардык технологиялык түзүлүштөрдү (мындан ары – түзүлүштөр жана жабдуулар) (мындан ары – ӨТМ, түзүлүштөр жана жабдуулар) алгачкы каттоо иш-аракеттерди (мындан ары – каттоо) ишке ашыруу үчүн ыйгарым укуктуу органга төмөнкү документтер тапшырылат:

- идентификациялык жеке номери (жеке жак үчүн), идентификациялык салык номери (юридикалык жак үчүн);

- ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген форма боюнча арыз;

- 2004-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта) же идентификациялык карта - 2017-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта);

- чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн - жарактуу визасы бар паспорту же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган жана ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жашап турууга уруксат же калкты каттоо чөйрөсүндөгү (каттоо талону) же тышкы саясат чөйрөсүндөгү (аккредитациялык карточка) ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген каттоо документи, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде каралгандан башка учурларда;

- юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн жана уюштуруу документтеринин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү (юридикалык жактар үчүн);

- Кыргыз Республикасына ташып киргизилген ӨТМ, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо үчүн - ӨТМ, түзүлүштөрдү жана жабдуулардын чыгарылышын ырастоочу документтер же товарларга декларациялар (мындан ары - ТД);

- Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекет болуп саналбаган мамлекеттерден республикага алып келинген автотранспорт каражаттарына Евразия экономикалык бирлигинин Шайкештикти баалоо боюнча аккредиттелген органдарынын Бирдиктүү реестрине киргизилген аккредиттелген органы тарабынан берилген ӨТМ, түзүлүштөрдү жана жабдуулардын конструкциясынын коопсуздугу жөнүндө күбөлүк;

- даярдоочу заводдун өндүрүү сертификаты, инвойс, ӨТМ, түзүлүштөрдү жана жабдуулардын паспорту, Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин транспорт каражаттарынын электрондук паспортторунун (транспорт каражаттарынын шассисинин электрондук паспортторунун) жана өзү жүрүүчү машиналардын, техниканын башка түрлөрүнүн электрондук паспортторунун системасында маалыматтар жок болгондо транспорт каражатынын паспорту жана/же транспорт каражатынын электрондук паспортунан (транспорт каражатынын шассисинин паспортунан) көчүрмө, чет мамлекеттин ӨТМ, түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын техникалык паспорту же болбосо барган өлкөнүн тийиштүү ыйгарым укуктуу органы тарабынан ӨТМ, түзүлүштөр жана жабдуулар эсептен чыгарылгандыгын ырастаган документ, ӨТМ, түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын сертификаты, кабыл алуу-өткөрүү актысы жана башка документтер (ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга ӨТМ, түзүлүштөрдү жана жабдууларды бөлүү жөнүндө калкты социалдык коргоо органдары тарабынан берилген документтер, мүлктү мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык түзүлгөн келишимдер);

- даярдоочу уюм, даярдоочу заводдун расмий өкүлү (дистрибьютер, дилер), соода уюму, ишкер тарабынан берилген эсеп-маалым каты же эсеп-фактурасы; Кыргыз Республикасынын аймагында жүргүзүлгөн биржалык бүтүмдүн жыйынтыгы боюнча сатып алуу-сатуу келишими же башка документ (ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга ӨТМ, түзүлүштөрдү жана жабдууларды бөлүү жөнүндө калкты социалдык коргоо органдары тарабынан берилген документтер, мүлктү мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык түзүлгөн келишимдер);

- кылмыш-жаза же жарандык сот өндүрүшүнүн натыйжалары боюнча ӨТМ, түзүлүштөргө жана жабдууларга менчик укугу жөнүндө Кыргыз Республикасынын сотторунун белгиленген тартипте күчүнө кирген чечимдери;

- каттоо иш-аракеттери, атайын бланктык продукция жана мамлекеттик каттоо номердик белгилери үчүн жыйымдардын жана төлөмдөрдүн квитанциялары;

- транспорт каражаты, түзүлүш жана жабдуу - фотофиксациялоо менен сыртынан кароо үчүн. Транспорт каражатын, түзүлүштү же жабдууну көрсөтүүгө тоскоолдук жараткан жагдайлар болгон учурда, транспорт каражатынын, түзүлүштүн же жабдуунун турган жери боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшү тарабынан түзүлгөн, ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшүнүн жетекчисинин мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн аны кароодон өткөрүү актысын берүүгө жол берилет.

ӨТМди, ошондой эле ажыратылган/куралбаган түрдө алып келинген машина комплектисинин тетиктеринен чогултулган ӨТМди каттоодо ыйгарым укуктуу органга төмөнкү документтер тапшырылат:

- ажыратылган/куралбаган түрдө алып келинген машина комплектисинин тетиктеринен ӨТМди чогултуу процессин ырастаган документ;

- техникалык регламенттин талаптарына шайкештигине сертификаттоо боюнча аккредиттелген орган тарабынан берилген шайкештик сертификаты:

- документтердин түп нускалары жоголгон учурда, бажы кызматынын органдары тарабынан күбөлөндүрүлгөн ӨТМ, түзүлүштөрдү жана жабдууларга документтердин берилген көчүрмөлөрү боюнча каттоо жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын корутундусу;

- ӨТМдин мамлекеттик каттоо белгиси же "ТРАНЗИТ" каттоо белгиси жана (же) Кыргыз Республикасына ташып келинген ӨТМ катталган мамлекеттердин каттоо документтери жана каттоо номери.

Каттоо жүргүзүү үчүн берилүүчү чет тилде түзүлгөн ӨТМ, түзүлүштөргө жана жабдууларга менчик укугун күбөлөндүрүүчү документтер жана башка документтер мамлекеттик же расмий тилге которулууга жана бир тилден экинчи тилге туура которулганы жөнүндө нотариустун же болбосо ушундай нотариалдык иш-аракеттерди жүргүзүүгө укуктуу башка кызмат адамынын күбөлөндүрүүчү колу болууга тийиш.

ӨТМ, түзүлүштөрдү жана жабдуулардын электрондук паспорту болбогондо, каттоонун натыйжалары боюнча ыйгарым укуктуу орган Евразия экономикалык бирлигинин келишим-укуктук базасына ылайык электрондук паспортту жол-жоболоштурат.

«Унаа» ММдин аймактык бөлүмүнүн кызматкерлери ӨТМ, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоодон мурда ӨТМ, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоого тиешеси бар адамдардын беттеринин графикалык сүрөтү боюнча идентификациялоону өткөрөт.

ӨТМ, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо жүргүзүү үчүн менчик ээсинин өкүлү кайрылганда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн документтердин негизинде менчик ээсинин кызыкчылыктарын коргоого анын ыйгарым укуктары текшерилет.

Юридикалык жактын өкүлүнүн ыйгарым укуктары юридикалык жактын атынан анын жетекчисинин же уюштуруу документтери менен ыйгарым укук берилген башка адамдын колу жана ошол уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн ишеним кат менен ырасталат.

ӨТМ, түзүлүштөрдү жана жабдуулардын менчик ээси болуп сот тарабынан аракетке жөндөмсүз же аракети чектелген деп таанылган адам болсо, мындай адамдын атынан камкорчу же көзөмөлчү чыгат.

ӨТМ, түзүлүштөрдү жана жабдуулардын менчик ээлери болуп 14 жашка чыга элек жашы жетпеген адамдар саналган учурда каттоо алардын атынан ата-энелери, асырап алуучулары же камкорчулары тарабынан гана жүргүзүлөт. Менчик ээлери болуп 14 жаштан 16 жашка чейинки жашы жетпеген адамдар саналган учурда каттоо ата-энелеринин (асырап алуучулардын), камкорчуларынын (көзөмөлчүлөрдүн) же камкордук жана көзөмөлдүк органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда, жазуу жүзүндөгү макулдугу менен жашы жетпеген адамдын туулгандыгы жөнүндө күбөлүгүн (16 жаштан 18 жашка чейинки куракта, паспортун) көрсөтүү менен жүргүзүлөт.

