facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин “Кыргыз Республикасынын аймагында акысыз жана акы төлөнүүчү негизде кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгы жөнүндө, соттуулугунун болушу же жоктугу жөнүндө маалым кат берүү” мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча

Долбоор боюнча сын-пикирлерди жана сунуштарды Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын бөлүм башчысы милициянын полковниги С.А.Шаботоевага жиберсениздер болот. Төмөнкү даректер боюнча: Бишкек ш., Фрунзе көч, 469, e-mail: guit@mvd.kg, тел.: 0312 266052, тел. (факс): 0312 266451.

 

 

НЕГИЗДЕМЕ-МААЛЫМКАТ

 

1. Максат жана милдет

Сунуш кылынган Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин буйругунун долбоорунун максаты “Кыргыз Республикасынын аймагында акысыз жана акы төлөнүүчү негизде кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгы жөнүндө,  соттуулугунун болушу же жоктугу жөнүндө маалым кат берүү” мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча административдик регламентин бекитүү" болуп саналат.

 Сунуш кылынган Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин буйругунун долбоорунун милдети жогоруда көрсөтүлгөн административдик регламенттин 2021-жылдын 23-августундагы №147 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын З-июнундагы № 303 “Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин  токтомуна ылайык келтирүү болуп саналат.

2.  Баяндоочу бөлүк

Жогоруда көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 23-августундагы токтому менен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы №303 токтому менен бекитилген мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук мекемелери  тарабынан жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын стандарттарынын V бөлүмүнүн 13 жана 14-главаларына, өзгөртүүлөр киргизилген, керектүү документтердин тизмеси жана/же кызматты керектөөчү тарабынан иш-аракети, ошондой эле  мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү ыкмасы Кыргыз Республикасынын аймагында кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгы жөнүндө, соттуулугу болушу же жоктугу жөнүндө маалым кат берүү түрүндө, анын ичинде аны Электрондук кызматтардын мамлекеттик порталы аркылуу электрондук форматта берүү: portal.tunduk.kg, ошондой эле автоматташтырылган маалымат тутумуна туташкан электрондук капчык аркылуу көрсөтүлгөн маалым катты алуу үчүн арыз берүү мүмкүнчүлүк бөлүгү боюнча, анын натыйжасында Кыргыз Республикасынын  Ички иштер министрлигинде арыз автоматтык түрдө түзүлөт.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин 2019-жылдын 4-апрелиндеги № 302 буйругу менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин “Кыргыз Республикасынын аймагында акысыз жана акы төлөнүүчү негизде кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгы жөнүндө,  соттуулугу болушу же жоктугу жөнүндө маалым кат  берүү” мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр боюнча административдик регламентине  айрым өзгөртүүлөрдү киргизүү каралып жаткандыгын эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-майындагы № 313 токтому менен бекитилген мыйзамдын алдындагы ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча Нускаманын 44-пунктуна ылайык техникалык жактан кыйын болгодуктан, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин көрсөтүлгөн административдик регламентин жаңы редакцияда баяндоо сунушталууда.

         3. Мүмкүн болуучу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттердин болжомолдору

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин сунушталган буйругунун долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык жана коррупциялык кесепеттерге алып келбейт.

4. Коомдук талкуунун жыйынтыктары жөнүндө маалымат

"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык, бул Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин буйругунун долбоору коомдук талкууну уюштуруу максатында «____»________ 2021-ж. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ведомстволук сайтында: https://mvd.gov.kg, ошондой эле ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоо үчүн Бирдиктүү порталында: http://koomtalkuu.gov.kg жайгаштырылган.

5. Долбоордун мыйзамдарга шайкеш келишине талдоо жүргүзүү

Сунуш кылынган Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин буйругунун долбоору колдонуудагы мыйзамдардын ченемдерине, ошондой эле белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдерге каршы келбейт.

6. Каржылоо зарылдыгы жөнүндө маалымат

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин буйругунун долбоорун кабыл алуу республикалык бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарды алып келбейт.

7. Жөнгө салуучулук таасирин талдоо жөнүндө маалымат

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин буйругунун долбоору жөнгө салуучу таасирди талдоону талап кылбайт, анткени ал ишкердикти жөнгө салууга багытталган эмес.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Ички иштер министри                                                                У.О. Ниязбеков

 

 

 

 

 

 

 

 

                            Долбоор

 

«Кыргыз Республикасынын аймагында акысыз жана акы төлөнүүчү негизде кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгы, соттуулугунун болушу же жоктугу жөнүндө маалым кат берүү» мамлекеттик кызмат боюнча административдик регламентти бекитүү жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бир катар мамлекеттик аткаруу органдарынын айрым ченем жаратуучу ыйгарым укуктары жөнүндө» 2014-жылдын 15-сентябрындагы
№ 530 токтомуна ылайык, Министрлер Кабинети тарабынан Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине берилген айрым ыйгарым укуктардын алкагында, буйрук кылам:

 

 1. «Кыргыз Республикасынын аймагында акысыз жана акы төлөнүүчү негизде кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгы, соттуулугунун болушу же жоктугу жөнүндө маалым кат берүү» мамлекеттик кызматынын тиркелген административдик регламенти бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгына, ошондой эле Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыктарына, облустардын жана Ош шаарынын Ички иштер башкармалыктарына:

- мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү боюнча ишти мамлекеттик кызматтар үчүн бекитилген административдик регламентке ылайык  уюштурулсун;

- мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатын мындан ары жакшыртуу жана оптималдаштыруу боюнча чаралар көрүлсүн.

 

3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин «Кыргыз Республикасынын аймагында акысыз жана акы төлөнүүчү негизде кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгы, соттуулугунун болушу же жоктугу жөнүндө маалым кат берүү» мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр боюнча Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин административдик регламентин бекитүү жөнүндө»  2019 -жылдын 4 -апрелиндеги № 302 буйругу күчүн жоготту деп табылсын.

4. Бул буйруктун аткаруу жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынын ИИМдин МТББнын начальнигине (С.Н. Ниязбеков), Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгына, облустардын жана Ош шаарынын ички иштер башкармалыктарына жүктөлсүн.

5. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары, милициянын полковниги
Э.Дж. Аширходжаевге жүктөлсүн.

 

 

Министр

милициянын генерал-майору                                          У.О. Ниязбеков

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

                                                                                          

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

        Кыргыз Республикасынын

                                                                                                    ИИМдин «____» ______2021-ж.

                                                                                            № ____ буйругуна тиркеме

 

Долбоор

 

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенти

 

«Кыргыз Республикасынын аймагында акысыз жана акы төлөнүүчү негизде кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгы, соттуулугунун болушу же жоктугу жөнүндө маалым кат берүү» (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 токтому менен бекитилген аткаруу бийлиги, алардын түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү «Бирдиктүү терезе» мамлекеттик кызматтарынын 
6-бөлүмүнүн  39-391   пункттары).

 

1. Жалпы жоболор

 

1. Бул мамлекеттик кызмат көрсөтүү жүзөгө ашырылат

- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгы тарабынан (мындан ары - КР ИИМ МТББ);

- Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгы, Кыргыз Республикасынын облустарынын жана Ош шаарынын Ички иштер башкармалыктарынын маалыматтык бөлүмдөрү тарабынан.

2. Бул мамлекеттик кызматты керектөөчүгө көрсөтүү үчүн мекемелер аралык өз ара аракеттешүү жүргүзүлбөйт.

3. Бул кызматтын административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 токтому менен бекитилген тиешелүү кызмат көрсөтүү стандартынын талаптарына ылайык келет.

4. Кызмат көрсөтүү стандартында көрсөтүлгөн негизги параметрлер:

1) Кызмат көрсөтүүнүн жалпы убактысы:

акысыз - 7 жумушчу күндөн ашпаган;

акы төлөнүүчү негизде - 3 жумушчу күндөн ашпоого тийиш. 

Эгерде маалым кат берүү кошумча текшерүүлөрдү талап кылса, мамлекеттик кызматты керектөөчү менен макулдашуу боюнча мөөнөтү 3 жумушчу күнгө узартылышы мүмкүн.

Бардык арыздарды аткаруу убактысы күнүнө келип түшкөн арыздардын санына жана арызды иштеп чыгууга тартылган кызматкерлердин санына жараша болот. Арыздар алардын келип түшкөн кезегин эске алуу менен каралат.

2) Кызматты алуу үчүн керектүү документтердин тизмеси:

а) жеке адам үчүн, акысыз - 7 жумушчу күндөн ашпоого тийиш:

- https://portal.tunduk.kg Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы аркылуу жөнөтүлгөн, мамлекеттик кызматты керектөөчүнүн квалификациялуу электрондук кол тамгасы менен ырасталган электрондук арыз. Электрондук форматта сурамды берүү боюнча талаптар Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталында көрсөтүлгөн;

- инсандыгын ырастоочу документтин көчүрмөсү менен №1 тиркемеде белгиленген формага ылайык жазылган арыз;

- жеке идентификациялык номери жок болгон учурда, арыз жазуу жүзүндө, №1 тиркемеде белгиленген формага ылайык, инсандыгын ырастоочу документтин көчүрмөсү менен берилет.

б) жеке адам үчүн, акы төлөнүүчү негизде - 3 жумушчу күндөн ашпоого тийиш:

- https://portal.tunduk.kg электрондук кызматтардын Мамлекеттик порталы аркылуу жөнөтүлгөн, мамлекеттик кызматты керектөөчүнүн квалификациялуу электрондук кол тамгасы менен ырасталган электрондук арыз. Электрондук форматта сурамды берүү боюнча талаптар Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталында көрсөтүлгөн. Төлөм мамлекеттик электрондук төлөм системасына автоматтык түрдө жөнөтүлгөн Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталындагы онлайн төлөм кызматы аркылуу жүргүзүлөт.

