facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан маалымат берүү чөйрөсүндө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин буйругунун долбоору.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 токтому менен бекитилген, Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине киргизилген маалыматтарды берүү жаатында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө” буйругунун долбооруна сын-пикирлерди жана сунуштарды Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын башчысы, милициянын майору Р.Т. Казиевага жөнөтүүнү өтүнөбүз, дареги: Бишкек ш. Фрунзе көчөсү № 469, эл. почта: rkazieva@guit.mvd.kg, тел. 0312 26-60-52, факс: 0312 26-64-51.  

                                                                                                                                                                                         

                                                                                                                                                                                            Долбоор

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН

ИЧКИ ИШТЕР МИНИСТРЛИГИНИН

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 токтому менен бекитилген Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине киргизилген Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан маалымат берүү жаатында көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө

БУЙРУГУ

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын
3-мартындагы №115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуучу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына берүү жөнүндө” токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-сентябрындагы № 603 “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн типтүү стандарты жөнүндө” токтомунун 2-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына берилген айрым ченем жаратуучу ыйгарым укуктарынын тизмесинин
2-пунктуна ылайык,  Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана анын аймактык бөлүмдөрү тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында,  буйрук кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралдагы № 85 токтому менен бекитилип, Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине киргизилген Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан маалымат берүү жаатында көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн төмөнкү стандарттары бекитилсин:

1) “Кыргыз Республикасынын аймагында адамдын кылмыш-жаза  жоопкерчилигине тартылгандыгы, соттуулугу бар же жоктугу тууралуу маалымдама берүү” (Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеси) 6-глава 39-пункт) 1-тиркемеге ылайык;

2) “Кыргыз Республикасынын аймагында адамдын кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылгандыгы, соттуулугу бар же жоктугу тууралуу маалымдаманы тез арада акы төлөмө негизде берүү” (Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеси), 6-глава, 39-1-пункт)
2-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгына:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын
26-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоонун булактары жөнүндө” токтомуна ылайык бул буйруктун “Эркин-Тоо” гезитинде же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий веб-сайтында расмий жарыяланышы камсыз кылынсын;

2) расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде бул буйрукту эки нускада мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук алып жүрүүчүлөрдө жарыялоо булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде киргизүү үчүн жөнөтүлсүн;

3) бул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде эки нускада мамлекеттик жана расмий тилдерде буйруктун көчүрмөлөрү Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жөнөтүлсүн;

4) мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жогоруда көрсөтүлгөн стандарттарына ылайык мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү боюнча иштер уюштурулсун;

5) көрсөтүлгөн кызматтарды көрсөтүүнүн сапатын жана оптималдаштырууну андан ары жакшыртуу боюнча чаралар көрүлсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Басма сөз кызматы бул буйрукту Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин расмий сайтына жарыяласын.

4. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Катчылыгы бул буйрукту Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгына жана министрликтин мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүчү аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерине тааныштырсын.

5. Бул буйруктун талаптарынын аткарылышы үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын башчысынын орун басарына жана министрликтин мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүчү аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерине жүктөлсүн.

6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары - Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын башчысы, милициянын генерал-майору С.Н. Ниязбековго жүктөлсүн.

7. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумушчу күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Министр

милициянын генерал-лейтенанты                                   У.О. Ниязбеков

 

 

 

 

                                                                                                                                                                                         Долбоор

 

                                                                                                                                                    Кыргыз Республикасынын

                                                                                                                                                     ИИМдин

                                                                                                                                                      _______________2023-ж.

                                                                                                                                                      №_____ буйругуна

                                                                                                                                                      1-тиркеме

 

Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарты

«Кыргыз Республикасынын аймагында адамдын кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылгандыгы, соттуулугунун бар же жоктугу тууралуу маалымдама берүү»
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 токтому менен бекитилген аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеси) 6-глава 39-пункт)

 

 13. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту

1

Кызмат көрсөтүүнүн аталышы

Кыргыз Республикасынын аймагында адамдын кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылгандыгы, соттуулугунун бар же жоктугу тууралуу маалымдама берүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеси), 6-глава, 39-пункт

2

Кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы

Адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, укуктук тартипти сактоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - КР ИИМ).

КР ИИМдин маалыматтык-телекоммуникациялык технологияларды КР ИИМдин ишине киргизүү жана колдонуу чөйрөсүндөгү ведомстволук бөлүмү.