«Унаа» ММдин аймактык бөлүмүнүн кызматкерлери каттоо ишине чейин жактын (арыз берүүчү, укук ээси, бүтүмдүн катышуучусу) идентификациялык маалыматтарын Террористтик же экстремисттик ишке жана массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышкандыгы жөнүндө маалыматтары бар жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын санкциялык тизмелеринен (Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмеси жана БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Жыйынды санкциялык тизмеси) бар же жок экендигин текшерүүгө милдеттүү.

Эгерде жак (арыз ээси, укук ээси, бүтүмдүн катышуучусу) Санкциялык тизмеге киргизилген болсо, ыйгарым укуктуу орган дароо жана бул адамга алдын ала билдирүүсүз транспорт каражатын каттоо жүргүзүүнү тоңдурууга милдеттүү.

Мында ыйгарым укуктуу орган убактылуу тоңдурулган учурдан тартып үч сааттын ичинде бул тууралуу финансылык чалгындоо органына билдирет.

ӨТМ, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо жүргүзүү белгисиз мөөнөткө тоңдурулат жана жак (арыз берүүчү, менчик ээси, бүтүмдүн катышуучусу) Санкциялык тизмеден чыгарылганда улантылат.

ӨТМ, түзүлүштөргө жана жабдууларга карата каттоо жүргүзүлбөйт:

- нотариалдык тартипте күбөлөндүрүлбөгөн белекке берүү келишимдери боюнча берилгендер, ошондой эле ээликтен ажыратуу укугусуз ишеним кат боюнча колдонууга берилгендер;

- жогоруда аталган документтердин тизмеги толук эмес берилгенде;

- конструкциясы Кыргыз Республикасында колдонулган жол кыймылынын коопсуздугу бөлүгүндөгү эрежелердин, ченемдердин жана стандарттардын талаптарына же берилген документтерге шайкеш келбесе;

- "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык аккредитацияланган диагностикалык борборлордо сертификаттоодон өтпөгөн, өз алдынча жасалган же кайра жабдылган ӨТМ, түзүлүштөр жана жабдуулар;

- карандаш менен жазылган же кырып өчүрүлгөн же болбосо кошуп жазылган, чийилген сөздөр, ошондой эле сүйлөшүлбөгөн оңдоолору бар документтер (каттоо документтеринин тексттери түшүнүктүү жана так, жарандардын аты-жөнү алардын жашаган жерин көрсөтүү менен толук, юридикалык жактардын аталышы кыскартуусуз, юридикалык даректерин так көрсөтүү менен жазылууга тийиш). Мыйзамдарда каралган учурлардан тышкары, каттоо иш-аракеттерин жүргүзүү үчүн берилген документтердин, ошондой эле каттоо бөлүмдөрү тарабынан берилүүчү каттоо жана башка документтердин көчүрмөлөрү (анын ичинен фотокөчүрмөлөр жана жарык көчүрмөлөрү) түп нускаларды алмаштыра албайт;

- ӨТМ, түзүлүштөр жана жабдуулар издөөдө турганда;

- Кыргыз Республикасынын техникалык жөнгө салуу мамлекеттик системасы тарабынан таанылган, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдердин талаптарына ылайык берилген жаңы ӨТМ, түзүлүштөр жана жабдуулар үчүн шайкештик сертификаты жок болгондо;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан тизмеги белгиленген каттоо документтери жок болгондо же жасалма (жалган) документтер берилгенде;

- Кыргыз Республикасынын транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ӨТМ, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо мүмкүндүгү жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин ӨТМ, түзүлүштөрдү жана жабдууларды жасоочу тарабынан коюлган номердик агрегаттардын маркалоосун жасалмалоонун, жашыруунун, өзгөртүүнүн жана (же) жок кылуунун натыйжасында ӨТМди идентификациялоо мүмкүн болбогондо;

Мурдагы колхоздордон үлүштүк мүчө төгүмү катары жарандарга берилген жана буга чейин катталбаган ӨТМ, түзүлүштөр жана жабдууларды каттоо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилүүчү менчик укугун далилдеген документтердин (маалымкаттардын) негизинде жүргүзүлөт.

Ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү тарабынан берилген ӨТМ, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо документтер ыйгарым укуктуу адамдын колу жана ушул бөлүмдүн мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.

Каттоо иш-аракеттерин жүргүзүүдө ӨТМ, түзүлүштөрдү жана жабдуулардын алардын каттоо документтерине жана менчик укугун күбөлөндүрүүчү башка документтерге шайкеш келүүсүнө карата сыртынан кароо жүргүзүлөт.

Берилген каттоо документтеринде, мамлекеттик каттоо белгилеринде жасалмалоо белгилери, жасап чыгаруучу уюмдар тарабынан ӨТМ, түзүлүштөргө жана жабдууларга коюлган маркалоонун өзгөрүшү же аны жок кылуу, агрегаттардын номерлери берилген каттоо документтерине дал келбестиги аныкталганда, ӨТМ, түзүлүштөр жана жабдуулар, номердик агрегаттар издөөдө экендиги же берилген документтер жоголгону жана уурдалганы жөнүндө маалыматтар болгондо - мындай каттоо документтери жана мамлекеттик каттоо белгилери «Унаа» ММдин аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан кармалат жана каттоо токтотулат, ошондой эле тийиштүү билдирүү Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чечим кабыл алуу үчүн ыкчам тартипте (бир иш күндүн ичинде) жиберилет.

ӨТМ, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо бажылык таризделген учурдан тартып он иш күндүн ичинде жүргүзүлөт.

Белгиленген мөөнөттөр бузулган учурда ӨТМ, түзүлүштөрдү жана жабдуулардын менчик ээси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык административдик жоопкерчилик тартат.

ӨТМ, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоонун мөөнөтүн бузуу аныкталганда каттоо иш-аракеттери менчик ээси тарабынан жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча органдын ыйгарым укуктуу кызматкери толтурган бузуу жөнүндө протокол жана айып пул төлөгөндүгү жөнүндө квитанция берилгенден кийин жүргүзүлөт.

ӨТМ, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлүшү мүмкүн:

- ӨТМ, түзүлүштөрдү жана жабдууларды кароодон өткөрүлгөндөн кийин соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин негизинде;

- лотереяларды ойнотууда, спорттук иш-чараларды жана түрдүү шоу-программаларды өткөрүүдө жарандар ӨТМ, түзүлүштөрдү жана жабдууларды утуп алган учурда - белгиленген формадагы эсеп-маалымкатынын жана каттоо документтеринин негизинде;

- финансы же мамлекеттик органдардан ээси жок, ошондой эле конфискацияланган катары кабыл алынган ээси жок ӨТМ, түзүлүштөрдү жана жабдууларды комиссиялык дүкөндөр аркылуу саткан учурда, ӨТМ, түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын документтери болгондо, ошондой эле документтери болбогондо эсеп-маалымкатынын арткы жагында "(документ көрсөтүлөт - соттун, салык кызматынын органдарынын, финансылык полициянын жана бажылык контролдоо органдарынын чечими) негизинде кабыл алынды жана сатылды" деген жазуу болууга тийиш, ал дүкөндүн (мекеменин) директорунун колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.

Белекке же мураска алынган ӨТМ, түзүлүштөр жана жабдуулар, эгерде белекке берүү келишиминде же мурастоо укугу жөнүндө күбөлүктө бир нече адамдар көрсөтүлсө, анда ал башка бардык менчик ээлеринин жазуу жүзүндөгү макулдугу менен алардын бирине кайра катталууга тийиш.

Жубайлардын биргелешкен арызынын жана нике жөнүндө күбөлүктүн негизинде ӨТМ, түзүлүштөрдү жана жабдууларды жубайлардын биринен экинчисине кайра каттоого уруксат берилет.

3. Кызмат көрсөтүүнүн наркы монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, укуктук тартипти коргоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин буйругу менен аныкталат.

4. Кызмат көрсөтүүнүн натыйжасы:

- транспорт каражатынын техникалык паспортун берүү;

- транспорт каражатынын паспортун берүү (транспорт каражатынын ээсинин каалоосу боюнча);

- транспорт каражаты үчүн мамлекеттик каттоо номердик белгисин берүү;

- транспорт каражаты үчүн энчилүү мамлекеттик каттоо номердик белгисин берүү.