- “Е-Арыз” автоматташтырылган маалымат тутумуна туташкан электрондук капчык аркылуу жөнөтүлгөн электрондук тапшырыктын натыйжасында арыз МТББда автоматтык түрдө түзүлөт;

- “Е-Арыз” автоматташтырылган маалымат тутумуна туташкан төлөм терминалы аркылуу жөнөтүлгөн электрондук тапшырыктын натыйжасында арыз МТББда автоматтык түрдө түзүлөт;

- инсандыгын ырастоочу документтин көчүрмөсү менен №1 тиркемеде белгиленген формага ылайык жазылган арыз;

- жеке идентификациялык номери жок болгон учурда, инсандыгын ырастоочу документ көрсөтүлөт, анын негизинде кызмат алуу үчүн жеке штрих -код берилет.

3) Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы аркылуу суралган мамлекеттик кызматтын натыйжасы, мамлекеттик кызматты керектөөчүнүн жеке кабинетине штрих коду жана Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталында штрих коду менен электрондук түрдө жөнөтүлөт.

Мамлекеттик кызматты кагаз түрүндө алуу үчүн мамлекеттик кызматты керектөөчү Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын аймактык бөлүмүнүн "Бирдиктүү терезе" режиминде Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү борборуна/пунктуна, анын инсандыгын ырастоочу документти жана арызды тез арада акы төлөнүүчү негизде тапшырган учурда, кызмат үчүн акы төлөнгөндүгү жөнүндө квитанцияны көрсөтүшү керек.

Эгерде мамлекеттик кызматтын керектөөчүсү кызматты өз алдынча алуу үчүн органга кайрыла албаса, анда башка жеке же юридикалык жакка нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним кат жана кызматка муктаж болгон жарандын паспортунун көчүрмөсү менен кайрыла алат.

Ошол эле учурда, Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын аймактык бөлүмүнүн "Бирдиктүү терезе" режиминде мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү борбордун же пунктунун жооптуу кызматкери, жеке маалыматтар өткөрүлгөн күндөн тартып, бир жуманын ичинде текшерилген адамга өзүнүн жеке маалыматынын үчүнчү жакка өткөрүлүшү жөнүндө маалымдайт. Бул учурда, билдирүү формасы жеке маалымат субъектисинин макулдуулугу менен кат, телефон, SMS, кат, электрондук почта аркылуу жана борбордун же пункттун кароосу боюнча билдирүү болушу мүмкүн.

в) Юридикалык жактар ​​МТББ менен келишими болгон шартта №3 тиркемеге ылайык мамлекеттик кызмат керектөөчүлөрү боло алышат. Мамлекеттик кызматты алуу үчүн юридикалык жак төмөнкүлөрдү тапшырышы керек:

- типтүү келишимдин №1 тиркемесине ылайык, белгиленген формадагы арыз;

- Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" 9-беренесине ылайык текшерилүүчү адамдардын тизмеси жана алардын текшерүүгө жазуу жүзүндөгү алынган макулдугу;

 -текшерилүүчүнүн инсандыгын ырастоочу документтердин көчүрмөлөрү.

3) Монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан бекитилген учурдагы Прейскурантка ылайык - кызматтын баасы:

- 3 жумушчу күнү - 86 сом;

- 1 жумушчу күнү - 191 сом.

4) Кызматтын натыйжасы:

Маалым кат:

- мамлекеттик кызматты керектөөчүнүн Кыргыз Республикасынын аймагында соттуулугунун болушу жөнүндө;

- мамлекеттик кызматты керектөөчүнүн  Кыргыз Республикасынын аймагында  соттуулугунун жоктугу жөнүндө;

- мамлекеттик кызматты керектөөчүнүн кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгы тууралуу маалыматтын болушу жөнүндө.

 

2. Кызмат көрсөтүү процессинде аткарылган процедуралардын тизмеси

 

5. Кызмат көрсөтүү төмөнкү процедуралардын топтомун камтыйт:

а) жеке адам үчүн:

Процедуранын аталышы

Эскертүү

1

"Е-арыз" автоматташтырылган маалымат тутумунан автоматтык түрдө түзүлгөн арызын басып чыгаруу же жазуу түрүндөгү арызын кабыл алуу жана каттоо

 

Ошол эле учурда тапшырылган документтердин толуктугу жана тууралыгы текшерилүүдө.

Жеке идентификациялык номери жок мамлекеттик кызматтын керектөөчүсүнө кызматты алуу үчүн жеке штрих код берилет.

Электрондук арыздар төмөндөгүлөр аркылуу кабыл алынат:

-Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы;

- электрондук капчыктар;

- төлөм терминалдары.

2

 Кыргыз Республикасынын аймагында кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгын, соттуулугунун болушун же жоктугун текшерүү

 

3

Маалым  катты түзүү

 

4

Маалым катка кол коюу жана мөөр басуу

 

5

Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы аркылуу мамлекеттик кызматты керектөөчүнүн жеке кабинетине  электрондук түрдө жөнөтүү

Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы аркылуу суралган мамлекеттик кызматтын жыйынтыгы, Электрондук кызмат көрсөтүүлөр  мамлекеттик порталындагы бар-коду жана штрих-коду менен электрондук түрдө мамлекеттик кызматты керектөөчүнүн жеке кабинетине жөнөтүлөт.

6

Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын аймактык бөлүмүнүн "Бирдиктүү терезе" режиминдеги Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү  борборуна /пунктуна курьер аркылуу маалым катты жеткирүү.

 

7

Маалым кат берүү

Эгерде мамлекеттик кызматты керектөөчү кызматты өз алдынча алуу үчүн органга кайрыла албаса, анда башка жеке же юридикалык жак кызматка муктаж жарандын нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним каты жана паспортунун көчүрмөсү менен кайрыла алат.

 

б) юридикалык жак үчүн:

Процедуранын аталышы

Эскертүү

1

Арызды кабыл алуу жана каттоо

 

 

Ошол эле учурда, МТББ менен колдонуулудагы келишимдин бар экендигин, тапшырылган документтердин толуктугун жана тууралыгын текшерүү жүргүзүлөт.

 

2

Арызды курьер аркылуу МТББга жеткирүү

 

3

Кыргыз Республикасынын аймагында кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгын, соттуулугунун болушун же жоктугун текшерүү

 

4

Маалым катты түзүү

 

5

Маалым катка кол коюу жана мөөр басуу

 

6

"Бирдиктүү терезе" режиминдеги МТББнын Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү борборуна курьер аркылуу маалым катты жеткирүү.

 

7

Маалым катты берүү

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

3. Процедуралардын өз ара байланыш блок-схемасы

 

6. а) Жеке жак үчүн:

 

 

"Е-арыз" автоматташтырылган маалымат тутумунан автоматтык түрдө түзүлгөн арызын басып чыгаруу же жазуу түрүндөгү арызын кабыл алуу жана каттоо

 

Маалым кат түзүү

Маалым катка кол коюу жана мөөр басуу

Электрондук тейлөөнүн Мамлекеттик порталы аркылуу мамлекеттик кызматты керектөөчүнүн жеке кабинетине электрондук түрдө маалым катты жөнөтүү

Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын аймактык бөлүмүнүн "Бирдиктүү терезе" режиминдеги мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү  орборуна /Пунктуна курьер аркылуу маалым катты жеткирүү.

  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

б) юридикалык жак үчүн:

 

 

Арызды кабыл алуу/каттоо

 

Арызды курьер аркылуу МТББга жеткирүү

 

Кыргыз Республикасынын аймагында кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгын, соттуулугунун болушун же жоктугун текшерүү

 

 

Маалым кат түзүү

 

Маалым катка кол коюу жана мөөр басуу

 

 

"Бирдиктүү терезе" режиминдеги МТББнын Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү борборуна курьер аркылуу маалым катты жеткирүү

 

Маалым кат берүү

 

 

 

4. Процедуралардын баяндалышы жана алардын мүнөздөмөсү

 

7.a) жеке жак үчүн:

 

  1. АРЫЗДАРДЫ КАБЫЛ АЛУУ ЖАНА КАТТОО

Иш-аракеттердин аталышы

Аткаруучу, кызмат адамы

Иш -аракеттердин узактыгы

Иш-аракеттердин жыйынтыгы

Иш -аракеттерди жөнгө салуучу документ

1.Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталына, электрондук капчыкка, төлөм терминалына туташкан "Е-Арыз" автоматташтырылган маалымат тутумунан жазуу жүзүндөгү арызды кабыл алуу жана каттоо же автоматтык түрдө түзүлгөн арызды басып чыгаруу

 

Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнүн "Бирдиктүү терезе" режиминдеги Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү борбордун /пунктун оператору/

МТББнын кызматкери

        3 мин.

Кабыл алынган жана катталган жазуу жүзүндөгү арыз же тапшырылган документтердин толук эместиги жөнүндө билдирүү,      

"Е-Арыз" АМТдан автоматтык түрдө түзүлгөн арызды кабыл алуу жана басып чыгаруу

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2016-жылдын
17-июнундагы "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгын түзүү жөнүндө"

№ 336  токтому

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2019-жылдын
7-октябрындагы "Электрондук кызматтардын мамлекеттик порталын колдонуу эрежелерин бекитүү жөнүндө" № 525 токтому

 

Кызматтык милдеттер

  1. Жеке идентификациялык номери жок мамлекеттик кызматты керектөөчүгө жеке штрих -код берүү

 

    5 мин.

Маалым катты акысыз алуу үчүн жазуу жүзүндөгү арызды тапшырууга берилген жеке штрих-коду

же

арыз берүүчү  тарабынан электрондук капчыкка же төлөм терминалына акы төлөө негизде  маалым катты тез арада алуу үчүн киргизүүгө берилген жеке штрих коду

 

1 иш-аракет

1-3 адам

3-8 мин.

 

3 документ

Процедуранын жыйынтыгы: кабыл алынган арыз

Процедуранын түрү: уюштуруучулук-башкаруучулук

Процедуранын баяндалышы: Мамлекеттик кызматтын керектөөчүсү https://portal.tunduk.kg Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы аркылуу квалификациялуу электрондук кол тамга менен тастыкталган электрондук арызды жөнөтө алат. Электрондук форматта сурам берүү боюнча талаптар Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында көрсөтүлгөн.