КР ИИМдин аймактык бөлүмдөрү

3

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар

Жеке жактар

4

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери

 

“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

"Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

“Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

“Электрондук башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

“Электрондук колтамга жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-июнундагы № 336 “Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгын түзүү жөнүндө” токтому;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө” токтому;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-октябрындагы № 525 “Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталын пайдалануу эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтому;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-апрелиндеги № 200 “Түндүк” электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасындагы маалыматтык системалардын өз ара аракеттенүүсүнө карата талаптарды бекитүү жөнүндө" токтому

5

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн акыркы натыйжасы

 

 

 

 

                            

Маалым кат:

- мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн Кыргыз Республикасынын аймагында соттуулугу тууралуу;

- мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн Кыргыз Республикасынын аймагында кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылбагандыгы жана соттуулугунун жоктугу тууралуу;

- мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылгандыгы тууралуу маалымат жөнүндө

6

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты

Кызматтарды көрсөтүү электрондук жана кагаз түрүндө төмөнкүдөй жүргүзүлөт:

- электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы (portal.tunduk.kg) аркылуу электрондук форматта, төмөнкүлөр болгон шартта:

1) интернет байланышы;

2) электрондук-санариптик колтамга;

- кагаз түрүндө - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайда жандуу жана/же электрондук кезек күтүү принциби боюнча;

- жарандардын, анын ичинде көрүү жана угуу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын жана таяныч-кыймыл аппараты бузулгандыгына байланыштуу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын (мындан ары - ДМЧА) пандустар, кармагычтар менен жабдылган имаратка (имараттарга, жайларга) жана санитардык гигиеналык жайларга (ажатканаларга, жуунуучу бөлмөлөргө) тоскоолдуксуз кирүү мүмкүндүгү болгондо.

Имараттарда күтүп тургандар үчүн орундар, ажатканалар (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияларга кошулуу мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда - сырттагы ажатканалар) бар, жылуулук, суу түтүктөрү, телефондор менен жабдылган.

Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгер алар имаратка көтөрүлө албаса, кызматкер арызды кабыл алуу үчүн өзү түшүп келет.

Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүү жеринде кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги жайгаштырылат.

Иштөө убактысы: дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 9.00дөн 18.00гө чейин, түшкү тыныгуу 12.00дөн 13.00гө чейин.

Мамлекеттик кызмат көрсөтүү үчүн арыз иш күндөрү саат 09.00дөн 18.00гө чейин кабыл алынат, электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу арызды кабыл алуу күнү-түнү жүргүзүлөт.

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн натыйжасын берүү: иш күндөрү саат 16.00дөн 18.00гө чейин жүргүзүлөт. Керектөөчү иш убактысы аяктагандан кийин, дем алыш жана майрам күндөрү кайрылганда Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык арыздарды кабыл алуу жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн натыйжаларын берүү кийинки иш күнүндө жүргүзүлөт.

7

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү - 7 жумуш күндөн ашпайт.

Арыз электрондук форматта толтурулат жана берилет - 2-10 мүнөт.

Кызмат көрсөтүүнүн натыйжасын берүү үчүн чектелген убакыт, кагаз форматында - 5-20 мүнөт

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү

8

Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү

Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот:

- КР ИИМдин коомдук кабылдамасынан;

- КР ИИМдин сайтынан: https://mvd.gov.kg;

- КР ИИМге жеке кайрылууда;

- portal.tunduk.kg Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында;

- КР ИИМдеги маалымат такталарында, брошюралардан, буклеттерден.

Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет

9

Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары (бардык мүмкүн болгон ыкмаларды мүнөздөө же санап кетүү)

Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат:

- ЖМК (гезит, радио, телекөрсөтүү);

- КР ИИМдин сайты: https://mvd.gov.kg;

- маалымат такталары, брошюралар, буклеттер;

- жеке кайрылуу жана телефон аркылуу байланыштуу;

- portal.tunduk.kg Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы;

- КР ИИМдин коомдук кабылдамасы.

Даректер, телефон номерлери жана иштөө режими, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарты менен чогуу КР ИИМдин тактасында, сайтында жайгаштырылат

Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү

10

Келүүчүлөр менен пикир алмашуу

КР ИИМдин аймактык бөлүмдөрүндө кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлеринин кабинеттеринин каалгаларына маалыматтык табличкалар илинет.

Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейджилери) бар.