2.2. ӨТМ, түзүлүштөрдү жана жабдууларды кайра каттоо үчүн ӨТМ, түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын ээлери төмөнкү документтерди тапшырат:

- идентификациялык жеке номери (жеке жак үчүн), идентификациялык салык номери (юридикалык жак үчүн);

- ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген форма боюнча арыз;

- 2004-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта) же идентификациялык карта - 2017-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта);

- чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн - жарактуу визасы бар паспорту же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган жана ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жашап турууга уруксат же калкты каттоо чөйрөсүндөгү (каттоо талону) же тышкы саясат чөйрөсүндөгү (аккредитациялык карточка) ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген каттоо документи, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде каралгандан башка учурларда;

- жүргүзүлгөн төлөм жөнүндө банктын көчүрмөсү менен квитанцияны, төлөм тапшырмасын же кыймылдуу мүлккө салыктын төлөнгөнүн ырастоочу башка документи. Төлөө төлөмдөрдү кабыл алуунун электрондук системалар аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн;

- мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн жана уюштуруу документтеринин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү (юридикалык жактар үчүн);

- ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилүүчү каттоо документтер;

- зарыл болгон учурда - мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу органдын уруксаты;

- башка документтер (ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга ӨТМ, түзүлүштөрдү жана жабдууларды бөлүү жөнүндө калкты социалдык коргоо органдары тарабынан берилген документтер, сотторунун белгиленген тартипте күчүнө кирген чечимдери; мүлктү мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык түзүлгөн келишимдер);

- кайра каттоо, атайын бланктык продукция жана мамлекеттик каттоо белгилери үчүн жыйымдардын жана төлөмдөрдүн квитанциялары;

- ӨТМ, түзүлүштөрдү жана жабдуулардын менчик ээсинин аты-жөнү өзгөргөн учурда документтердин тизмесине кошумча – нике тууралуу күбөлүк же аталган өзгөрүүлөргө байланыштуу жарандык абалдын актыларын каттоо органдары тарабынан менчик ээсине берилген башка документтер;

- юридикалык жак тарабынан ӨТМ, түзүлүштөр жана жабдуулар кайра катталган учурда, документтердин тизмесине кошумча – конкреттүү каттоо иш-аракеттер жөнүндө юридикалык жактын буйругунун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү (юридикалык жактар үчүн);

- түсү өзгөргөндө, документтердин тизмесине кошумча – түсүн өзгөрткөн техникалык тейлөө станциясынын маалымкаты;

- агрегаты алмаштырылган учурда документтердин тизмесине кошумча – агрегатты Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү жөнүндө ырастоочу документ же агрегатты жараксыздоо жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын маалымкаты.

ӨТМ, түзүлүштөрдү жана жабдуулардын менчик ээсинин арызы боюнча «Унаа» ММдин аймактык бөлүмдөрү тарабынан кайра жабдуунун натыйжасында бошогон кузовду, раманы жана номердик агрегатты сатууга маалымкат берилет.

- ӨТМ, түзүлүштөр жана жабдуулар кайра жабдылган учурда документтердин тизмесине кошумча – транспорт каражатынын конструкциясына киргизилген өзгөртүүлөрдүн жол кыймылынын коопсуздугу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген коопсуздук талаптарына шайкеш келгендиги жөнүндө күбөлүк, менчик формасына карабастан, сатуу укугу бар дүкөн же техникалык тейлөө станциясы тарабынан берилген жаңы орнотулган кузовго эсеп-маалымкаты же эсеп-фактурасы, нотариалдык тартипте же ыйгарым укуктуу органдын каттоо бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан күбөлөндүрүлгөн ӨТМ, түзүлүштөргө жана жабдууларга менчик укугун өзгөртүү жөнүндө келишимдер, юридикалык жактын кайра жабдуу жөнүндө тийиштүү буйругу берилет (юридикалык жактар үчүн);

- ӨТМ, түзүлүштөр жана жабдуулар кайра жабдылган, ошондой эле алардагы агрегаттар алмаштырылган жана түсү өзгөргөн учурда, алардын каттоо маалыматтарына өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн жогоруда аталган документтердин тизмесине кошумча – ыйгарым укуктуу орган тарабынан түзүлүүчү комиссия тарабынан берилген кароо актысынын жана ӨТМ, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо жана пайдалануу мүмкүндүгү жөнүндө корутунду берилет.

Өз алдынча кайра жабдылган жана агрегаттардын түйүндөрүнөн куралган техникалар, түзүлүштөр жана жабдуулар куралган моделдин базалык негизине шайкеш келүүгө тийиш.

Техникалык кароонун жыйынтыктары боюнча акт түзүлөт жана райондун мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен ыйгарым укуктуу орган түзгөн комиссия тарабынан ӨТМ, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо жана пайдалан мүмкүндүгү жөнүндө корутунду берилет.

- ӨТМ, түзүлүштөрдү жана жабдууларды фотофиксациялоо жана фотосүрөтүн электрондук маалыматтар базасына киргизилүүчү ӨТМ, түзүлүштөрдү жана жабдууларды кароо. ӨТМ, түзүлүштү жана жабдууну турган жери боюнча «Унаа» ММдин аймактык каттоо бөлүмдөрүнүн адистери түзүлгөн, «Унаа» ММдин аймактык каттоо бөлүмдөрүнүн жетекчисинин колу коюлган жана бөлүмдүн мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн аны кароодон өткөрүү актысын берүүгө жол берилет.

Кароонун жарактуулук мөөнөтү Кыргыз Республикасынын аймагында 10 иш күндү түзөт;

- түйүндөрдүн жана агрегаттардын номерленишинде каттоо документтери менен айырмачылыгы болгон ӨТМ, түзүлүштөргө жана жабдууларга берилген документтер боюнча каттоо иш-аракеттерин жүргүзүүгө корутунду чыгарат;

- ӨТМ, түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын мамлекеттик каттоо белгилери же "ТРАНЗИТ" мамлекеттик каттоо белгилери.

Чет өлкөлүк банктардын өкүлчүлүктөрүнүн жана республикада аккредитацияланган башка уюмдардын кызматкерлерине таандык ӨТМ, түзүлүштөрдү жана жабдууларды кайра каттоо үчүн тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органда катталган аккредитациялык карталар жана улуттук паспорттор берилет.

Кайра жабдылган ӨТМ, түзүлүштөрдү жана жабдууларды кайра каттоо – транспорт каражатынын конструкциясына киргизилген өзгөртүүлөрдүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдары белгиленген тартипте берилген коопсуздук талаптарына шайкеш келгендиги жөнүндө күбөлүктүн негизинде ишке ашырылат.

Коргоо иштери боюнча ыйгарым укуктуу органдары тарабынан ишке ашырылган ӨТМ, түзүлүштөрдү жана жабдууларды кайра каттоо төмөнкү документтердин негизинде жүргүзүлөт:

- мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу органдын уруксаты;

- тийиштүү мамлекеттик органдын жетекчисинин буйругу;

- герби менен күбөлөндүрүлгөн эсеп-наряд (форма-300);

- ведомствонун бөлүгүнүн командири тарабынан бекитилген техникалык абалынын акты.

«Унаа» ММдин аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери ӨТМ, түзүлүштү жана жабдууну кайра каттоодон мурда ӨТМ, түзүлүштү жана жабдууну кайра каттоого тиешеси бар адамдардын беттеринин графикалык сүрөтү боюнча идентификациялоону өткөрөт.

Жогоруда аталган документтер берилгенден кийин, зарыл болгондо, «Унаа» ММдин аймактык бөлүмдөрүнүн адистери тарабынан белгиленген формада сатып алуу-сатуу келишими үч нускада түзүлөт, тараптардын ар бирине бир нускадан жана «Унаа» ММдин аймактык бөлүмдөрү үчүн бир нуска.

Мында кыймылдуу мүлккө салык салыктык мезгилде бир жолу төлөнөт. Кыймылдуу мүлккө менчик укугун өткөрүп берүү салык төлөөчү салыктын суммасын төлөгөн шартта салыкты экинчи жолу төлөө үчүн негиз болуп саналбайт.