Төлөм, эгерде маалым катты тез арада акы төлөнүүчү негизде алуу зарыл болсо, Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталындагы онлайн төлөм кызматы аркылуу мамлекеттик электрондук төлөм тутумуна  автоматтык түрдө жөнөтүлөт. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы электрондук түрдө  Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталындагы бар-коду жана штрих-коду менен мамлекеттик кызматты керектөөчүнүн жеке кабинетине жөнөтүлөт. 

Арызды электрондук түрдө тапшыруу үчүн, эгерде маалым катты тез арада, акы төлөнүүчү негизде, МТББнын автоматташтырылган маалымат тутумуна туташкан электрондук капчык же төлөм терминалы аркылуу алуу зарыл болсо, жаран өзүнүн жеке идентификациялык номерин, алган жерин жана байланыш телефонун киргизиши керек, анын натыйжасында арыз автоматтык түрдө түзүлөт. 

Мындан тышкары, мамлекеттик кызматты керектөөчү №1 тиркемеге ылайык, жазуу түрүндө арыз толтура алат.

Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган чет өлкөлүк жаран же жеке идентификациялык номери жок мамлекеттик кызматтын керектөөчүсү маалым катты акысыз негизде алуу үчүн жазуу жүзүндөгү арызын тапшырганда жеке штрих коду берилет, толтурулган арызга анын инсандыгын ырастоочу документтин көчүрмөсү тиркелиши керек.

Эгерде акы төлөнүүчү негизде маалым катты тез арада алуу  учурунда, Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган чет өлкөлүк жаранга же жеке идентификациялык номери жок мамлекеттик кызматты керектөөчүгө электрондук капчык же төлөм терминалы аркылуу электрондук арыз тапшыруу үчүн жеке штрих коду берилет.

Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталына, электрондук капчыкка, төлөм терминалына туташкан автоматташтырылган маалымат тутумунан түзүлгөн жазуу жүзүндөгү жана электрондук арыз кагазга басылып, катталууга тийиш.

Соттуулугу же кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгы жөнүндө толук маалымат алуу үчүн арыз (соттолгон күнү, чечимди чыгарган сот бийлиги, айыптоо беренеси, жазанын түрү жана мөөнөтү, бошотулган күнү, негиздери жана  соттуулугун жоюу, алып салуу күнү) Кыргыз Республикасынын "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Мыйзамына жана ушул регламентке ылайык  МТББ  тарабынан каралат.

2.КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АЙМАГЫНДА КЫЛМЫШ ЖООПКЕРЧИЛИГИНЕ ТАРТЫЛГАНДЫГЫН, СОТТУУЛУГУНУН БОЛУШУН ЖАНА ЖОКТУГУН  ТЕКШЕРҮҮ

1. "Санариптештирүү" автоматташтырылган маалымат тутуму боюнча адамды текшерүү;

МТББнын

кызматкерлери

2 мин.

Арыз берүүчү

жөнүндө маалымат алуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2016 -жылдын 17 -июнундагы "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгын түзүү жөнүндө"

№ 336 токтому

 

Кызматтык милдеттер

2. "Издөө" автоматташтырылган маалымат тутуму боюнча  адамды текшерүү;

2 мин.

Арыз берүүчү

жөнүндө маалымат алуу

 

3. Ыкчам маалымдама картотекасы боюнча адамды текшерүү;

5 мин.

Арыз берүүчү

жөнүндө маалымат алуу

 

4. Арыздын арткы бетине болгон маалыматты жазуу же адамдын соттуулугунун жоюу мөөнөтүн эсептөө (эгер бар болсо);

5 мин.

Соттуулугунун жоюлушу боюнча жазуу  же эсептөө

5. Аткаруучунун номердик мөөрүн басуу жана күнүнүн коюу;

30 сек.

Текшерилген күнү менен аткаруучунун басылган мөөрү

6. Контролдук текшерүү (эгерде соттуулугу жөнүндө маалымат болсо).

1 мин.

МТББнын бөлүмүнүн начальниги тарабынан көзөмөлдөнөт

6 иш-аракет

         2 адам

 4 мин.

30 сек.-

15 мин.

30 сек.

 

   2 документ

Процедуранын жыйынтыгы: Кыргыз Республикасынын аймагында  кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгы, соттуулугунун болушу же жоктугу жөнүндө маалымат алуу.

Процедуранын түрү: уюштуруучулук-башкаруучулук

Процедуранын баяндалышы:

Кабыл алынган арыз "Санариптештирүү" жана "Издөө" автоматташтырылган маалымат тутумдары боюнча текшерүүдөн өтөт. Арыз ээсинин маалымдарын текшерүүдө, арыздын арткы бетине МТББнын жооптуу кызматкери Кыргыз Республикасынын аймагында кылмыш жоопкерчилигине тартуу фактылары, соттуулугунун болушу же жоктугу жөнүндө маалыматты чагылдырат. Ошону менен бирге, эгерде айыптоочу же анын соттуулугу жөнүндө маалыматтар сактоо мөөнөтүнө ылайык алынып салынса, анда арыздын арткы бетине "маалымат жок" деген штамп коюлат. Ошол эле учурда  Кыргыз Республикасынын Кылмыш -жаза кодексине ылайык соттуулукту жоюунун же алып салуунун күнү, негизи  жана сактоо мөөнөтү боюнча каттоодон чыгуу күнү жөнүндө маалыматтар чагылдырылат. Ошондой эле аткарылган күнү жана текшерүүнү жүргүзгөн жооптуу кызматкердин колу көрсөтүлөт. Жазылган маалымат боюнча контролдук текшерүүнү МТББнын тиешелүү бөлүмүнүн начальниги жүргүзөт.

  1. МААЛЫМ КАТ ТҮЗҮҮ
  1. Маалым катты

ып  басып чыгаруу  

МТББнын

адиси

1 мин.

 

Басып чыгарылган жана түзүлгөн маалым кат, кол коюуга жана мөөр басууга даяр

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2016-жылдын 17-июнундагы "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгын түзүү жөнүндө" № 336 токтому

 

Функционалдык жоопкерчилик

         1  иш-аракет

    1 адам

 1 мин.

 

      2 документ

Процедуранын жыйынтыгы: түзүлгөн маалым кат

Процедуранын түрү: уюштуруучулук-башкаруучулук

Процедуранын баяндалышы:

Арызды кароонун жыйынтыгы боюнча Маалым кат түзүлөт, ал А5 кагаз форматында МТББнын расмий номерлүү фирмалык бланкына ушул Регламенттин 2-тиркемесинде көрсөтүлгөн формага ылайык төмөнкүдөй мазмун менен басылат:

- «мамлекеттик кызматты керектөөчүнүн толук аты-жөнү жана жеке идентификациялык номери, Кыргыз Республикасынын аймагында соттуулугу жок»;

- «мамлекеттик кызматты керектөөчүнүн толук аты-жөнү жана жеке идентификациялык номери, Кыргыз Республикасынын аймагында соттуулугу бар»;

- «мамлекеттик кызматты керектөөчүнүн толук аты-жөнү жеке идентификациялык номери, Кыргыз Республикасынын аймагында кылмыш жоопкерчилигине тартылган».

Арыздар боюнча соттуулугу же кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгы тууралуу толук маалымат алуу үчүн, маалымат Кыргыз Республикасынын "Жеке мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө" Мыйзамына ылайык түзүлөт.

 

 

 

 

 

 

  1. МААЛЫМ КАТКА  КОЛ КОЮУ  ЖАНА МӨӨР БАСУУ

1. Маалым катка кол коюу

МТББнын же Кыргыз Республикасынын аймактык ички иштер органынын ыйгарым укуктуу адамы

 

 30 сек.

Кол коюлган маалым кат

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2016 -жылдын 17 -июнундагы "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгын түзүү жөнүндө"

№ 336 токтому

 

Функционалдык  жоопкерчилик

2.Маалым катка  мөөр басуу

 30 сек.

Мөөр менен күбөлөндүрүлгөн маалым кат

     2 иш-аракет

        1 адам

 1 мин.

 

   2 документ

Процедуранын жыйынтыгы: Кол коюлуп мөөр басылган маалым кат

Процедуранын түрү: административдик

Процедуранын баяндалышы:

Каттоодон жана басып чыгаруудан кийин Маалым катка Кыргыз Республикасынын ИИОнун ыйгарым укуктуу адамдары кол коюшат жана МТББнын номерленген герби менен мөөрү басылат. Номерленген герби менен мөөр ички иштер органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн жана МТББнын ыйгарым укуктуу жооптуу кызматкерлерине берилет.

Маалым катка кол коюуга ыйгарым укуктуу адамдар:

-Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин МТББнын начальниги;

- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин МТББнын начальнигинин орун басары;

-Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин МТББнын Криминалдык эсепке алуу башкармалыгынын начальниги;

Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн маалыматтык технологиялар бөлүмдөрүнүн начальниктери жана инспекторлору – Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын аймактык бөлүмүнөн маалымкатты алуу зарылдыгы жөнүндө Мамлекеттик кызматтын керектөөчүсүнүн сурамы боюнча.

5. ЭЛЕКТРОНДУК КЫЗМАТТАРДЫН МАМЛЕКЕТТИК ПОРТАЛЫ АРКЫЛУУ ЭЛЕКТРОНДУК ТҮРДӨ ЭЛЕКТРОНДУК КЫЗМАТТЫН КЕРЕКТӨӨЧҮСҮНҮН ЖЕКЕ КАБИНЕТИНЕ МААЛЫМ КАТ ЖӨНӨТҮҮ

1. Мамлекеттик кызматты керектөөчүнүн жеке кабинетине маалым катты Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы аркылуу электрондук түрдө жөнөтүү

МТББнын

кызматкери

 1 мин.

 Маалым кат мамлекеттик кызматты керектөөчүгө электрондук форматта берилди

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2016 -жылдын 17 -июнундагы "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгын түзүү жөнүндө" № 336 токтому

 

Кызматтык милдеттер

    1 иш-аракет

    1 адам

  1 мин.