Келүүчүлөр менен баарлашууда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташат: сылык, ак ниеттүү, сыпайы, чыдамкай, принциптүү, маселенин маани-маңызын терең түшүнүүгө умтулуу, сүйлөшүп жаткан адамды уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынуучу чечимдерди аргументтөө.

Бардык кызматкерлер кызматтык нускаманы (функциялык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, жарандарга карата этикалык, көз карандысыздык жана объективдүүлүктү камсыз кылуучу жана кызыкчылыктардын кагылышуусун четтетүүчү кесиптик-этикалык ченемдерди сактоосу керек.

Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктарга ээ адамдар үчүн (ДМЧА, кары-картаң пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) баарлашуу жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада берилет

11

Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары

Арыз ээси жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн

12

Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү электрондук форматта алуу үчүн керектөөчү Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы portal.tunduk.kg аркылуу электрондук суроо-талапты жөнөтүшү керек.

Электрондук форматта суроо-талапты берүүгө талаптар Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында көрсөтүлгөн.

Электрондук өтүнмө мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчү Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталына өтүнмөнү берген учурда түзүлүүчү PDF (Portable Document Format) форматындагы электрондук документ болуп саналат.

Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу жиберилүүчү электрондук өтүнмө Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталын пайдалануунун белгиленген эрежелерине ылайык мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн квалификацияланган электрондук колтамгасы менен ырасталууга тийиш.

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчү жеке кабинетинде электрондук өтүнмөнүн статусуна байкоо жүргүзө алат.

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн натыйжасы электрондук форматта мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн жеке кабинетине Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында штрих-код менен электрондук түрдө жиберилет.

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү кагаз түрүндө алуу үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчү инсандыгын ырастоочу документти көрсөтүүсү зарыл.

Эгерде мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчү кызмат көрсөтүүнү өз алдынча алуу үчүн органга кайрыла албаган учурда, башка жеке жак кызмат көрсөтүүнү алууга муктаж болуп жаткан жарандын нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним каты жана паспортунун көчүрмөсү менен кайрыла алат.

Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн инсандыгын ырастоочу документти мамлекеттик же расмий тилге расмий котормосу менен көрсөтүүсү зарыл.

Эгерде мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчү бала болсо, ата-энеси (асырап алуучу) анын инсандыгын ырастоочу документти, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн/паспортун, ал эми баланы асырап алган учурда - ошондой эле асырап алуу жөнүндө күбөлүктү көрсөтүшү керек.

Эгерде мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчү камкорчулук (көзөмөлчүлүк) белгиленген адам болсо, камкорчуга (көзөмөлчүгө) анын инсандыгын ырастоочу документти, камкорчулукка алынгандын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн/паспортун жана камкорчулукту (көзөмөлчүлүктү) белгилөө жөнүндө соттун чечимин көрсөтүү зарыл. Кызмат көрсөтүү максатында кызмат көрсөтүүчү белгиленген тартипте “Түндүк” электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу арыз ээси жөнүндө башка мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан маалымат алууга укуктуу

13

Акы төлөөчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы

Мамлекеттик кызмат акысыз көрсөтүлөт

14

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер боюнча аныкталат:

- кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүүлүгү жана өз убагында болуусу;

- жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этникалык таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий же башка көз карашы, билими, мүлк жана башка ынанымы, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө;

- жеткиликтүүлүк, жарандардан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу;

- кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү;

- мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультация берүү;

- аягындагы жыйынтыктын (алынган кызмат көрсөтүүнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө ылайык келүүсү;

- жарандардын даттануулары жана сунуштары китебинин жеткиликтүү жерде болуусу

15

Электрондук форматта кызмат көрсөтүү

Кызмат көрсөтүүлөр portal.tunduk.kg Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу электрондук форматта жүргүзүлөт.

Онлайн интерактивдүүлүк стадиясы - 5

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби

16

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алууга суроо-талап жөнөтүлгөндө мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчү тарабынан жалган маалыматтар берилсе же ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн документтер берилбеген учурда кызмат көрсөтүүдөн баш тартылышы мүмкүн

17

Даттануу тартиби

Кызматтар талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда арыз ээси КР ИИМдин жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө даттануу менен кайрылууга укуктуу.

Даттануу жазуу жүзүндө, электрондук же оозеки түрдө берилет.

Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилет жана кызмат көрсөтүүнү алуучунун аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле даттануунун маңызын, кызмат көрсөтүүнү алуучунун колтамгасын, датасын камтышы керек.