ӨТМ, түзүлүштөрдү жана жабдууларды кайра каттоо жүргүзүү үчүн менчик ээсинин өкүлү кайрылганда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн документтердин негизинде менчик ээсинин кызыкчылыктарын коргоого анын ыйгарым укуктары текшерилет.

Юридикалык жактын өкүлүнүн ыйгарым укуктары юридикалык жактын атынан анын жетекчисинин же уюштуруу документтери менен ыйгарым укук берилген башка адамдын колу жана ошол уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн ишеним кат менен ырасталат.

ӨТМ, түзүлүштөрдү жана жабдуулардын менчик ээси болуп сот тарабынан аракетке жөндөмсүз же аракети чектелген деп таанылган адам болсо, мындай адамдын атынан камкорчу же көзөмөлчү чыгат.

ӨТМ, түзүлүштөрдү жана жабдуулардын менчик ээлери болуп 14 жашка чыга элек жашы жетпеген адамдар саналган учурда кайра каттоо алардын атынан ата-энелери, асырап алуучулары же камкорчулары тарабынан гана жүргүзүлөт. Менчик ээлери болуп 14 жаштан 16 жашка чейинки жашы жетпеген адамдар саналган учурда кайра каттоо ата-энелеринин (асырап алуучулардын), камкорчуларынын (көзөмөлчүлөрдүн) же камкордук жана көзөмөлдүк органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда, жазуу жүзүндөгү макулдугу менен жашы жетпеген адамдын туулгандыгы жөнүндө күбөлүгүн (16 жаштан 18 жашка чейинки куракта, паспортун) көрсөтүү менен жүргүзүлөт.

«Унаа» ММдин аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери кайра каттоо ишине чейин жактын (арыз берүүчү, укук ээси, бүтүмдүн катышуучусу) идентификациялык маалыматтарын Террористтик же экстремисттик ишке жана массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышкандыгы жөнүндө маалыматтары бар жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын санкциялык тизмелеринен (Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмеси жана БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Жыйынды санкциялык тизмеси) бар же жок экендигин текшерүүгө милдеттүү.

Эгерде жак (арыз ээси, укук ээси, бүтүмдүн катышуучусу) Санкциялык тизмеге киргизилген болсо, ыйгарым укуктуу орган дароо жана бул адамга алдын ала билдирүүсүз ӨТМ, түзүлүштөрдү жана жабдууларды кайра каттоо жүргүзүүнү тоңдурууга милдеттүү.

Мында ыйгарым укуктуу орган убактылуу тоңдурулган учурдан тартып үч сааттын ичинде бул тууралуу финансылык чалгындоо органына билдирет.

ӨТМ, түзүлүштөрдү жана жабдууларды кайра каттоо жүргүзүү белгисиз мөөнөткө тоңдурулат жана жак (арыз берүүчү, менчик ээси, бүтүмдүн катышуучусу) Санкциялык тизмеден чыгарылганда улантылат.

ӨТМ, түзүлүштөргө жана жабдууларга карата кайра каттоо жүргүзүлбөйт:

- мүлккө карата камакка алуу же чектөө коюу жөнүндө чечим болгондо;

- нотариалдык тартипте күбөлөндүрүлбөгөн белекке берүү келишимдери боюнча берилгендер, ошондой эле ээликтен ажыратуу укугусуз ишеним кат боюнча колдонууга берилгендер;

- жогоруда аталган документтердин тизмеги толук эмес берилгенде;

- конструкциясына киргизилген өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасында колдонулган жол кыймылынын коопсуздугу бөлүгүндөгү эрежелердин, ченемдердин жана стандарттардын талаптарына же берилген документтерге шайкеш келбесе;

- запастык бөлүктөрдөн жана агрегаттардан куралгандар же жараксыздалгандардын ичинен кайра калыбына келтирилгендер;

- "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык аккредитацияланган диагностикалык борборлордо сертификаттоодон өтпөгөн, кайра жабдылган ӨТМ, түзүлүштөр жана жабдуулар;

- карандаш менен жазылган же кырып өчүрүлгөн же болбосо кошуп жазылган, чийилген сөздөр, ошондой эле сүйлөшүлбөгөн оңдоолору бар документтер (каттоо документтеринин тексттери түшүнүктүү жана так, жарандардын аты-жөнү алардын жашаган жерин көрсөтүү менен толук, юридикалык жактардын аталышы кыскартуусуз, юридикалык даректерин так көрсөтүү менен жазылууга тийиш). Мыйзамдарда каралган учурлардан тышкары, каттоо иш-аракеттерин жүргүзүү үчүн берилген документтердин, ошондой эле каттоо бөлүмдөрү тарабынан берилүүчү каттоо жана башка документтердин көчүрмөлөрү (анын ичинен фотокөчүрмөлөр жана жарык көчүрмөлөрү) түп нускаларды алмаштыра албайт;

- жарандардын жана уюмдардын арызы боюнча айрым учурларда ыйгарым укуктуу органдын, жол кыймылынын коопсуздугу боюнча ыйгарым укуктуу органдын өкүлдөрүнөн турган ведомстволор аралык комиссия карап чыгып, мурда жараксыздалган ӨТМ, түзүлүштөрдү жана жабдууларды транспорт каражаттарын каттоо боюнча корутунду чыгара алат;

- Кыргыз Республикасынын аймагында катталган, "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесине ылайык милдеттүү техникалык кароодон өз убагында өтпөгөн ӨТМ, түзүлүштөрдү жана жабдууларды кайра каттоого берүүдө;

- ӨТМ, түзүлүштөр жана жабдуулар издөөдө турганда;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан тизмеги белгиленген каттоо документтери жок болгондо же жасалма (жалган) документтер берилгенде;

- Кыргыз Республикасынын транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан транспорт каражатын каттоо (кайра каттоо) мүмкүндүгү жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин транспорт каражатын жасоочу тарабынан коюлган номердик агрегаттардын маркалоосун жасалмалоонун, жашыруунун, өзгөртүүнүн жана (же) жок кылуунун натыйжасында ӨТМ, түзүлүштү жана жабдууну идентификациялоо мүмкүн болбогондо;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен каттоо документтеринде көрсөтүлгөн ӨТМ, түзүлүштүн жана жабдуунун маркалоосунун идентификациялык белгиси бар конструкциясынын түзүмдүк бөлүгүн алмаштырууда.

Ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрү тарабынан берилген ӨТМ, түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын каттоо документтери ыйгарым укуктуу адамдын колу жана ошол уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.

Фото жана кино тартуу, видео жазуу функциясы бар, автоматтык режимде иштеген сертификатталган атайын контролдоо-өлчөөчү техникалык каражаттарды колдонуу менен фиксацияланган бузуулар үчүн транспорт каражатынын ээсинин туум жана айып боюнча карыздары жөнүндөгү маалыматтар автоматташтырылган маалыматтык системасында болгондо, ӨТМ, түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын ээси ӨТМ, түзүлүштөрдү жана жабдууларды кайра каттоонун алдында бузуулар үчүн туум жана айып төлөөсү зарыл.

Кайра каттоо иш-аракеттерин жүргүзүүдө ӨТМ, түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын алардын каттоо документтерине жана менчик укугун күбөлөндүрүүчү башка документтерге шайкеш келүүсүнө карата сыртынан кароо жүргүзүлөт.

Берилген каттоо документтеринде, мамлекеттик каттоо белгилеринде жасалмалоо белгилери, жасап чыгаруучу уюмдар тарабынан ӨТМ, түзүлүштөргө жана жабдууларга коюлган маркалоонун өзгөрүшү же аны жок кылуу, агрегаттардын номерлери берилген каттоо документтерине дал келбестиги аныкталганда, ӨТМ, түзүлүштөр жана жабдуулар, номердик агрегаттар издөөдө экендиги же берилген документтер жоголгону жана уурдалганы жөнүндө маалыматтар болгондо - мындай каттоо документтери жана мамлекеттик каттоо белгилери «Унаа» ММдин аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан кармалат жана кайра каттоо токтотулат, ошондой эле тийиштүү билдирүү Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чечим кабыл алуу үчүн ыкчам тартипте (бир иш күндүн ичинде) жиберилет.