 

    2 документ

6. МААЛЫМ КАТТЫ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ИЧКИ ИШТЕР ОРГАНДАРЫНЫН АЙМАКТЫК БӨЛҮМҮНҮН "БИРДИКТҮҮ ТЕРЕЗЕ" РЕЖИМИНДЕГИ МАМЛЕКЕТТИК  КЫЗМАТТАРДЫ КӨРСӨТҮҮ  БОРБОРУНА / ПУНКТУНА ЖЕТКИРҮҮ.

1. Маалым катты Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын аймактык бөлүмүнүн "Бирдиктүү терезе" режиминдеги Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү борборуна/пунктуна жеткирүү.

Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын аймактык бөлүмүнүн курьери /адиси

10-20

мин.

Жеткирилген маалым кат, берүүгө даяр

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2016-жылдын 17-июнундагы "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгын түзүү жөнүндө" № 336 токтому.

 

Кызматтык милдеттер

    1 иш-аракет

   1 адам

   10-20

   мин.

 

     2 документ

Процедуранын жыйынтыгы: Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын аймактык бөлүмүнүн курьери же адиси тарабынан жеткирилген маалым кат, Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү  борборунан/пунктунан берүүгө даяр

Процедуранын түрү: уюштуруучулук-башкаруучулук

Процедуранын баяндалышы: маалым катка кол коюлуп жана мөөр басылгандан кийин курьер же Кыргыз Республикасынын ИИОнун аймактык  бөлүмүнүн адиси "Бирдиктүү терезе" режиминдеги Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү  борборуна/пунктуна жеткирет.

7. МААЛЫМ КАТТЫ БЕРҮҮ

1. Маалым катты Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын аймактык бөлүмүнүн "Бирдиктүү терезе" режиминдеги Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү борборуна/пунктуна жеткирүү.

Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын "Бирдиктүү терезе" режиминдеги Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү борборунун/ пунктунун оператору

    1 мин.

Арыз тапшыруучуга берилген маалым кат

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2016-жылдын 17-июнундагы "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгын түзүү жөнүндө"

№ 336 токтому

 

Кызматтык милдеттер

    1 иш-аракет

      1 адам

  1 мин.

 

   2 документ

Процедуранын жыйынтыгы: арыз тапшыруучуга  берилген маалым кат

Процедуранын түрү: уюштуруучулук-башкаруучулук

Процедуранын баяндалышы:

Маалым кат Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын аймактык бөлүмүнүн "Бирдиктүү терезе" режиминдеги  Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү борборлорунда/пункттарында берилет.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин МТББнын "Бирдиктүү терезе" режиминде Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү борборунда, мамлекеттик кызматтын керектөөчүсү, өзүнүн арызынын басылган нускасына кол коюу менен Маалымкатты алуу фактыны ырастаган учурда жүргүзүлөт.

“Бирдиктүү терезе” режиминде мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнүн аймактык борборлорунда/пункттарында маалымкат берүү, ушул регламенттин 4-тиркемесине ылайык журналга Маалымкат берүү жөнүндө керектүү маалыматты киргизген шартта жүргүзүлөт. Бул журнал иш кагаздарын жүргүзүү жаатындагы ведомстволук актыларга ылайык келүүгө тийиш. Реестрдеги жазуулар ачык, так, көк түстүү шар калем менен жүргүзүлүшү керек.

Маалым кат төмөнкү шартта берилет:

- маалым катты  алуу үчүн арыз ээсинин жеке кайрылуусу, ошондой эле маалым каттагы  маалымдардын, арыз тапшыруучунун паспортунун же туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн маалымадары менен дал келиши; 

- маалым катты  алуу үчүн башка жаран кайрылса, нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним каттын жана арыз тапшыруучунун паспортунун көчүрмөсүнүн болушу;

- маалым кат акы төлөнүүчү негизде тез арада берилген учурда, төлөмдү тастыктаган квитанциянын алынышы.

Мамлекеттик кызматтын керектөөчүсү өзүнүн арызынын басып чыгарылган нускасына кол коюу жолу менен Маалым катты алуу фактысын ырастаганда Маалым катты берүү жүргүзүлөт.

Эгерде мамлекеттик кызматты керектөөчү кызматты өз алдынча алуу үчүн органга кайрыла албаса, анда башка жеке же юридикалык жак кызматты алууга муктаж болгон жарандын нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним каты жана паспортунун көчүрмөсү менен кайрыла алат.

Маалым кат мамлекеттик кызматтарды керектөөчү тарабынан көрсөтүлгөн туура эмес маалыматтын (жеке маалымдардын) негизинде түзүлгөн болсо, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгы Маалымкатта чагылдырылган маалымат үчүн жооп бербейт.  Бул учурда, берилген Маалым кат жокко чыгарылууга тийиш.

Маалым катта  чагылдырылган маалыматтар, аны берүү учурунда актуалдуу болуп саналат.

                                               

 

 

 

б) юридикалык жак үчүн:

1. АРЫЗДЫ КАБЫЛ АЛУУ ЖАНА КАТТОО

Иш-аракеттин

аталышы

Аткаруучу, расмий жак

Иш- аракеттердин узактыгы

Иш-аракеттердин натыйжасы

Иш-аракеттерди жөнгө салуучу документ

 

1. МТББ менен колдонуудагы  келишимдин болушу жана тапшырылган документтердин толуктугун текшерүү менен арызды кабыл алуу

Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын аймактык бөлүмүнүн "Бирдиктүү терезе" режиминдеги Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү борборунун/ пунктунун

оператору

     10-30 мин.

Кабыл алынган жазуу жүзүндөгү арыз же

электрондук арызды басып чыгаруу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2016-жылдын
17-июнундагы "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгын түзүү жөнүндө"

№ 336 токтому

 

Кызматтык милдеттер

2.Арызды каттоо

        5 мин.

Катталган жазуу жүзүндөгү арыз,

электрондук арызды каттоо

  2 иш-аракет

     1 адам

 

 

   15-35 мин.

 

    2 документ

Процедуранын жыйынтыгы: кабыл алынган арыз

Процедуранын түрү: уюштуруучулук-башкаруучулук

Процедуранын баяндалышы:

Юридикалык жактан арыз түшкөндө, Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын аймактык бөлүмүнүн "Бирдиктүү терезе" режиминдеги Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү борборунун/ пунктунун жооптуу оператору төмөнкүлөрдү текшерүүгө милдеттүү:

- МТББ менен тиешелүү келишимдин болушу;

- белгиленген формадагы арыз;

- текшерилген адамдардын тизмеси жана Кыргыз Республикасынын "Жеке маалыматтар жөнүндө" Мыйзамынын 9-беренесине ылайык алардан алынган текшерүүгө жазуу жүзүндөгү макулдугу;

- текшерилүүчүнүн инсандыгын ырастоочу документтердин көчүрмөлөрү.

Эгерде көрсөтүлгөн талаптар туура келсе  арызды каттоо жүргүзүлөт.

Соттуулугу же кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгы жөнүндө толук маалыматты алуу үчүн арыз МТББ тарабынан Кыргыз Республикасынын "Жеке маалыматтар жөнүндө" Мыйзамына жана ушул регламентке ылайык каралат.

 

 

 

2.МТББга КУРЬЕР ТАРАБЫНАН АРЫЗДЫ ЖЕТКИРҮҮ

1.МТББга арызды жеткирүү

 

 

        Курьер

 

20 мин.

 

МТББга курьер тарабынан жеткирилген арыз

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2016-жылдын 17-июнундагы "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгын түзүү жөнүндө" № 336 токтому

 

Кызматтык милдеттер

 

3.КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АЙМАГЫНДА КЫЛМЫШ ЖООПКЕРЧИЛИГИНЕ ТАРТЫЛГАНДЫГЫН, СОТТУУЛУГУНУН БОЛУШУН ЖАНА ЖОКТУГУН  ТЕКШЕРҮҮ

1. "Санариптештирүү" автоматташтырылган маалымат тутуму боюнча адамды текшерүү;

МТББнын

кызматкерлери

2 мин.

Арыз берүүчү

жөнүндө маалымат алуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2016-жылдын
17-июнундагы "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгын түзүү жөнүндө"
№ 336 токтому

 

Кызматтык милдеттер

 

2. "Издөө" автоматташтырылган маалымат тутуму боюнча адамды текшерүү;

2 мин.

Арыз берүүчү

жөнүндө маалымат алуу

 

3.Ыкчам- маалымдама картотекасы боюнча адамды текшерүү;

5 мин.

Арыз берүүчү

жөнүндө маалымат алуу

 

4. Арыздын арткы бетине болгон маалыматты жазуу же адамдын соттуулугунун жоюу мөөнөтүн эсептөө (эгер бар болсо);

5 мин.

Жүргүзүлгөн жазуу же соттуулугунун жоюлушу боюнча  эсептөө

5. Аткаруучунун номердик мөөрүн жана күнүн коюу;

30 сек.

Текшерилген күнү  менен аткаруучунун басылган мөөрү

6. Контролдук текшерүү (эгерде соттуулугу жөнүндө маалымат болсо).

1 мин.

МТББнын бөлүмүнүн начальниги  тарабынан көзөмөл жүргүзүлөт

6 иш-аракет

         2 адам

 4 мин.

30 сек.-

15 мин.

30 сек.