Электрондук даттануу https://mvd.gov.kg расмий сайтында көрсөтүлгөн электрондук почтага берилет.

Электрондук даттанууда кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн толук аты-жөнү, жашаган дареги, телефон номери, даттануунун маңызы милдеттүү түрдө көрсөтүлөт.

Даттануулар КР ИИМдин жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте каралат. Жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылуу жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылуу катталган күндөн тартып 14 жумуш күндүн ичинде каралат.

Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда арыз ээси КР ИИМдин чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу

18

Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароо мезгили

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүгү менен туруктуу негизде кайра каралып туруусу керек

 

                                                                                                                                                                                       Долбоор

                                                                                                                                                                   Кыргыз Республикасынын

                                                                                                                                                                   ИИМдин

                                                                                                                                                                   _______________2023-ж.

                                                                                                                                                                   №_____ буйругуна

                                                                                                                                                                   2-тиркеме

 

Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарты

«Кыргыз Республикасынын аймагында адамдын кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылгандыгы, соттуулугунун бар же жоктугу тууралуу тез аранын ичинде акы төлөмө негизде маалымдама берүү»
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 токтому менен бекитилген аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеси) 6-глава 39-1-пункт)

 

14. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту

1

Кызмат көрсөтүүнүн аталышы

Кыргыз Республикасынын аймагында адамдын кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылгандыгы, соттуулугунун бар же жоктугу тууралуу маалымдаманы тез аранын ичинде акы төлөмө негизде берүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеси), 6-глава, 39-1-пункт

2

Кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы

Адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, укуктук тартипти сактоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары – КР ИИМ).

КР ИИМдин маалыматтык-телекоммуникациялык технологияларды КР ИИМдин ишине киргизүү жана колдонуу чөйрөсүндөгү ведомстволук бөлүмү.

КР ИИМдин аймактык бөлүмдөрү

3

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар

Жеке жактар

4

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери

 

 

“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

“Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

“Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

“Электрондук башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

“Электрондук колтамга жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-июнундагы № 336 “Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгын түзүү жөнүндө” токтому;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө” токтому;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-октябрындагы № 525 “Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталын пайдалануу эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтому;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-апрелиндеги № 200 “Түндүк” электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасындагы маалыматтык системалардын өз ара аракеттенүүсүнө карата талаптарды бекитүү жөнүндө" токтому;

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-февралындагы № 86 “Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун калкына мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү жөнүндө” токтому

5

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн акыркы натыйжасы

Маалымкат:

- мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн Кыргыз Республикасынын аймагында соттуулугу тууралуу;

- мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн Кыргыз Республикасынын аймагында кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылбагандыгы жана соттуулугунун жоктугу тууралуу;

- мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылгандыгы тууралуу маалымат жөнүндө

6

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты

Кызматтарды көрсөтүү электрондук жана кагаз түрүндө төмөнкүдөй жүргүзүлөт:

- электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы (portal.tunduk.kg) аркылуу электрондук форматта, төмөнкүлөр болгон шартта:

1) интернет байланышы;

2) электрондук-санариптик колтамга;

- кагаз түрүндө - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайда жандуу жана/же электрондук кезек күтүү принциби боюнча;

- жарандардын, анын ичинде көрүү жана угуу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын жана таяныч-кыймыл аппараты бузулгандыгына байланыштуу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын (мындан ары - ДМЧА) пандустар, кармагычтар менен жабдылган имаратка (имараттарга, жайларга) жана санитардык гигиеналык жайларга (ажатканаларга, жуунуучу бөлмөлөргө) тоскоолдуксуз кирүү мүмкүндүгү болгондо.

Имараттарда күтүп тургандар үчүн орундар, ажатканалар (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияларга кошулуу мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда - сырттагы ажатканалар) бар, жылуулук, суу түтүктөрү, телефондор менен жабдылган.

Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгер алар имаратка көтөрүлө албаса, кызматкер арызды кабыл алуу үчүн өзү түшүп келет.

Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүү жеринде кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги жайгаштырылат.

Иштөө убактысы: дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 9.00дөн 18.00гө чейин, түшкү тыныгуу 12.00дөн 13.00гө чейин. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү үчүн арыз кабыл алуу иш күндөрү жүргүзүлөт:

- 3 жумушчу саатка арыз 9.00дөн 14.30гө чейин кабыл алынат, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн  натыйжаларын берүү арыз берген күнү жүргүзүлөт.