ӨТМ, түзүлүштөрдү жана жабдууларды кайра каттоо алар сатып алынган же кайра каттоону талап кылган башка жагдайлар пайда болгон учурдан тартып он иш күндүн ичинде жүргүзүлөт.

Белгиленген мөөнөттөр бузулган учурда ӨТМ, түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын ээси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

ӨТМ, түзүлүштөрдү жана жабдууларды кайра каттоонун мөөнөтүн бузуу аныкталганда каттоо иш-аракеттери менчик ээси тарабынан жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча органдын ыйгарым укуктуу кызматкери толтурган бузуу жөнүндө протокол жана айып пул төлөгөндүгү жөнүндө квитанция берилгенден кийин жүргүзүлөт.

ӨТМ, түзүлүштөрдү жана жабдууларды кайра каттоо төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлүшү мүмкүн:

- ӨТМ, түзүлүштөрдү жана жабдууларды кароодон өткөрүлгөндөн кийин соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин негизинде;

- лотереяларды ойнотууда, спорттук иш-чараларды жана түрдүү шоу-программаларды өткөрүүдө жарандар ӨТМ, түзүлүштөрдү жана жабдууларды утуп алган учурда - белгиленген формадагы эсеп-маалымкатынын жана каттоо документтеринин негизинде;

- финансы же мамлекеттик органдардан ээси жок, ошондой эле конфискацияланган катары кабыл алынган ээси жок ӨТМ, түзүлүштөрдү жана жабдууларды комиссиялык дүкөндөр аркылуу саткан учурда, ӨТМ, түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын документтери болгондо, ошондой эле документтери болбогондо эсеп-маалымкатынын арткы жагында "(документ көрсөтүлөт - соттун, салык кызматынын органдарынын, финансылык полициянын жана бажылык контролдоо органдарынын чечими) негизинде кабыл алынды жана сатылды" деген жазуу болууга тийиш, ал дүкөндүн (мекеменин) директорунун колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.

Кыргыз Республикасында катталган жана соттун чечими менен конфискацияланган ӨТМ, түзүлүштөрдү жана жабдууларды кайра каттоо соттун күчүнө кирген чечиминин негизинде жаңы менчик ээлерине жүргүзүлүшү мүмкүн.

Белекке же мураска алынган ӨТМ, түзүлүштөр жана жабдуулар, эгерде белекке берүү келишиминде же мурастоо укугу жөнүндө күбөлүктө бир нече адамдар көрсөтүлсө, анда ал башка бардык менчик ээлеринин жазуу жүзүндөгү макулдугу менен алардын бирине кайра катталууга тийиш.

Жубайлардын биргелешкен арызынын жана нике жөнүндө күбөлүктүн негизинде ӨТМ, түзүлүштөрдү жана жабдууларды жубайлардын биринен экинчисине кайра каттоого уруксат берилет.

3. Кызмат көрсөтүүнүн наркы монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, укуктук тартипти коргоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин буйругу менен аныкталат.

4. Кызмат көрсөтүүнүн натыйжасы:

-  транспорт каражатынын, түзүлүштүн жана жабдуунун техникалык паспортун берүү;

- транспорт каражатынын паспортун берүү (транспорт каражатынын ээсинин каалоосу боюнча);

- транспорт каражаты үчүн мамлекеттик каттоо номердик белгисин берүү;

- транспорт каражаты үчүн энчилүү мамлекеттик каттоо номердик белгисин берүү;

- транспорт каражаты үчүн "ТРАНЗИТ" мамлекеттик каттоо белгисин берүү.

2.3. Мамлекеттин чегинен чыккан учурда ӨТМ, түзүлүштөрдү жана жабдууларды эсептен чыгаруу үчүн ӨТМ, түзүлүштөрдү жана жабдуулардын менчик ээлери төмөнкү документтерди тапшырат:

- идентификациялык жеке номери (жеке жак үчүн), идентификациялык салык номери (юридикалык жак үчүн);

- ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген форма боюнча арыз;

- 2004-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта) же идентификациялык карта - 2017-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта);

- чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн - жарактуу визасы бар паспорту же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган жана ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жашап турууга уруксат же калкты каттоо чөйрөсүндөгү (каттоо талону) же тышкы саясат чөйрөсүндөгү (аккредитациялык карточка) ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген каттоо документи, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде каралгандан башка учурларда;

- жүргүзүлгөн төлөм жөнүндө банктын көчүрмөсү менен квитанцияны, төлөм тапшырмасын же кыймылдуу мүлккө салыктын төлөнгөнүн ырастоочу башка документи;

- мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн жана уюштуруу документтеринин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү (юридикалык жактар үчүн);

- ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилүүчү каттоо документтер;

- эсептен чыгаруу жана мамлекеттик каттоо белгилери үчүн жыйымдардын жана төлөмдөрдүн квитанциялары;

- арыз ээси түздөн-түз кайрылганда ӨТМ, түзүлүштөрдү жана жабдууларды фотофиксациялоо жана фотосүрөтүн киргизүү менен электрондук маалыматтар базасына киргизилүүчү ӨТМ, түзүлүштөрдү жана жабдууларды сыртынан кароо. ӨТМ, түзүлүштөрдү жана жабдууларды көрсөтүүгө тоскоолдук жараткан жагдайлар болгон учурда, ӨТМ, түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын турган жери боюнча «Унаа» ММдин аймактык каттоо бөлүмдөрүнүн адистери түзүлгөн, «Унаа» ММдин аймактык каттоо бөлүмдөрүнүн жетекчисинин колу коюлган жана бөлүмдүн мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн аны кароодон өткөрүү актысын берүүгө жол берилет.

Кароонун жарактуулук мөөнөтү Кыргыз Республикасынын чегинен чыккан учурда 20 иш күндү түзөт.

«Унаа» ММдин аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери ӨТМ, түзүлүштөрдү жана жабдууларды эсептен чыгаруудан мурда ӨТМ, түзүлүштөрдү жана жабдууларды эсептен чыгарууга тиешеси бар адамдардын беттеринин графикалык сүрөтү боюнча идентификациялоону өткөрөт.

Эгерде юридикалык же жеке жактарга таандык ӨТМ, түзүлүштөр жана жабдуулар региону өзгөрүү менен менчик укугун өзгөртүү үчүн берилсе, каттоо жөнүндө күбөлүктөргө эсептен чыгаруу жөнүндө каттоо бөлүмчөсүнүн белгилери коюлат. Мында мамлекеттик каттоо белгилери тапшырылат, анын ордуна "Транзит" белгиси берилет.

ӨТМ, түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын менчик ээлеринин жашаган жери боюнча (юридикалык жактын жайгашуусу) жана сатып алуучунун катышуусу менен аларды эсептен чыгаруу менчик ээси (юридикалык жактар үчүн - ыйгарым укуктуу өкүл), сатып алуучу (юридикалык жактар үчүн - ыйгарым укуктуу өкүл) жана ыйгарым укуктуу органдын кызматкери тарабынан түзүлгөн жана кол коюлган сатып алуу-сатуу, белекке берүү же алмаштыруу келишимдеринин негизинде жүргүзүлөт. Каттоо жөнүндө күбөлүккө жаңы менчик ээсинин маалыматтарын (аты-жөнүн, паспортунун маалыматтарын, дарегин (жашаган жерин); юридикалык жактын аталышын, анын дарегин) көрсөтүү менен ӨТМ, түзүлүштү же жабдууну эсептен чыгаруу жөнүндө жазуу киргизилет.

Менчигинин түрүнө карабастан ишканаларга сатылган юридикалык жактардын ӨТМ, түзүлүштөрдү жана жабдууларды эсептен чыгаруу ӨТМ, түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын мурунку жана жаңы менчик ээлеринин ортосунда түзүлгөн сатып алуу-сатуу, белекке берүү же алмаштыруу келишиминин негизинде, каттоо документтерине чыккан жери жана жаңы менчик ээси жөнүндө жазуу киргизүү менен жүргүзүлөт, ал эми мамлекеттик органдардын ӨТМ, түзүлүштөр жана жабдуулар үчүн мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык башкармалыктары тарабынан сатып алуу-сатуу келишими ырасталган учурда жүргүзүлөт.