 

   2 документ

Процедуранын жыйынтыгы: Кыргыз Республикасынын аймагында адамды кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгы жөнүндө, соттуулугунун  болушу же жоктугу жөнүндө маалымат алуу

Процедуранын түрү: уюштуруучулук-башкаруучулук

Процедуранын баяндалышы :

Кабыл алынган арыз "Санариптештирүү" жана "Издөө" автоматташтырылган маалымат тутумдары боюнча  текшерүүдөн өтөт. Арыз ээсинин маалыматын текшерүүдө, арыздын арткы бетине МТББнын жооптуу кызматкери Кыргыз Республикасынын аймагында кылмыш жоопкерчилигине тартуу фактылары, соттуулугунун болушу же жоктугу жөнүндө маалыматты чагылдырат. Ошону менен бирге, эгерде айыптоочу же анын соттолгондугу жөнүндө маалыматтар сактоо мөөнөтүнө ылайык алынып салынса, анда арыздын арткы бетине "маалымат жок" деген штамп коюлат. Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык соттуулукту жоюунун же алып салуунун күнү, негизи жана сактоо мөөнөтү боюнча каттоодон чыгуу күнү жөнүндө маалыматтар чагылдырылган. Ошондой эле, аткарылган күнү жана текшерүүнү жүргүзгөн жооптуу кызматкердин колу көрсөтүлөт. Жазылган маалымат боюнча контролдук текшерүүнү МТББнын тиешелүү бөлүмүнүн начальниги жүргүзөт.

4.МААЛЫМ КАТ ТҮЗҮҮ

 

  1. Маалым катты

басып чыгаруу

МТББнын

адиси

1 мин.

 

Басып чыгарылган жана түзүлгөн маалым кат, кол коюуга жана мөөр басууга даяр

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2016-жылдын 17-июнундагы "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгын түзүү жөнүндө" № 336 токтому

Кызматтык милдеттер

         1  иш-аракет

    1 адам

 1 мин.

 

      2 документ

Процедуранын жыйынтыгы: түзүлгөн маалым кат

Процедуранын түрү: уюштуруучулук-башкаруучулук

Процедуранын баяндалышы:

Арыз кароонун жыйынтыгы боюнча Маалым кат түзүлөт, ал МТББнын расмий номерленген фирмалык бланкына А5 кагаз форматында ушул Регламенттин 2-тиркемесинде көрсөтүлгөн формага ылайык төмөнкүдөй мазмун менен басылат:

- "мамлекеттик кызматты керектөөчүнүн толук аты-жөнү жана жеке идентификациялык номери, Кыргыз Республикасынын аймагында соттуулугу жок»;

- "мамлекеттик кызматты керектөөчүнүн толук аты-жөнү жана жеке идентификациялык номери, Кыргыз Республикасынын аймагында соттуулугу бар»;

- "мамлекеттик кызматты керектөөчүнүн толук аты-жөнү жана жеке идентификациялык номери, Кыргыз Республикасында кылмыш жоопкерчилигине тартылган».

Арыздар боюнча соттуулугу же кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгы тууралуу толук маалымат алуу үчүн, маалымат Кыргыз Республикасынын "Жеке мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө" Мыйзамына ылайык түзүлөт.

5. МААЛЫМ КАТКА КОЛ КОЮУ ЖАНА МӨӨР БАСУУ

1.Маалым катка кол коюу

МТББнын

кызматкери

 30 сек.

Кол коюлган маалым кат

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2016-жылдын 17-июнундагы "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгын түзүү жөнүндө"
№ 336 токтому

 

Кызматтык милдеттер

2.Маалым катка  мөөр басуу

 30 сек.

Мөөр менен күбөлөндүрүлгөн маалым кат

     2 иш-аракет

        1 адам

 1 мин.

 

   2 документ

Процедуранын жыйынтыгы: Кол коюлуп мөөр басылган маалым кат

Процедуранын түрү: административдик

Процедуранын баяндалышы : каттоо жана басып чыгаруудан кийин Маалым катка Кыргыз Республикасынын ИИМ МТББнын ыйгарым укуктуу адамдары кол коюшат жана МТББнын номерленген герби менен мөөрү басылат.

Маалым катка кол коюуга ыйгарым укуктуу адамдар:

-Кыргыз Республикасынын ИИМ МТББнын начальниги;

-Кыргыз Республикасынын ИИМ МТББнын начальнигинин орун басары;

-Кыргыз Республикасынын ИИМ МТББнын Криминалдык эсепке алуу башкармалыгынын начальниги;

-Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн маалыматтык технологиялар бөлүмдөрүнүн начальниктери жана инспекторлору – Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын аймактык бөлүмүнөн маалымкатты алуу зарылдыгы жөнүндө Мамлекеттик кызматтын керектөөчүсүнүн сурамы боюнча.

 

 

  1. МААЛЫМ КАТТЫ "БИРДИКТҮҮ ТЕРЕЗЕ" РЕЖИМИНДЕГИ МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТТАРДЫ КӨРСӨТҮҮ БОРБОРУНА ЖЕТКИРҮҮ

1. Маалым катты МТББнын"Бирдиктүү терезе" режиминдеги Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү борборуна жеткирүү

        Курьер

20 мин.

Жеткирилген маалым кат, берүүгө даяр

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2016 -жылдын 17 -июнундагы "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгын түзүү жөнүндө" № 336 токтому

 

Кызматтык милдеттер

       1 иш-аракет

 1 адам

 20 мин.

 

2 документ

Процедуранын жыйынтыгы: курьер тарабынан жеткирилген маалым кат МТББнын "Бирдиктүү терезе" режиминдеги Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү борборунда берүүгө даяр

Процедуранын түрү: уюштуруучулук-башкаруучулук

Процедуранын баяндалышы: маалым катка кол коюлуп жана мөөр басылгандан кийин курьер аны МТББнын  "Бирдиктүү терезе" режиминдеги Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү борборуна жеткирет.

7. МААЛЫМ КАТ БЕРҮҮ

1. Даяр маалым катты  мамлекеттик кызматты керектөөчүгө берүү

 МТББнын "Бирдиктүү терезе" режиминдеги Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү борборунун оператору

  1 мин.

Юридикалык жакка берилген маалым кат

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2016 -жылдын 17 -июнундагы "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгын түзүү жөнүндө" № 336 токтому

 

Кызматтык милдеттер

2. Жеке маалымат субъектисине анын маалыматтарын үчүнчү жакка берүү жөнүндө билдирүү

 

5 мин.

Жеке маалыматтын субъектиси анын маалыматтарын үчүнчү жакка берүү жөнүндө кабарланган

       1 иш-аракет

 1 адам

 6 мин.

 

2 документ

Процедуранын жыйынтыгы: арыз ээсине берилген маалым кат

Процедуранын түрү: уюштуруучулук-башкаруучулук

Процедуранын баяндалышы:

Маалым кат берүү кызматка муктаж жарандын нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн ишеним каты жана паспортунун көчүрмөсү болгондо жүргүзүлөт.

Ошону менен бирге, МТББнын жооптуу кызматкери жеке маалымдар берилген күндөн тартып бир жуманын ичинде текшерилген адамга өзүнүн жеке маалымдарынын юридикалык жакка өткөрүлүп берилиши жөнүндө маалымдайт. Бул учурда, билдирүү формасы жеке маалымдардын субъектиси менен макулдашылган МТББнын каалоосу боюнча  телефон, СМС, кат, электрондук почта аркылуу билдирүү болушу мүмкүн.   

Маалым кат мамлекеттик кызматтарды керектөөчү тарабынан көрсөтүлгөн туура эмес маалыматтын (жеке маалымдардын) негизинде түзүлгөн болсо, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгы Маалымкатта чагылдырылган маалымат үчүн жооп бербейт.  Бул учурда, берилген Маалым кат жокко чыгарылууга тийиш.

Маалым катта  чагылдырылган маалыматтар, аны берүү учурунда актуалдуу болуп саналат.

                                                       

 

5. Маалыматтардын сактоо мөөнөттөрү жана купуялуулугу

              

          8. Маалымкат алуу үчүн арыз ээлери жөнүндө, ошондой эле берилген маалымкаттар жөнүндө маалыматтар "E-Арыз" автоматташтырылган маалымат тутумунда беш жыл бою сакталат.

9. МТББсы, Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгы, облустардын жана Ош шаарынын ички иштер башкармалыгы, анын жеке маалыматтары үчүнчү жакка өткөрүлгөндүгү жөнүндө, жеке маалымат субъектисинин маалымдалгандыгынын далилин сактоого (каттардын, телефонограммалардын, билдирүүлөрдүн көчүрмөлөрү) жана аларды "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жеке маалымат субъектисине же алардын сурамы боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүүгө тийиш.

10. Бардык арыздар, ошонун негизинде берилген Маалымкаттар, анын жеке маалыматын чогултууга жана иштетүүгө жеке маалымат субъектисинин макулдуулугу, жеке маалыматтарын үчүнчү жакка өткөрүлгөндүгү жөнүндө жеке маалымат субъектисин маалымдоо далили менен үч ай бою сакталат, бул мөөнөттөн кийин бул документтер МТББнын, Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгы, облустардын жана Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын атайын комиссиялары тарабынан тиешелүү актыларды толтуруу менен жок кылынат.

         11. Бул административдик регламенттерди ишке ашыруунун алкагында маалыматтардын купуялуулугу МТББнын, Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгы, облустардын жана Ош шаарынын ички иштер башкармалыгы тарабынан маалымат коопсуздугу жана жеке маалыматтар менен иштөө чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын эске алуу менен камсыз кылынууга тийиш.

