facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

“Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө КАБАРЛАМА

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-августундагы № 444 токтому менен бекитилген ченемдик укуктук актылардын ишкердик субъекттеринин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасынын 14-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги укуктук жөнгө салууну талкуулоо жана кызыкдар тараптардын сунуштарын чогултуу башталгандыгын билдирет.

1. Сунушталып жаткан ченемдик укуктук актылар төмөнкүдөй маселелерди чечүүгө багытталган:

1) Жол-транспорт кырсыктарын чечүүдөгү далилдердин төмөн деңгээли, бул көптөгөн талаш-тартыштарга жана кабыл алынган чечимдерге андан ары даттанууга алып келет.

2) 2021-жылга салыштырмалуу укук бузуулардын санынын өсүшү.

2022-жылдын аягында катталган укук бузуулар – 861378 (2021-ж. – 454973).

Укук бузуулардын көбөйүшүнүн көрсөтүлгөн тенденциясы, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары тарабынан айдоочуларга карата көрүлүп жаткан чараларга карабастан, айдоочулардын тартиби жана жоопкерчилик сезими төмөнкү деңгээлде экендигин көрсөтүп турат, бул коомдук тартипке жана жол коопсуздугуна коркунуч туудурат.

3) Жол-транспорт кырсыктарынын саны.

Жалпысынан 2022-жылы Кыргыз Республикасында 7040 жол-транспорт кырсыгы расмий катталып (2021-ж. – 7438), андан 690 адам каза болгон (2021-ж. – 869), 11049 адам жабыркаган (2021-11370).

2022-жылы балдардын катышуусунда 1857 (2021-ж. – 1791) жол-транспорт кырсыгы расмий катталып, анда 103 адам каза болгон (2021-ж. – 111) жана жабыркагандар - 2226 (2021-ж. – 2175).

4) Окуя болгон жерден качып кеткен айдоочулардын күнөөсү менен катталган жол-транспорт кырсыктарынын саны.

Жалпысынан 2022-жылдын 12-айынын жыйынтыгы боюнча республика боюнча окуя болгон жерден качып кеткен 1126 жол-транспорт кырсыгы катталган.

2. Сунушталып жаткан ченемдик укуктук актынын максаты, коомдук коопсуздукту чыңдоо, айдоочулардын жол кыймылына катышууда жоопкерчилигин жогорулатуу жана тартибин жакшыртуу, ошондой эле укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу болуп саналат.

Жогорудагы максаттарга жетүүнүн жолу болуп, транспорт каражаттарын, анын жүрүү процессин белгилөөчү жазуучу прибору (видеокаттоочу) менен жабдууну милдеттендирүү нормасы саналат, алар укук бузууларды каттайт, ошондой эле жол-транспорт кырсыктарын талдоодо талаштуу кырдаалдарда маанилүү курал болуп калат.

3. Жогорудагы ченем, жол-транспорт кырсыктарын кыскартууга, жол-транспорт кырсыктарын чечүүдө далилдик базанын деңгээлин жогорулатууга, айдоочулардын жол кыймылына катышууда жоопкерчилигин жогорулатууга жана тартибин жакшыртууга көмөктөшөт, ошондой эле укук бузуулардын жана кылмыштардын алдын алууга оң таасирин тийгизет.

4. Мүмкүн болгон терс таасирлер, бул норманы ишке ашыруунун биринчи этабында жол кыймылынын катышуучуларынын нааразычылыгы катары көрсөтүлүшү мүмкүн.

Ушуга байланыштуу бул норманы 2025-жылдын 1-январынан тартып киргизүү сунушталып жатат, бул унаа ээлерине көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин видеокаттоочу сатып алуу бюджетин пландаштырууга мүмкүндүк берет.

5. Сунуш кылынган ченемдик укуктук актыларды потенциалдуу алуучулардын аны киргизүүгө кеткен чыгымдары (орто эсеби менен) эки миң сомду түзүшү мүмкүн (2000).

6. Сунуш кылынган ченемдик укуктук актыларды киргизүүгө байланыштуу республикалык/жергиликтүү бюджеттин чыгашалары жок.

 

Коомдук консультациянын катышуучулары үчүн суроолордун тизмеги:

- аталган проблемалар туура жана жөнгө салууну өзгөртүү жолу менен чечүүнү талап кылабы;

- аталган максат негиздүүбү, аткаруу үчүн маанилүүбү;

- проблеманы чечүү үчүн сунушталган ыкма (жөнгө салуу) кыйла артыкчылыктуу болуп саналабы;

- сунушталган жөнгө салуу кабыл алынган учурда кандай пайда жана артыкчылыктар келип чыгышы мүмкүн;

- сунушталган жөнгө салуу кабыл алынган учурда кандай тобокелдиктер жана терс кесепеттер пайда болушу мүмкүн;

- проблеманы чечүүнүн кыйла натыйжалуу альтернативдүү ыкмалары барбы;

- сунушталган жөнгө салууга карата жалпы пикир.

 

Кабарлоо маалыматын талкуулоо үчүн байланыштар жана мөөнөттөрү:

 1. Сунуштар төмөнкүлөр аркылуу кабыл алынат:

 

- электрондук почта аркылуу

guobdd.orltd@mail.ru

- почта дареги

Бишкек ш. Ч.Валиханов 1а к.

 2. Сунуштарды кабыл алуу мөөнөтү

2023-жылдын 20-майына чкйин

 3. Сунуштардын жана жооптордун реестрин иштеп чыккан органдын расмий сайтына жайгаштыруу мөөнөтү

2023-жылдын 25-майына чкйин

 

“Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбооруна сунуштардын жана жооптордун РЕЕСТРИ

Каттоо №

Сын пикирлер
жана (же) сунуштар

Автор (ачык консультациялардын катышуучусу)

Алуу датасы

Иштеп чыккан органдын позициясы

-

каталган жок