Нотариалдык тартипте күбөлөндүрүлгөн белекке берүү келишиминин, мурастоо укугу жөнүндө күбөлүктүн же соттун чечиминин негизинде менчик ээсинин өзгөрүшүнө, ошондой эле сатууга (берүүгө) байланыштуу чыгып жаткан ӨТМ, түзүлүштөрдү жана жабдууларды эсептен чыгарууда каттоо жөнүндө күбөлүктө чыккан жери, жаңы менчик ээсинин аты-жөнү көрсөтүлөт.

Фото жана кино тартуу, видео жазуу функциясы бар, автоматтык режимде иштеген сертификатталган атайын контролдоо-өлчөөчү техникалык каражаттарды колдонуу менен фиксацияланган бузуулар үчүн ӨТМ, түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын ээсинин туум жана айып боюнча карыздары жөнүндөгү маалыматтар автоматташтырылган маалыматтык системасында болгондо, ӨТМ, түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын ээси ӨТМ, түзүлүштөрдү жана жабдууларды эсептен чыгаруунун алдында бузуулар үчүн туум жана айып төлөөсү зарыл.

Эсептен чыгарууда ӨТМ, түзүлүштөрдү жана жабдуулардын анын каттоо документтерине жана менчик укугун күбөлөндүрүүчү башка документтерге шайкеш келүүсүнө карата сыртынан кароо жүргүзүлөт.

Берилген каттоо документтеринде, мамлекеттик каттоо белгилеринде жасалмалоо белгилери, жасап чыгаруучу уюмдар тарабынан ӨТМ, түзүлүштөргө жана жабдууларга коюлган маркалоонун өзгөрүшү же аны жок кылуу, агрегаттардын номерлери берилген каттоо документтерине дал келбестиги аныкталганда, ӨТМ, түзүлүштөр жана жабдуулар, номердик агрегаттар издөөдө экендиги же берилген документтер жоголгону жана уурдалганы жөнүндө маалыматтар болгондо - мындай каттоо документтери жана мамлекеттик каттоо белгилери «Унаа» ММдин аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан кармалат жана кайра каттоо токтотулат, ошондой эле тийиштүү билдирүү Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чечим кабыл алуу үчүн ыкчам тартипте (бир иш күндүн ичинде) жиберилет.

«Унаа» ММдин аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери эсептен чыгарууга чейин жактын (арыз берүүчү, укук ээси, бүтүмдүн катышуучусу) идентификациялык маалыматтарын Террористтик же экстремисттик ишке жана массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышкандыгы жөнүндө маалыматтары бар жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын санкциялык тизмелеринен (Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмеси жана БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Жыйынды санкциялык тизмеси) бар же жок экендигин текшерүүгө милдеттүү.

Эгерде жак (арыз ээси, укук ээси, бүтүмдүн катышуучусу) Санкциялык тизмеге киргизилген болсо, ыйгарым укуктуу орган дароо жана бул адамга алдын ала билдирүүсүз ӨТМ, түзүлүштөрдү жана жабдууларды эсептен чыгарууну тоңдурууга милдеттүү.

Мында ыйгарым укуктуу орган убактылуу тоңдурулган учурдан тартып үч сааттын ичинде бул тууралуу финансылык чалгындоо органына билдирет.

ӨТМ, түзүлүштөрдү жана жабдууларды эсептен чыгаруу белгисиз мөөнөткө тоңдурулат жана жак (арыз берүүчү, менчик ээси, бүтүмдүн катышуучусу) Санкциялык тизмеден чыгарылганда улантылат.

3. Кызмат көрсөтүүнүн наркы монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, укуктук тартипти коргоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин буйругу менен аныкталат.

4. Кызмат көрсөтүүнүн натыйжасы:

-  транспорт каражатынын техникалык паспортун берүү;

- транспорт каражатынын паспортун берүү (транспорт каражатынын ээсинин каалоосу боюнча);

- "ТРАНЗИТ" мамлекеттик каттоо белгисин берүү.

Кызмат көрсөтүүнүн наркы акы төлөнүүчү болуп саналат жана монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен аныкталат.

2.4. Утилдештирүү (мындан ары – жараксыздыкка чыгаруу) учурунда ӨТМ, түзүлүштөрдү жана жабдууларды эсептен чыгаруу үчүн ӨТМ, түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын менчик ээлери төмөнкү документтерди тапшырат:

- идентификациялык жеке номери (жеке жак үчүн), идентификациялык салык номери (юридикалык жак үчүн);

- ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген форма боюнча арыз;

- 2004-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта) же идентификациялык карта - 2017-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта);

- чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн - жарактуу визасы бар паспорту же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган жана ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жашап турууга уруксат же калкты каттоо чөйрөсүндөгү (каттоо талону) же тышкы саясат чөйрөсүндөгү (аккредитациялык карточка) ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген каттоо документи, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде каралгандан башка учурларда;

- жүргүзүлгөн төлөм жөнүндө банктын көчүрмөсү менен квитанцияны, төлөм тапшырмасын же кыймылдуу мүлккө салыктын төлөнгөнүн ырастоочу башка документи. Төлөө төлөмдөрдү кабыл алуунун электрондук системалар аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн;

- мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн жана уюштуруу документтеринин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү (юридикалык жактар үчүн);

- ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилүүчү каттоо документтер;

- жараксыздыкка чыгаруу үчүн жыйымдардын жана төлөмдөрдүн квитанциялары.

«Унаа» ММдин аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери ӨТМ, түзүлүштөрдү жана жабдууларды жараксыздыкка чыгаруудан мурда ӨТМ, түзүлүштөрдү жана жабдууларды жараксыздыкка чыгарууга тиешеси бар адамдардын беттеринин графикалык сүрөтү боюнча идентификациялоону өткөрөт.

Жараксыз ӨТМ, түзүлүштөр жана жабдуулар менчик ээсинин же нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним каттары бар ыйгарым укуктуу адамдардын арыздары боюнча эсептен чыгарылат, мында ӨТМ, түзүлүштөр жана жабдуулар кароодон өткөрүлбөйт.

ӨТМ, түзүлүштөр жана жабдууларды жараксыздыгы боюнча эсептен чыгарууда менчик ээсинен каттоо документтери, мамлекеттик каттоо белгилери алынат. Каттоо документтери кезектүүлүккө ылайык өзүнчө делого тиркелет. Мында юридикалык жактар тиешелүү буйрукту, мамлекеттик мекемелер үчүн ӨТМ, түзүлүштөрдү жана жабдууларды эсептен чыгаруу актысын, мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу органдын уруксатын беришет. Жараксыз ӨТМ, түзүлүштөр жана жабдуулардын менчик ээлерине номердик түйүндөргө жана агрегаттарга аларды сатуу же андан ары колдонуу үчүн белгиленген формадагы маалымкаттар берилет.

Фото жана кино тартуу, видео жазуу функциясы бар, автоматтык режимде иштеген сертификатталган атайын контролдоо-өлчөөчү техникалык каражаттарды колдонуу менен фиксацияланган бузуулар үчүн ӨТМ, түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын ээсинин туум жана айып боюнча карыздары жөнүндөгү маалыматтар автоматташтырылган маалыматтык системасында болгондо, ӨТМ, түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын ээси ӨТМ, түзүлүштөрдү жана жабдууларды жараксыздыкка чыгаруунун алдында бузуулар үчүн туум жана айып төлөөсү зарыл.

Берилген каттоо документтеринде, мамлекеттик каттоо белгилеринде жасалмалоо белгилери, жасап чыгаруучу уюмдар тарабынан ӨТМ, түзүлүштөргө жана жабдууларга коюлган маркалоонун өзгөрүшү же аны жок кылуу, агрегаттардын номерлери берилген каттоо документтерине дал келбестиги аныкталганда, ӨТМ, түзүлүштөр жана жабдуулар, номердик агрегаттар издөөдө экендиги же берилген документтер жоголгону жана уурдалганы жөнүндө маалыматтар болгондо - мындай каттоо документтери жана мамлекеттик каттоо белгилери «Унаа» ММдин аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан кармалат жана жараксыздыкка чыгаруу токтотулат, ошондой эле тийиштүү билдирүү Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чечим кабыл алуу үчүн ыкчам тартипте (бир иш күндүн ичинде) жиберилет.