 

 

  1. Процедураларды аткаруунун схемасы (алгоритми)

 

12. а) жеке жак үчүн:

1-процедуранын алгоритми «"Е-арыз" автоматташтырылган маалымат тутумунан автоматтык түрдө түзүлгөн арызын басып чыгаруу же жазуу түрүндөгү арызын кабыл алуу жана каттоо»:

 

Процедуранын башталышы

Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы ы

Тапшырылган документтердин толуктугун ж/а тууралыгын текшерүү

 

 

 

 

 

 

 

 

                                                        

 

Арыз ээсине  тапшырылган документтердин толук эместиги жөнүндө билдирүү

 

"Е-Арыз" АМТда автоматтык түрдө түзүлгөн арызды 
А-4 форматында кагаз жүзүнө басып чыгаруу

 

 

Электрондук капчыктар

Жеке идентификация-лык номери жок мамлекеттик кызматты керектөөчүгө жеке штрих -код берүү

 

 

 

 

 

 

 

 

Төлөө терминалдары

 

 

 

                                                                                                         

 

 

 

 

 

 

                                                 

 

 

 

Процедуранын аягы

Кийинки процедураны аткаруу үчүн арызды өткөрүп берүү

 

Арызды каттоо

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

2-процедуранын алгоритми «Кыргыз Республикасынын аймагында кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгын, соттуулугунун болушун же жоктугун текшерүү»:

 

 Процедуранын башталышы

"Е-Арыз" АМТдан автоматтык түрдө түзүлгөн жазуу жүзүндөгү/электрондук арыздарды кагаз жүзүндө кабыл алуу

 

 

 

 

 

 

 

 

                                                        

 

 

«Санариптештирүү»

 

 

 

 

 

Автоматташтырылган маалымат тутуму боюнча адамдарды текшерүү:

 

                                                               

 

 

 

Арыздын арткы бетине болгон маалыматты жазуу же адамдын соттуулугунун жоюу мөөнөтүн эсептөө (эгер бар болсо)

«Издөө»

Аткаруучунун номердик мөөрүн жана күнүн коюу

Процедуранын аягы

Ыкчам-маалымдама картотекасы боюнча адамдарды текшерүү

 

Контролдук текшерүү (эгерде соттуулугу жөнүндө маалымат болсо)

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

3-процедуранын алгоритми «Маалым катты түзүү»:

 

 

 

Процедуранын башталышы

 

 

 

 

 

 

Маалым катты басып чыгаруу

                                                        

 

 

 

Процедуранын аягы

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

4-процедуранын алгоритми «Маалым катка кол коюу жана мөөр басуу»:

 

 

Процедуранын башталышы

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Маалым катка кол коюу

                                                        

 

 

 

Маалым катка мөөр басуу

Кийинки процедураны аткаруу үчүн арызды өткөрүп берүү

 

 

Процедуранын аягы

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

5-процедуранын алгоритми «Мамлекеттик кызматты керектөөчүнүн жеке кабинетине маалым катты Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы аркылуу электрондук түрдө жөнөтүү»:

 

 

Процедуранын башталышы

 

 

 

 

 

 

 

 

Мамлекеттик кызматты керектөөчүнүн жеке кабинетине маалым катты Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы аркылуу электрондук түрдө жөнөтүү

                                                        

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Процедуранын аягы

 

Кийинки процедураны аткаруу үчүн арызды өткөрүп берүү

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

6-процедуранын алгоритми «Маалым катты Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын аймактык бөлүмүнүн "Бирдиктүү терезе" режиминдеги Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү борборуна/пунктуна жеткирүү»:

 

Процедуранын башталышы

 

 

 

 

 

 

 

 

 

                                                        

 

 

 

 

 

 

Кийинки процедураны аткаруу үчүн арызды өткөрүп берүү

 

 

Процедуранын аягы

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

7-процедуранын алгоритми «Маалым катты берүү»:

 

 

Процедуранын башталышы

 

 

 

 

 

 

 

Мамлекеттик кызматты керектөөчүгө даяр болгон маалым катты берүү

                                                        

 

 

 

 

 

 

 

Процедуранын аягы

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

б) юридикалык жак үчүн:

1-процедуранын алгоритми «Арызды кабыл алуу жана каттоо»:

 

Процедуранын башталышы

 

МТББ менен колдонуудагы  келишимдин болушу жана тапшырылган документтердин толуктугун текшерүү

 

 

 

 

 

 

 

                                                        

 

 

 

 

Арызды каттоо

Юридикалык жакка тапшырылган документтердин толук эместиги жөнүндө

 билдирүү

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

                                                                                                         

 

Кийинки процедураны аткаруу үчүн арызды өткөрүп берүү

 

 

 

 

 

 

 

                                                 

 

Процедуранын аягы

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

2-процедуранын алгоритми «МТББга арызды жеткирүү»:

 

 

 

Процедуранын башталышы

 

МТББга арызды жеткирүү

 

 

 

 

 

 

                                                        

 

 

Процедуранын аягы

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

3-процедуранын алгоритми «Кыргыз Республикасынын аймагында кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгын, соттуулугунун болушун же жоктугун текшерүү»:

 

 

Процедуранын башталышы

 

"Е-Арыз" АМТдан автоматтык түрдө түзүлгөн жазуу жүзүндөгү/электрондук арыздарды кагаз жүзүндө кабыл алуу

 

 

 

 

 

 

 

                                                        

 

 

«Санариптештирүү»

 

 

 

 

 

Автоматташтырылган маалымат тутуму боюнча адамдарды текшерүү

                                                               

 

 

 

Арыздын арткы бетине болгон маалыматты жазуу же адамдын соттуулугунун жоюу мөөнөтүн эсептөө (эгер бар болсо)

 

«Издөө»

Аткаруучунун номурдук мөөрүн басуу

жана күнүн коюу

Процедуранын аягы

 

 

Ыкчам-маалымдама тутуму боюнча адамдарды текшерүү

Контролдук текшерүү (эгерде соттуулугу жөнүндө маалымат болсо)

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

4-процедуанын алгоритми «Маалым катты түзүү»:

 

 

 

Процедуранын башталышы

 

 

 

 

 

 

 

 

Маалым катты басып чыгаруу

                                                        

 

 

 

 

 

 

Кийинки процедураны аткаруу үчүн арызды өткөрүп берүү

 

 

Процедуранын аягы

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

5-процедуранын алгоритми «Маалым катка кол коюу жана мөөр басуу»:

 

 

Процедуранын башталышы

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Маалым катка кол коюу

                                                        

 

 

 

Маалым катка мөөр басуу

Кийинки процедураны аткаруу үчүн арызды өткөрүп берүү

 

 

Процедуранын аягы

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

6-процедуранын алгоритми «Маалым катты Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын "Бирдиктүү терезе" режиминдеги Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү борборуна/пунктуна ички иштер органдарынын аймактык бөлүмүнүн курьери же адиси тарабынан жеткирүү»:

 

 

Процедуранын башталышы

 

 

Маалым катты Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын аймактык бөлүмүнүн "Бирдиктүү терезе" режиминдеги Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү борборуна/пунктуна жеткирүү

 

 

 

 

 

 

 

                                                        

 

 

 

 

Кийинки процедураны аткаруу үчүн арызды өткөрүп берүү

 

 

Процедуранын аягы

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

7-процедуранын алгоритми «Маалым катты берүү»:

 

 

Процедуранын башталышы

 

 

 

 

 

 

 

 

Мамлекеттик кызматты керектөөчүгө даяр болгон маалым катты берүү

                                                        

 

 

 

 

 

 

 

 

Процедуранын аягы

 

 

Жеке маалымат субъектисине анын маалыматтарын үчүнчү жакка берүү жөнүндө билдирүү

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 
  1. Административдик регламенттин талаптарынын

аткарылышын көзөмөлдөө

 

13. Административдик регламенттин талаптарын аткаруу үчүн ички (учурдагы) жана тышкы көзөмөл жүргүзүлөт:

1) Ички көзөмөлдү МТББнын Криминалдык эсепке алуу башкармалыгынын начальниги жүргүзөт.

2) Ички  көзөмөл кызмат адамдары жана кызматкерлер тарабынан административдик регламенттин жоболорунун, ошондой эле кызматты көрсөтүү процессинде кабыл алынган чечимдердин сакталышын жана аткарылышын үзгүлтүксүз текшерүү аркылуу жүргүзүлөт.

3) Текшерүүлөрдүн убагы алты айда 1 (бир) жолу, ал эми мамлекеттик кызматты керектөөчү даттанган учурда - пландан тышкары.

4) Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча административдик регламенттин талаптарынын  аныкталган бузууларын жоюу үчүн чаралар көрүлөт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу маселеси каралат.

14. Кызматтын административдик регламенттин талаптарынын аткарылышына тышкы көзөмөл жылына 1 (бир) жолу жүргүзүлөт:

1) Комиссиянын ишинин жыйынтыгы маалым кат түрүндө түзүлөт, анда административдик регламентти өзгөртүү боюнча сунуштар киргизилиши мүмкүн.

2) Маалым катка  кол коюлган күндөн тартып 3 (үч) жумушчу күндүн ичинде ал мамлекеттик кызматты көрсөтүүчү мекемеге жөнөтүлөт.

Маалым кат алынган күндөн тартып, бир айдын ичинде аныкталган мыйзам бузууларды жана кемчиликтерди жоюу үчүн чаралар жана  мыйзам бузууларга жол берген кызмат адамдарына жана кызматкерлерине тартиптик, административдик чаралар көрүлүүгө тийиш.

Керек учурда административдик регламентке өзгөртүүлөрдү киргизүү да белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

 

8. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги

 

15. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн МТББнын,  Чүй облусунун ИИББнын, облустардын жана Ош шаарынын ИИБнын кызмат адамдары, кызматкерлери Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө Кодексине жана Эмгек Кодексине ылайык жоопкерчиликке тартылышат.  

16. Мамлекеттик кызмат же анын бир бөлүгү жеке жана/же юридикалык жактарга аткаруу үчүн аутсорсинге берилген учурда, кызмат көрсөтүү үчүн административдик регламенттин талаптарын сактоо жоопкерчилиги  бул кызматты камсыз кылган  жооптуу мекемеге жүктөлөт.

 

9. Корутунду жоболор

 

17. Зарылдыгына жараша кызмат көрсөтүү Стандарттарын кайра кароо менен бир убакта  административдик регламент кайра каралууга тийиш.  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

                                                                                                                  Тиркеме 1

 

                                                           Алдыңкы бети

 

                                                                                  Кыргыз Республикасынын

                                                                                         ИИМ МТББнын начальнигине

                                                                                             ______________________________

                                                                                                          аты-жөнү

                                                                                             жаран________________________

                                                                                                            аты-жөнү

                                                                                              жашаган жери ________________

                                                                                                                    дареги

                                                                                             тел.__________________________

 

 

А Р Ы З

 

            Сизден Кыргыз Республикасынын аймагында кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгы жөнүндө, соттуулугунун болушу же жоктугу жөнүндө маалым кат берүүңүздү суранам____________________________________________________________

аты-жөнү (толугу менен)

_____________________________________________________________________________

(жеке идентификациялык номери – эгерде болсо) ________________________________________________________________________

(жазуу жүзүндөгү арыз тапшырууда – аты-жөнү өзгөртүлгөн болсо - көрсөтүү)

_____________________________________________________________________________

туулган жылы, жери (толугу менен)

 

 

Маалым кат алган жери_______________________________________________________                            

                                                         (Кыргыз Республикасынын ИИОнун аймактык бөлүгү)

 

 

Мен муну менен  көрсөтүлгөн маалыматтардын негиздүүлүгүн жана тууралыгын, анын ичинде маалым кат (талап) берилген жерин, ошондой эле аты-жөнүмдүн  аталышы өзгөрбөгөндүгүн тастыктап  кол коем.