Арыз саат 14.30дөн кийин берилген учурда, арызды текшерүү кийинки жумушчу күнү аткарылат жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн натыйжаларын берүү саат 12.00дө жүргүзүлөт;

- 1 жумушчу күнгө арыз саат 00.00дөн 17.00гө чейин кабыл алынат.

Арыз саат 17.00дөн кийин берилсе, арызды текшерүү кийинки жумушчу күнү аткарылат жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн натыйжасын берүү бир жумушчу күндөн кийин жүргүзүлөт.

- 3 жумушчу күнгө арыз саат 00.00дөн 23.59га чейин кабыл алынат.

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн натыйжасын берүү: иш күндөрү саат 16.00дөн 18.00гө чейин жүргүзүлөт. Керектөөчү иш убактысы аяктагандан кийин, дем алыш жана майрам күндөрү кайрылганда Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык арыздарды кабыл алуу жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн натыйжаларын берүү кийинки иш күнүндө жүргүзүлөт.

7

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү:

  • 3 жумушчу саат;
  • 1 жумушчу күн;
  • 3 жумушчу күн.

 Маалымкатты берүү кошумча текшерүүлөрдү талап кылган учурда мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн макулдугу менен үч жумуш күнгө узартылышы мүмкүн.

Арыз электрондук форматта толтурулат жана берилет - 2-10 мүнөт.

Кызмат көрсөтүүнүн натыйжасын берүү үчүн чектелген убакыт, кагаз форматында - 5-20 мүнөт.

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү

8

Керектөөчүлөргө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү

Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот:

- КР ИИМдин коомдук кабылдамасынан;

- КР ИИМдин сайтынан: https://mvd.gov.kg;

- КР ИИМге жеке кайрылууда;

- portal.tunduk.kg Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында;

- КР ИИМдеги маалымат такталарында, брошюралардан, буклеттерден.

Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет

9

Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары (бардык мүмкүн болгон ыкмаларды мүнөздөө же санап кетүү)

Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат:

- ЖМК (гезит, радио, телекөрсөтүү);

- КР ИИМдин сайты: https://mvd.gov.kg;

- маалымат такталары, брошюралар, буклеттер;

- жеке кайрылуу жана телефон аркылуу байланышуу;

- portal.tunduk.kg Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы;

- КР ИИМдин коомдук кабылдамасы.

Даректер, телефон номерлери жана иштөө режими, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарты менен чогуу КР ИИМдин тактасында, сайтында жайгаштырылат

Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү

10

Келүүчүлөр менен пикир алмашуу

КР ИИМдин аймактык бөлүмдөрүндө кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлеринин кабинеттеринин каалгаларына маалыматтык табличкалар илинет.

Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейджилери) бар.

Келүүчүлөр менен баарлашууда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташат: сылык, ак ниеттүү, сыпайы, чыдамкай, принциптүү, маселенин маани-маңызын терең түшүнүүгө умтулуу, сүйлөшүп жаткан адамды уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынуучу чечимдерди аргументтөө.

Бардык кызматкерлер кызматтык нускаманы (функциялык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, жарандарга карата этикалык, көз карандысыздык жана объективдүүлүктү камсыз кылуучу жана кызыкчылыктардын кагылышуусун четтетүүчү кесиптик-этикалык ченемдерди сактоосу керек.

Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктарга ээ адамдар үчүн (ДМЧА, кары-картаң пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) баарлашуу жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада берилет

11

Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары

Арыз ээси жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн

12

Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү кагаз түрүндө алуу үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчү өзүнүн идентификациялык жеке номерин (мындан ары - ИЖН), маалымкат алынган жерин, телефон номерин киргизиши зарыл жана автоматташтырылган маалыматтык системага туташтырылган электрондук капчык, интернет/мобилдик банкинг же төлөм терминалы аркылуу акы төлөм жүргүзүшү керек, анын натыйжасында КР ИИМинде арыз автоматтык түрдө түзүлөт.

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү электрондук форматта алуу үчүн керектөөчү Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы portal.tunduk.kg аркылуу электрондук суроо-талапты жөнөтүшү керек. Электрондук форматта суроо-талапты берүүгө талаптар Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында көрсөтүлгөн.