«Унаа» ММдин аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери эсептен чыгарууга чейин жактын (арыз берүүчү, укук ээси, бүтүмдүн катышуучусу) идентификациялык маалыматтарын Террористтик же экстремисттик ишке жана массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышкандыгы жөнүндө маалыматтары бар жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын санкциялык тизмелеринен (Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмеси жана БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Жыйынды санкциялык тизмеси) бар же жок экендигин текшерүүгө милдеттүү.

Эгерде жак (арыз ээси, укук ээси, бүтүмдүн катышуучусу) Санкциялык тизмеге киргизилген болсо, ыйгарым укуктуу орган дароо жана бул адамга алдын ала билдирүүсүз ӨТМ, түзүлүштөрдү жана жабдууларды жараксыздыкка чыгарууну тоңдурууга милдеттүү.

Мында ыйгарым укуктуу орган убактылуу тоңдурулган учурдан тартып үч сааттын ичинде бул тууралуу финансылык чалгындоо органына билдирет.

ӨТМ, түзүлүштөрдү жана жабдууларды жараксыздыкка чыгаруу белгисиз мөөнөткө тоңдурулат жана жак (арыз берүүчү, менчик ээси, бүтүмдүн катышуучусу) Санкциялык тизмеден чыгарылганда улантылат.

3. Кызмат көрсөтүүнүн наркы монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, укуктук тартипти коргоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин буйругу менен аныкталат.

4. Кызмат көрсөтүүнүн натыйжасы:

- номердик түйүндөргө жана агрегаттарга маалымкат берүү.

5. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү үчүн негиз болгон ченемдик укуктук актылар:

- ЕЭКК Коллегиясынын 2014-жылдын 15-августундагы «Транспорт каражатынын паспортунун (транспорт каражатынын шассисинин паспортунун) жана өзү жүрүүчү машинанын жана техниканын башка түрлөрүнүн паспортунун бирдиктүү формаларын киргизүү жана электрондук паспорттордун системасын уюштуруу жөнүндө» макулдашуусу;

- Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси;

- «Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 «Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө» токтому;

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 345 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин «Унаа» мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо.

 

1-таблица

2. Кызмат көрсөтүү процессинде аткарылуучу жол-жоболордун тизмеги

Жол-жобонун аталышы

Эскертүү

1.

Документтерди текшерүү жана ӨТМ, түзүлүштөрдү жана жабдууларды кароо

 

2.

ӨТМ, түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын ээсинен же анын атынан ишеним берилген адамдан документтерди кабыл алуу жана электрондук маалыматтык базага киргизүү менен документтерди жол-жоболоштуруу, электрондук паспортту жол-жоболоштуруу

 

3.

ӨТМ, түзүлүштөрдү жана жабдуулардын укук күбөлөндүрүүчү документтерин, мамлекеттик каттоо белгилерин берүү

 

4.

Мамлекеттин чегинен тышкары кетүү менен ӨТМ, түзүлүштөрдү жана жабдууларды эсептен чыгаруу же жок кылуу (утилдештирүү)

 

 

3. Жол-жобосунун өз ара байланышынын блок-схемасы

Фронт-офис

 

 

 

 

 

 

 

1

 

 

 

 

2

 

 

 

3

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бэк-офис

 

 

 

 

 

 

 

баш тартуу

 

 

                                 

 

 2-таблица

4. Жол-жобону сүрөттөө жана анын мүнөздөмөсү

Жол-жобонун жана иш-аракеттердин аталышы

Аткаруучу, кызмат адамы

Иш-аракеттердин узактыгы

Иш-аракеттердин жыйынтыгы

Иш-аракетти жөнгө салган документ

1

2

3

4

5

1-жол-жобо. ӨТМ, түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын ээсинен же анын атынан ишеним берилген адамдан документтерди кабыл алуу

1.1. Арыз берген адамдын ал көрсөткөн паспортуна ылайык келүүсүн текшерүү, көрсөтүлгөн документтердин белгиленген талаптарга ылайык келүүсүн текшерүү

Адис

3 мүнөт

Документтердин ылайык келүүсүн аныктоо

- ЕЭКК Коллегиясынын 2014-жылдын 15-августундагы «Транспорт каражатынын паспортунун (транспорт каражатынын шассисинин паспортунун) жана өзү жүрүүчү машинанын жана техниканын башка түрлөрүнүн паспортунун бирдиктүү формаларын киргизүү жана электрондук паспорттордун системасын уюштуруу жөнүндө» макулдашуусу;

- Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси;

- «Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 «Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө» токтому;

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 345 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин «Унаа» мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо.

1.2. Арыз берүү үчүн өкүлдүн ыйгарым укуктарынын мыйзамдуулугун текшерүү

Адис

1 мүнөт

Өкүлдүн ыйгарым укуктарынын мыйзамдуулугун текшерүү

1.3. Зарыл документтер жок болгондо же алар мыйзамдардын талаптарына ылайык келбеген фактылар табылганда, ошондой эле көрсөтүлгөн ӨТМ, түзүлүштөргө жана жабдууларга ылайык келбеген учурларда жүйөөлүү түрдө ӨТМ, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоодон жана кайра каттоодон баш тартылат.

Адис

3 мүнөт

Баш тартуу

1.4. Эгерде тапшырылган документтер белгиленген талаптарга ылайык келсе, ӨТМ, түзүлүштөр жана жабдуулар адистердин кароосуна жөнөтүлөт

Адис

3 мүнөт

Кароого уруксат берүү

1.5. Кароодо техниканын кузовунун номеринин, түрүнүн моделинин тапшырылган документтерге ылайык келүүсү текшерилет.

Адис

10 мүнөт

Ылайык келүүсүн текшерүү

1.6. Тапшырылган документтер техникага ылайык келсе, кароо акты берилет жана жол-жоболоштуруу үчүн адиске жөнөтүлөт. Ошондой эле Ошондой эле ӨТМ, түзүлүштөрдү жана жабдуулардын фотосүрөтүн электрондук маалыматтар базасына киргизүү менен фотофиксациялоо жүргүзүлөт.

Адис

5 мүнөт

Кароо актын берүү

1.7. Тапшырылган документтерде жана көрсөтүлгөн техникада карама-каршылыктар болсо, сот-техникалык экспертизага же укук-коргоо органдарына жөнөтүлөт

Адис

5 мүнөт

Баш тартуунун же маалыматтын себебин көрсөтүү менен укук-коргоо органдарына жөнөтүүнү жол-жоболоштуруу

Жол-жобонун натыйжасы: 1) Фотофиксациялоо менен сыртынан кароо; 2) Кароодон баш тартуу

Жол-жобонун узактыгы: 30 мүнөттөн ашык эмес, ӨТМ, түзүлүштү жана жабдууну турган жерге баруу менен кароодо убакыт чектелген эмес

Жол-жобонун түрү: административдик жол-жобо

Кийинки жол-жобонун номери: № 2

2-жол-жобо. ӨТМ, түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын ээсинен же анын атынан ишеним берилген адамдан документтерди кабыл алуу жана документтерди жол-жоболоштуруу

2.1. Кароодон кийин, тапшырылган документтер ӨТМ, түзүлүштөргө жана жабдууларга ылайык келген учурда, адис ээсинин же расмий өкүлүнүн атынан белгиленген формадагы арызды басып чыгарат жана муну менен бирге маалыматтарды электрондук базага киргизет, транспорт каражатынын электрондук паспортун жол-жоболоштурат

Адис

5 мүнөт

Арыздын бар болушу

- ЕЭКК Коллегиясынын 2014-жылдын 15-августундагы «Транспорт каражатынын паспортунун (транспорт каражатынын шассисинин паспортунун) жана өзү жүрүүчү машинанын жана техниканын башка түрлөрүнүн паспортунун бирдиктүү формаларын киргизүү жана электрондук паспорттордун системасын уюштуруу жөнүндө» макулдашуусу;

- Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси;

- «Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 «Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө» токтому;

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 345 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин «Унаа» мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо.