 

паспорт___________________

берилген__________________

__________________________

колу_____________________

“_____”___________20____-ж.

 

 

                                                                                                                  Тиркеме 2

 

 

(А-5 форматындагы атайын бланкы)                                                           

 

 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАсынын ИИМ МТББнын ФИРМАЛЫК БЛАНКЫ

 

(МААЛЫМ КАТТЫН ИДЕНТИФИКАТОРУ)                  Кимге: ____________

Түзүлөт: биринчи үч тамгасынан                                               аты-жөнү

фамилиясы, аты, атасынын аты ж/а туулган жылы

 

МААЛЫМ КАТ

Кыргыз Республикасынын аймагында кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгы жөнүндө, соттуулугунун болушу жана жоктугу жөнүндө

 

Фамилиясы, аты, атасынын аты, ЖИН - 11111111111111 Кыргыз Республикасынын аймагында соттуулугу жок/Кыргыз Республикасында кылмыш жоопкерчилигине тартылган/Кыргыз Республикасынын аймагында соттуулугу бар.

 

Ушул маалым катта чагылдырылган маалыматтар, ал берилип жаткан учурда актуалдуу болуп саналат.

 

Бул маалым каттын тууралыгын Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин https://mvd.gov.kg веб-сайты аркылуу штрих-коддун номери  боюнча текшерүүгө болот.

 

Кызматы_______________________________________________Аты-жөнү                              

герби менен мөөр/кол тамгасы         

 

Эскертүү: Ушул маалым катта чагылдырылган маалыматтар, ал берилип жаткан учурда актуалдуу болуп саналат.

 

КУПУЯЛУУЛУК

Көңүл буруңуз! Бул документ Кыргыз Республикасынын 2008 -жылдын 14 -апрелиндеги "Жеке мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө" № 58 Мыйзамына ылайык жеке мүнөздөгү маалыматтарды камтыйт

 

 

 

 

Штрих-коду                 Текшерүү күнү: к/а/ж           бланктын №

 

 

 

Тиркеме 3

 

Типтүү келишим

 

Бишкек шаары                                                               «        »                     20    -ж.                         

 

Уюмдун (ишкананын) аталышы, мындан ары "Тапшырык ээси" деп аталып, бир жагынан директор ________________ негизинде иш алып барат, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгы, мындан ары "Аткаруучу" деп аталып, экинчи жагынан, начальник________________________ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016 -жылдын 17 -июнундагы № 336 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгы жөнүндө жобонун негизинде иш алып барат, бирге-Тараптар деп аталып, төмөндөгү келишимди (мындан ары - Келишим) түзүштү:

 

1. Келишимдин  предмети

 

1.1. "Тапшырык ээси" тапшырат, ал эми "Аткаруучу" Кыргыз Республикасынын аймагында кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгы жөнүндө,  соттуулугу болушу же жоктугу жөнүндө маалым кат берүү түрүндө мамлекеттик кызматты  ишке ашырат.

1.2. "Аткаруучу" нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним кат жана текшерилген адамдардын жазуу түрүндөгү макулдугу менен, "Жеке мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жеке маалымдарды чогултуу жана иштетүү үчүн, төмөнкү документтерди тапшырганда  мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү жүргүзөт:

- белгиленген формадагы арыз (№1 тиркеме);

- текшериле турган адамдардын тизмеси;

- текшерилүүчүлөрдүн инсандыгын ырастоочу документтердин көчүрмөлөрү.

 

2. Тараптардын укуктары жана милдеттери

 

2.1. "Тапшырык ээсинин" укуктары:

- жумушка кайрылган жарандардын, ошондой эле кардарлардын нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним катынын негизинде иш алып барган жооптуу кызматкер аркылуу, инсандыгын ырастоочу документтердин көчүрмөсүн тиркөө менен, ошондой эле алардын жеке маалымдарын чогултууга жана иштетүүгө жазуу жүзүндөгү макулдугу менен "Аткаруучуга" арызды (№1 тиркеме) тапшырат.  Көрсөтүлгөн  материалдар эки нускада берилет;

2.2. " Тапшырык ээсинин " милдеттери:

- Кыргыз Республикасынын аймагында кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгы жөнүндө, соттуулугунун болушу же жоктугу жөнүндө тез арада  акы төлөнүүчү негизде ,  ушул Макулдашуунун 3-бөлүмүнө ылайык, маалым кат берүү түрүндө мамлекеттик кызмат көрсөтүү үчүн"Аткаруучуга" ай сайын төлөмдөрдү төлөп берет. 

2.3. "Аткаруучунун" укуктары:

- керектүү документтер толук эмес болгон учурда, " Аткаруучу " арызды/ сурамды кароосуз кайтарып берет.

2.4. "Аткаруучунун" милдеттери:

- арыздарды текшерүүнү жана "Тапшырык ээсине" 1.1-пунктта көрсөтүлгөн белгиленген мөөнөттө маалым катты/маалыматты берүүнү жүргүзөт.

- мамлекеттик кызматтын баасы өзгөргөн учурда, бул тууралуу " Тапшырык ээсине" сунушталган өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин  беш жумушчу күн мурда тез арада кабарлайт.

 

3. Келишимдин суммасы жана эсептешүү тартиби

 

3.1. Мамлекеттик кызмат "Аткаруучу" тарабынан ишке ашырылат:

- 7 жумушчу күндүн ичинде акысыз;

- тез арада акы төлөнүүчү негизде, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча бекитилген колдонуулудагы Прейскурантына, учурдагы келишимдин 3.2-пунктуна ылайык.

3.2. "Аткаруучу" тарабынан мамлекеттик кызматтарды тез арада акы төлөнүүчү түрдө ишке ашыруу үчүн, "Тапшырык ээси" төмөнкүлөрдү төлөөгө милдеттенет:

- (3 жумушчу күнү) - _____ сом, (Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган бардык салыктарды кошкондо) ар бир текшерилген адамга;

- (1 жумушчу күн) - _____ сом, (Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган бардык салыктарды кошкондо) ар бир текшерилген адамга.

3.3. Эгерде "Аткаруучу" тарабынан сурамдын аткарылышы кошумча текшерүүлөрдү талап кылса, аны аткаруу мөөнөтү "Тапшырык ээси" менен макулдашуу боюнча 3 (үч) жумушчу күнүнө узартылышы мүмкүн.

3.4. Төлөм ар бир айдын аягында,  аткарылган иштердин Актыларына кол коюлгандан кийин (№2 тиркеме), өткөн ай үчүн иш жүзүндө берилген арыздардын суммасын төлөө үчүн эсеби берилген күндөн тартып 5 (беш) жумушчу күндүн ичинде жүргүзүлөт.

3.5. Төлөм ушул Макулдашуунун 7-бөлүмүндө көрсөтүлгөн "Аткаруучунун" эсептешүү эсебине которуу жолу менен жүргүзүлөт.

 

4. Өзгөчө жагдайлар

 

4.1. Эгерде   Келишим түзүлгөндөн кийин өзгөчө кырдаалдардын натыйжасында пайда болгон (форс-мажордук) жагдайларды Тараптар алдын ала көрө албаган же алдын ала аны жоюу үчүн чараларды кабыл албаган болсо, Тараптар бул Макулдашууну жарым-жартылай же толук эмес аткаргандыгы үчүн жоопкерчиликтен бошотулат. Мындай кырдаалдарга төмөнкүлөр кирет: суу каптоо, өрт, жер титирөө, жарылуу, бороон жана башка табигый кубулуштар, пандемия, ошондой эле массалык баш аламандыктар, аскердик аракеттер, өндүрүштө жана региондо иш таштоо, ушул Макулдашууну аткаруунун мүмкүн эместигине алып келген  мамлекеттик бийликтин же администрациянын чечим кабыл алышы. 

4.2. 4.1-пунктта көрсөтүлгөн жагдайлар пайда болгондо жана токтотулганда, бул Келишим боюнча өз милдеттенмелерин аткаруу мүмкүн эмес болгон тарап дароо экинчи тарапка билдирүүгө тийиш.

4.3. Өзгөчө жагдайлардын башталышы Келишимдин аткаруу мөөнөтүнүн узартылышына алып келет.

 

5. Купуялуулук

 

5.1. Тараптар Макулдашуунун шарттары жана аны аткаруу учурунда алынган бардык маалымат/документтер жашыруун болушуна макулдашышты. Ушуга байланыштуу, Тараптар өздөрүнүн карамагында болгон, процессте жана/же Макулдашууну ишке ашырууга байланыштуу аларга белгилүү болгон бардык маалыматтарды/документтерди, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлардан тышкары мындай маалымдарга жана маалыматтарга уруксаты жок жана/же жеткиликтүүлүгү болбогон үчүнчү жактарга жеткиликтүүлүктү, жарыялоону же башка жол менен түз же кыйыр түрдө  өткөрүп бербөөнү/ачыкка чыгарбоону, катуу купуялыкта сактоого жана таратпоого милдеттенишет.

5.2. Маалыматты алган учурда же кийинчерээк жалпыга жеткиликтүү  болуп калса же эгерде бул маалымат аны алуу учурунда мурунтан эле белгилүү болсо, же аны жайылтуу же колдонуу боюнча эч кандай чектөө жок башка булактан каалаган убакта алынган болсо купуялуулуктун шарттары аткарылбайт.