Электрондук өтүнмө мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчү Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталына өтүнмөнү берген учурда түзүлүүчү PDF (Portable Document Format) форматындагы электрондук документ болуп саналат. Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу жиберилүүчү электрондук өтүнмө Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталын пайдалануунун белгиленген эрежелерине ылайык мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн квалификацияланган электрондук колтамгасы менен ырасталууга тийиш. Төлөм Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынын онлайн-төлөм сервиси аркылуу төлөнөт, ал автоматтык түрдө электрондук төлөмдөрдүн мамлекеттик системасына жөнөтүлөт.

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчү жеке кабинетинде электрондук өтүнмөнүн статусуна байкоо жүргүзө алат.

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн натыйжасы электрондук форматта мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн жеке кабинетине Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында штрих-код менен электрондук түрдө жиберилет.

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн натыйжасын кагаз түрүндө алуу үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчү инсандыгын ырастоочу документти жана кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция көрсөтүүсү зарыл.

Эгерде мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчү кызмат көрсөтүүнү өз алдынча алуу үчүн органга кайрыла албаган учурда, башка жеке жак кызмат көрсөтүүнү алууга муктаж болуп жаткан жарандын нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним каты жана паспортунун көчүрмөсү менен кайрыла алат.

Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн инсандыгын ырастоочу документти мамлекеттик же расмий тилге расмий котормосу менен көрсөтүүсү зарыл.

Эгерде мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчү бала болсо, ата-энеси (асырап алуучу) анын инсандыгын ырастоочу документти, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн/паспортун, ал эми баланы асырап алган учурда - ошондой эле асырап алуу жөнүндө күбөлүктү көрсөтүшү керек.

Эгерде мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчү камкорчулук (көзөмөлчүлүк) белгиленген адам болсо, камкорчуга (көзөмөлчүгө) анын инсандыгын ырастоочу документти, камкорчулукка алынгандын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн/паспортун жана камкорчулукту (көзөмөлчүлүктү) белгилөө жөнүндө соттун чечимин көрсөтүү зарыл.

Кызмат көрсөтүү максатында кызмат көрсөтүүчү белгиленген тартипте "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу арыз ээси жөнүндө башка мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан маалымат алууга укуктуу

13

Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы

Мамлекеттик кызмат акы төлөө негизинде көрсөтүлөт.

Баалардын прейскуранты монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча КР ИИМдин жетекчисинин буйругу менен бекитилет.

Кызмат көрсөтүүнүн наркы баалардын прейскурантында чагылдырылат, ал КР ИИМдин маалымат такталарына жана расмий сайтына www.mvd.kg жайгаштырылат (https://mvd.gov.kg;).

Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун калкына кызмат акысыз көрсөтүлөт - 1 жумушчу күн

14

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер боюнча аныкталат:

- кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүүлүгү жана өз убагында болуусу;

- жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этникалык таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий же башка көз карашы, билими, мүлк жана башка ынанымы, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө;

- жеткиликтүүлүк, жарандардан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу;

- кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык- тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү;

- мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультация берүү;

- аягындагы жыйынтыктын (алынган кызмат көрсөтүүнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө ылайык келүүсү;

- жарандардын даттануулары жана сунуштары китебинин жеткиликтүү жерде болуусу

15

Электрондук форматта кызмат көрсөтүү

Кызмат көрсөтүүлөр portal.tunduk.kg Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу электрондук форматта жүргүзүлөт.

Онлайн интерактивдүүлүк стадиясы - 5.

Ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчү автоматташтырылган маалыматтык системага туташтырылган мобилдик тиркемелер, анын ичинде интернет/мобилдик банкинг, электрондук капчык же төлөм терминалы аркылуу суроо-талап берүү этабында кызмат жарым-жартылай электрондук форматта көрсөтүлөт, анын натыйжасында КР ИИМинде арыз автоматтык түрдө түзүлөт

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби

16

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алууга суроо-талап жөнөтүлгөндө мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчү тарабынан жалган маалыматтар берилсе же ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн документтер берилбеген учурда кызмат көрсөтүүдөн баш тартылышы мүмкүн

17

Даттануу тартиби

Кызматтар талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда арыз ээси КР ИИМдин жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө даттануу менен кайрылууга укуктуу.

Даттануу жазуу жүзүндө, электрондук же оозеки түрдө берилет.

Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилет жана кызмат көрсөтүүнү алуучунун аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле даттануунун маңызын, кызмат көрсөтүүнү алуучунун колтамгасын, датасын камтышы керек.