2.2. Электрондук маалыматтык база, ӨТМ, түзүлүштөрдү жана жабдууларды эсепке алуу жана айып пулдардардын журналы боюнча чектөөлөрдүн бар болушу текшерилет

Адис

5 мүнөт

Чектөөлөрдүн бар болушун аныктоо

2.3. Зарыл болгондо, ӨТМ, түзүлүштөрдү жана жабдууларды сатуу-сатып алуу келишимди басып чыгаруу жана жол-жоболоштуруу

Адис

5 мүнөт

Сатуу-сатып алуу келишимдин бар болушу

2.4. Зарыл болгондо, ыйгарылган мамлекеттик каттоо белгисин аныктоо менен, техниканын техникалык паспортун жекелештирүү

Адис

5 мүнөт

Укукту күбөлөндүрүүчү документтердин, мамлекеттик каттоо белгисинин бар болушу

Жол-жобонун натыйжасы: 1) Арызды жана документтерди кабыл алуу; 2) Зарыл болгондо Транспорт каражатын сатуу-сатып алуу келишимди жол-жоболоштуруу

Жол-жобонун узактыгы: 20 мүнөттөн ашык эмес

Ушул жол-жобонун түрү: административдик жол-жобо.

Кийинки жол-жобонун номери: № 3

3-жол-жобо. ӨТМ, түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын укукту күбөлөндүрүүчү документтерин жана мамлекеттик каттоо белгилерин берүү

3.1. ӨТМ, түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын укукту күбөлөндүрүүчү документтерин берүү

Адис

5 мүнөт

Укукту күбөлөндүрүүчү документтердин бар болушу

- ЕЭКК Коллегиясынын 2014-жылдын 15-августундагы «Транспорт каражатынын паспортунун (транспорт каражатынын шассисинин паспортунун) жана өзү жүрүүчү машинанын жана техниканын башка түрлөрүнүн паспортунун бирдиктүү формаларын киргизүү жана электрондук паспорттордун системасын уюштуруу жөнүндө» макулдашуусу;

- Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси;

- «Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 «Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө» токтому;

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 345 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин «Унаа» мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо.

3.2 ӨТМ, түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын мамлекеттик каттоо белгилерин берүү

Адис

5 мүнөт

Мамлекеттик каттоо белгисинин бар болушу

Жол-жобонун натыйжасы: Техникалык паспортту, мамлекеттик каттоо белгисин берүү

Жол-жобонун узактыгы: 10 мүнөттөн ашык эмес

Ушул жол-жобонун түрү: административдик жол-жобо.

Кийинки жол-жобонун номери: № 4

4-жол-жобо. ӨТМ, түзүлүштөрдү жана жабдууларды эсептен чыгаруу (мамлекеттин чегинен чыгуу менен, утилдештирүү (жараксыздыкка чыгаруу)

4.1. Ммамлекеттин чегинен чыгуу менен ӨТМ, түзүлүштөрдү жана жабдууларды эсептен чыгарууда ӨТМ, түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын ээлери тийиштүү документтерди тапшырышат

Адис

5 мүнөт

Арыздын бар болушу

- ЕЭКК Коллегиясынын 2014-жылдын 15-августундагы «Транспорт каражатынын паспортунун (транспорт каражатынын шассисинин паспортунун) жана өзү жүрүүчү машинанын жана техниканын башка түрлөрүнүн паспортунун бирдиктүү формаларын киргизүү жана электрондук паспорттордун системасын уюштуруу жөнүндө» макулдашуусу;

- Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси;

- «Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 «Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө» токтому;

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 345 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин «Унаа» мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо.

4.2 Документтер белгиленген талаптарга ылайык келгенде, маалыматтык базага өзгөртүүлөр киргизилип, кетүү өлкөнү жана ээсин көрсөтүү менен техникалык паспортто «өзгөчө белгилер» бөлүмүнө эсептен чыгаруу жөнүндө белги коюлат

Адис

15 мүнөт

ӨТМ, түзүлүштүн жана жабдуунун техникалык паспортунда «өзгөчө белгилер» бөлүмүндө кетүү өлкө жана ээси көрсөтүлөт

4.3. Мамлекеттик каттоо белгиси алынат жана “ТРАНЗИТ” каттоо белгиси берилет.

Адис

5 мүнөт

ӨТМ, түзүлүштүн жана жабдуунун транзиттик номерин берүү

4.4. ӨТМ, түзүлүштөрдү жана жабдууларды эсептен чыгарууда (утилдештирүүдө) ээлери тийиштүү документтерди тапшырат

Адис

5 мүнөт

Арыздын бар болушу

4.5. Документтер белгиленген талаптарга ылайык келгенде, ӨТМ, түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын техникалык паспорту, ӨТМдин каттоо белгиси алынып, номердик түйүндөрдү жана агрегаттарды сатуу же колдонуу укугуна маалымкаттар берилет

Адис

15 мүнөт

Маалыматтык базага өзгөртүүлөрдү киргизүү жана маалымкаттарды берүү

Жол-жобонун натыйжасы: ӨТМ, түзүлүштөрдү жана жабдууларды эсептен чыгаруу, укукту күбөлөндүрүүчү документтерди, транзиттик номерлерди берүү, жараксыздыкка чыгаруу, маалымкаттарды берүү.

Жол-жобонун узактыгы: 45 мүнөт

Ушул жол-жобонун түрү: административдик жол-жобо.

 

5. Жол-жобону аткаруу схемасы (алгоритм)


6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын контролдоо

6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышына ички (күндөлүк) жана тышкы контролдоо жүргүзүлөт.

1) Ички контролдоону Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин «Унаа» мамлекеттик мекемесинин буйругу менен түзүлгөн комиссия жүргүзөт.

2) Ички контролдоо кызмат адамдары жана кызматкер тарабынан административдик регламенттин жоболорун, ошондой эле кызмат көрсөтүү процессинде кабыл алынган чечимдердин сакталышын жана аткарылышын үзгүлтүксүз текшерүүлөрдү жүргүзүү жолу аркылуу жүзөгө ашырылат.

3) Текшерүү жыл сайын жүргүзүлөт.

Пландан тышкаркы текшерүүлөр кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн арызы боюнча жүргүзүлөт.

4) Текшерүү жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламентинин талаптарын бузгандыгы аныкталган учурда, аларды жоюу боюнча чаралар көрүлөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күнөөлүү адамдардын жоопкерчилиги жөнүндө маселе каралат.

7. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн тышкы контроль Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин чечими менен түзүлгөн комиссия тарабынан жүргүзүлөт.

1) Комиссиянын ишинин жыйынтыктары маалымкат түрүндө таризделет, бул маалымкатка административдик регламентти өзгөртүү боюнча сунуштар киргизилиши мүмкүн.

2) Маалымкатка кол коюлгандан тартып 3 жумуш күндүн ичинде ал ошол кызматты көрсөткөн мекемеге жиберилет.

Маалымкат түшкөн күндөн тартып бир айлык мөөнөттө аныкталган бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча чаралар, ушул бузууларга жол берген кызмат адамдарына жана кызматкерлерге карата тартиптик жаза чаралары көрүлүүгө тийиш.

Ошондой эле, зарыл болгондо, белгиленген тартипте административдик регламентке өзгөрүүлөрдү киргизүү демилгеленет.

3) Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын тышкы контролдоо эки жылда бир жолудан кем эмес жүргүзүлүп турат.


7. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги

8. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн «Унаа» ММдин кызмат адамдары жана кызматкерлери Кыргыз Республикасынын административдик жана эмгек мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.

8. Корутунду жоболор

9. Административдик регламент Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандартын кайра кароо менен бир эле убакта жана зарылдыгына жараша кайра каралууга тийиш.

9. Административдик регламентти иштеп чыгуучулар

Канатбеков Руслан Канатбекович, «Унаа» ММдин укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башкы адиси.

Кульсариева Нази Молдотаевна, «Унаа» ММдин укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башкы адиси.

Макеев Антон Павлович, «Унаа» ММдин контролдоо, талдоо, мониторинг жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты бөлүмүнүн адиси.