5.3. Маалыматтын купуялуулугун сактоо боюнча милдеттенме, Макулдашуунун ушул бөлүмүндө аныкталгандай, бардык убакытка чейин, ушул Макулдашуунун мөөнөтүнө карабастан, анын ичинде кандайдыр бир себептерден улам Макулдашуу токтотулгандан кийин дагы күчүндө болот.

 

6. Корутунду жоболор

 

6.1. Бул Келишим 2 (эки) нускада, расмий тилде, Тараптардын ар бири үчүн бирдей юридикалык күчкө ээ.

6.2. Бул Макулдашуу эки Тарап кол койгон учурдан тартып күчүнө кирет жана бир календардык жылдын ичинде күчүндө болот. Эгерде Келишимдин мөөнөтү аяктаганга чейин 30 (отуз) күндөн кем эмес, Тараптардын бири дагы экинчи Тарапка Макулдашууну бузуу ниети жөнүндө жазуу түрүндө билдирбеген болсо, Келишим кийинки жылга узартылды деп эсептелет.

6.3. Бул Келишимге киргизилген бардык өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор   эки Тараптын тең кол коюу жолу менен жазуу түрүндө киргизилген болсо, жарактуу деп эсептелет.

6.4. Бул Макулдашуу Тараптардын биринин демилгеси боюнча жазуу жүзүндөгү билдирүү аркылуу токтотулушу мүмкүн. Бул Макулдашууну токтотуу каалоосун билдирген Тарап, өзүнүн ниети жөнүндө  токтотуу күнүнө 30 (отуз) календардык күн калганда Тарапка билдирүүгө тийиш. Бул мезгилде ичинде Тараптар ушул Макулдашууга ылайык өз милдеттенмелерин толук көлөмдө аткарышы керек.

6.5. Сүйлөшүү жолу менен чечилбеген маселелер боюнча Тараптардын ортосунда келип чыгышы мүмкүн болгон бардык талаштар жана пикир келишпестиктер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чечилет.

6.6. Бул Келишимде так каралбаган бардык нерселерде Тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алышат.

 

7. Тараптардын юридикалык даректери, реквизиттери жана колдору

 

"Аткаруучу"                                                                               "Тапшырык ээси"

Кыргыз Республикасынын ИИМ МТББ

Бишкек ш. Фрунзе көч.469

Аты-жөнү____________

"____" ____________ 20___-ж.

 

 

 

 

                                                         Тиркеме 1

                                                                                             №__________Келишимге

 «___»__________20__.

 

 

                                                                                    Кыргыз Республикасынын

                                                                       ИИМдин МТББнын

                                                            начальнигине

 

АРЫЗ

        

          Сизден “_____”____________20____-ж. №___________ Келишимге ылайык, жаран______________________________________________________

                                                  (толук анкеталык маалымдары)

Кыргыз Республикасынын аймагында кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгын, соттуулугунун болушун же жоктугун текшерип берүүңүздү суранам.

 

         Текшерүүнүн максаты:_________________________________________

 

 

 

 

Уюмдун жетекчиси                    кол тамгасы                             Аты-жөнү

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Арткы бети

 

Калк отурукташкан пункту, күнү

Мен, ________________________________________________________________________________________

                                                                    (аты-жөнү)

Жашаган дареги: ______________________________________________________________________________

Өздүгүн ырастоочу документ: ______________________________________ серия ___________ № _________

                                                                        (документтин түрү)

берилген_____________________________________________________________________________________

                                            (берилген күнү)                                           (берген мекеме)

_____________________________________________________(ишенимдүү жак үчүн) атынан иш алып барган

                         (аты-жөнү)

Жашаган дареги:______________________________________________________________________________

Өздүгүн ырастоочу документ: ______________________________________ серия ___________ № _________

                                                                       (документтин түрү)

берилген_____________________________________________________________________________________

                                            (берилген күнү)                                           (берген мекеме)

____________________________________________________________________________________негизинде

                                                    (ишеним кат, мыйзам, башка укуктук акты)

Эркин,аң-сезимдүү, өзүмдүн эрким менен макулдугумду берем _______________________________________

             (маалымат тутумунун ээсинин же менчик ээсинин аталышы ж/а дареги, иштеп чыгуучунун аты-жөнү)

- иштетүү үчүн  ар кандай операция же операциялардын жыйындысы) жеке маалыматтын кармоочусу (ээси) же анын атынан же ансыз  автоматтык түрдө каражаттарды чогултууга, жаздырууга, сактоого, жаңыртууга, топтоо бөгөттөөгө, өчүрүүгө жана жок кылууга максатында жеке маалымдарды), ошондой эле:

- жеке маалымдарды  (жеке маалымдарды кармоочу (ээси) тарабынан) Кыргыз Республикасынын "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө"  Мыйзамына  жана эл аралык келишимдерге ылайык үчүнчү жактарга  берүүгө;

- жеке маалымдарды чек арадан өткөрүүгө (кармоочу (ээси) тарабынан которулушу)жеке маалымдарды кармоочусу башка мамлекеттердин юрисдикциясында жайгашкан) төмөнкү жеке маалымдардын ээлерине:

1. ___________________________________________________________________________________________

2. ___________________________________________________________________________________________

(керектүү маалымдардын тизмесин көрсөтүү, мисалы: фамилиясы, аты жана атасынын аты (мурунку фамилиясы, аты, атасынын аты, күнү, орду жана себеби (өзгөргөн учурда); туулган күнү жана жери; жарандыгы жөнүндө маалымат (анын ичинде мурунку жарандыгы, башка жарандыгы); жеке идентификациялык номери; салык төлөөчүнүн идентификациялык номери, соттуулугунун болушу же жоктугу жөнүндө маалымат; ж.б.).

Кыргыз Республикасынын аймагында  кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгы жөнүндө, соттуулугунун болушу же жоктугу жөнүндө маалым кат берүү түрүндөгү мамлекеттик (муниципалдык) кызматтарды мага  көрсөтүүлөрү  үчүн жогорудагы жеке маалымдарды иштетүү үчүн берем.

Мен төмөндөгүлөр менен тааныштым:

1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык  жеке маалымдарды иштетүүгө макулдук, мага мамлекеттик (муниципалдык) кызматтарды көрсөтүү жана жалпы мөөнөт ичинде кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымдарды сактоо боюнча макулдашууга кол коюлган күндөн тартып күчүндө болот;

2) жеке  маалымдарды  иштетүүгө  макулдук  эркин  түрдө   жазуу жүзүндөгү арыздын

негизинде жокко чыгарылышы мүмкүн;

3) жеке маалымдарды иштетүү макулдугу жокко чыгарылган учурда, менин жеке маалымдарымды иштетүү,  "Жеке мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө"  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын

5 жана 15-беренелерине ылайык толугу менен же жарым-жартылай улантылышы мүмкүн.

Жеке маалымдарды иштетүүнүн башталган күнү:___________________________________________________

                                                                                                       (күнү, айы, жылы)

 «_____» ______________ 20__-ж.

 

________________________________________                                ___________________________________________

                          Кол тамгасы                                                                                          Аты-жөнү

 

                                                           

                                                                    Тиркеме 2

                                                                                             №__________Келишимге

 «___»__________20__-ж.

 

 

Аткарылган иштерди салыштырып текшерүү АКТы

 

1. Уюмдун (ишкананын) аталышы жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин МТББ "____" ___________20__ -ж. № ________ келишим боюнча аткарылган арыздарды салыштыруу боюнча ушул Акты түзүлгөн.

2. Келишимдин 1.1. пунктун аткарууда:

- "Тапшырык ээси" тарабынан 20__ -жылдын  "____" _________ 20__ -жылдын "____" ______ мезгилине чейин ______ адамдарга карата соттуулугунун болушун же жоктугун текшерүү үчүн ______ арыз, анын ичинен ______ арыз тез ара түрүндө акы төлөнүүчү негизде, ______ адамга карата  жөнөтүлгөн.

- "Аткаруучу" тарабынан 20__ -жылдын "____" _________ 20__ -жылдын "____" ______ __ чейинки мезгилде кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгын текшерүү үчүн ______ арызды, ______ адамдарга карата соттуулугунун болушун же жоктугун канааттандырган, анын ичинен ______ арыз тез ара түрүндө акы төлөнүүчү негизде, ______ адамга карата аткарылган.

 

№ п/п

Аткаруу мөөнөтү

Текшерилген адамдардын саны

Бирдиктүү кызмат көрсөтүү үчүн баасы

Жалпы суммасы

1

1 жумушчу күн

 

 

 

2

3 жумушчу күн

 

 

 

3

7 жумушчу күн

(акысыз)

 

 

 

Бардыгы:

 

 

 

 

3. Бул Акт 2 (эки) нускада түзүлгөн, "Тапшырык ээси" жана "Аткаруучу" үчүн бирден нуска.

 

КР ИИМ МТББнын башкармалыгынын начальниги

 

КР ИИМ МТББнын башкармалыгынын бөлүмүнүн начальниги

 

Уюмдун кызматкери (Тапшырык ээсинин)

Тиркеме 4

 

 

 

 

_________________________________________

(бөлүмдүн  аталышы)

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын аймагында кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгы жөнүндө, соттуулугунун болушу же жоктугу жөнүндө жарандарга берилген маалым каттарды эсепке алуу

Ж У Р Н А Л Ы

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

                                                                 Башталды  «___»_________20___-ж.

                                                                 Бүттү           «___»_________20___-ж.

 

 

 

Маалым каттын түрү

(1, 3, 7 жумушчу күн)

Мамлекеттик кызматты керектөөчүнүн    аты-жөнү

Мамлекеттик кызматты керектөөчүнүн ишенимдүү адамынын аты-жөнү

Арыз тапшыруу күнү

Бөлүмдөргө маалым катты берүү күнү

Маалым катты берген, бөлүмдүн кызматкеринин аты-жөнү

Маалым катты алган адамдын колу

1

2

3

4

5

6

7

8