Электрондук даттануу https://mvd.gov.kg расмий сайтында көрсөтүлгөн электрондук почтага берилет.

Электрондук даттанууда кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн толук аты-жөнү, жашаган дареги, телефон номери, даттануунун маңызы милдеттүү түрдө көрсөтүлөт.

Даттануулар КР ИИМдин жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте каралат.

Жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылуу жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылуу катталган күндөн тартып 14 жумуш күндүн ичинде каралат.

Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда арыз ээси КР ИИМдин чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу

18

Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароо мезгили

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүгү менен туруктуу негизде кайра каралып туруусу керек

 

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 токтому менен бекитилген, Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине киргизилген маалыматтарды берүү жаатында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө” буйругунун долбооруна

НЕГИЗДЕМЕ-МААЛЫМ КАТ

 

1. Максаты жана милдети

Сунушталган Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин буйругунун долбоорунун (мындан ары - буйруктун долбоору) максаты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 токтому менен бекитилген, Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине киргизилген маалыматтарды берүү жаатында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын кайра карап чыгуу жана бекитүү болуп саналат.

Сунушталган буйруктун долбоорунун милдети Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы
№ 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуучу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына берүү жөнүндө” токтомунун
4-пунктун ишке ашыруу, чечимдерди ушул токтомго ылайык келтирүү болуп саналат.

2. Баяндоочу бөлүк

Учурда Кыргыз Республикасынын аймагында адамдын кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгы, соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалым кат Мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталы аркылуу электрондук форматта, ошондой эле кагаз түрүндө, акысыз  (7 жумушчу күндө) жана тез ара түрүндө акы төлөнүүчү негизде (1 жумушчу күндө же 3 жумушчу күндө) берилет. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун калкы үчүн белгиленген маалым кат тез ара түрүндө (1 жумушчу күндө) акысыз берилет.

Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө жүргөн жарандарынын кайрылуу учурларында, алар жүргөн өлкөдө талап кылган жерине берүү үчүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 31-мартындагы № 77-т токтомуна ылайык, маалым каттарды кагаз түрүндө Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине өткөрүп берүү камсыздалып келет.

Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү жол-жоболорун жакшыртуу жана жарандардын аларга жеткиликтүүлүгүн жеңилдетүү максатында республиканын аймагында 7 борбор (Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгында, Жалал-Абад, Ош,   Баткен, Нарын, Ысык-Көл жана Талас облустарынын Ички иштер башкармалыктарында) жана «Бирдиктүү терезе» режиминде мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү боюнча 38 пункт ачылган (Жайыл, Ала-Бука, Токтогул, Алай, Кара-Кулжа, Ноокат, Өзгөн, Кадамжай, Лейлек, Кочкор, Ак-Талаа, Ат-Башы, Жумгал, Ысык-Көл, Жети-Өгүз, Тоң, Ак-Суу, Түп, Айтматов, Манас, Бакай-Ата, Талас, Ноокен, Араван, Тогуз-Торо, Аксы, Чаткал, Базар-Коргон, Ысык-Ата, Сокулук жана Чоң-Алай райондорунун ички иштер бөлүмдөрүндө, Токмок, Кара-Көл, Таш-Көмүр, Кызыл-Кыя, Сүлүктү, Балыкчы, Майлуу-Суу шаарларынын ички иштер бөлүмдөрүндө).

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаровдун 2023-жылдын 31-мартындагы көчмө кеңешмесинин
№ 26-2406 сандуу протоколунун 7-пункту менен Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу “Түндүк” мамлекеттик мекемеси менен биргеликте 1 сааттын ичинде соттолбогондугу тууралуу маалым кат берүүнү камсыз кылуу тапшырылды.

Сунушталган буйруктун долбоорунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомунун алкагында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын
10-февралындагы  № 85 токтому менен бекитилген Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине киргизилген маалыматтарды берүү жаатында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн төмөнкү стандарттарын бекитүү каралган:

- “Кыргыз Республикасынын аймагында адамдын кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылгандыгы, соттуулугу бар же жоктугу тууралуу маалымдама берүү” (Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги) 6-глава 39-пункт), ал жерге арыздарды кабыл алуу жана маалым каттарды берүү боюнча иш графигин көрсөтүү менен киргизилет;

- “Кыргыз Республикасынын аймагында адамдын кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылгандыгы, соттуулугунун бар же жоктугу тууралуу маалымдаманы тез аранын ичинде акы төлөмө негизде берүү” (Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн реестри (тизмеги) 6-глава, 39-1-пункт), ал жерге мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн кошумча  мөөнөтү - 3 жумушчу сааты арыздарды кабыл алуу жана маалым каттарды берүү боюнча иш графигин көрсөтүү менен киргизилет.

Бүгүнкү күндө, Кыргыз Республикасынын аймагында адамдын кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгы, соттуулугунун бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды текшерүү кызматкерлер тарабынан жарым автоматташтырылган режимде маалыматтык системалардан, ыкчам-маалымдама картотекасынан  жана архивден маалыматтарды тактоо, окшош жеке маалыматтарды аныктоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын  Кылмыш-жаза кодексине жана Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине ылайык,  соттолгондугун жоюу мөөнөтүн эсептөө физикалык эмгекти колдонуу менен жүргүзүлгөндүгүнө байланыштуу, жогоруда көрсөтүлгөн маалым каттарды 1 сааттын ичинде берүүнү камсыз кылуу мүмкүн эмес.  

Маалым кат берүү процессин толук автоматташтырууну камсыз кылуу максатында бардык колдо болгон алфавиттик карталар сканерден өткөрүлдү жана кызматкерлер тарабынан Кыргыз Республикасынын сот жана прокуратура органдарынан келген маалыматтар менен маалымат базаларында камтылган маалыматтарды санариптештирүү жана жаңыртуу боюнча тынымсыз иштер жүргүзүлүүдө.

Бирок, азыркы учурда бул маалым каттарды алуу үчүн жарандардын арыздарын, ошондой эле мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, укук коргоо органдарынан жана республиканын ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнөн келип түшкөн суроо-талаптарын аткарууда, сот органдарынан акыркы процессуалдык чечимдерди  алуу менен түшүндүрмөлөрдү даярдоодо кызматкерлердин жүктөмү бар,  ага белгилүү бир убакыт талап кылынат.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары А.А. Касымалиевдин (2023-жылдын 25-апрелиндеги № 25007)  тапшырмасын аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги тарабынан “ЕАЭБде иштөө” долбоорунун мобилдик тиркемесинин улуттук сегментин иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу тобу түзүлдү, ага байланыштуу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги “ЕАЭБде иштөө” долбоорунун мобилдик тиркемеси аркылуу мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн суроо-талапты берүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу үчүн техникалык маселелерди иштеп чыгууда. Ушуга байланыштуу “Кыргыз Республикасынын аймагында адамдын кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылгандыгы, соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө тез арада акы төлөнүүчү негизде маалым кат берүү” мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн  стандартына тиешелүү өзгөртүү киргизүү сунушталууда.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жогоруда көрсөтүлгөн буйругунун долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы № 191-т токтому менен түзүлгөн, Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү системасын оптималдаштыруу боюнча ведомстволор аралык комиссия тарабынан 2023-ж. 22-ноябрында каралып, жактырылган.

3. Мүмкүн болгон социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттердин болжолдору

Сунушталган буйруктун долбоорун кабыл алуу терс социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык же коррупциялык кесепеттерге алып келбейт.

4. Коомдук талкуунун жыйынтыктары жөнүндө маалымат

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 токтому бекитилген, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өткөрүп берилген ченем жаратуу ыйгарым укуктарын ишке ашыруу тартиби жөнүндө жобонун 12-пунктуна ылайык ушул буйрук долбоору “____”__________2023-ж. коомдук талкуулоо уюштуруу максатында, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталынын сайтына, ошондой эле мамлекеттик Кыргыз Республикасынын ИИМдин веб-сайтына жайгаштырылган.

5. Долбоордун мыйзамдарга шайкеш келишине талдоо жүргүзүү

Сунушталган буйруктун долбоору колдонуудагы мыйзамдардын, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине карама-каршы келбейт.

6. Каржылоонун булактары жана зарылдыгы жөнүндө маалымат

Сунушталган буйруктун долбоорун кабыл алуу республикалык бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарга алып келбейт.

7. Жөнгө салуучу таасирин талдоо жөнүндө маалымат

Сунушталган буйруктун долбоору жөнгө салуучу таасирди талдоону талап кылбайт, анткени ал ишкердикти жөнгө салууга багытталган эмес.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Ички иштер министри                                                           У.О. Ниязбеков