facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

31.01.2022

ИИМ: Баткен облусунда абал тынч. Милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүүдө

ИИМ: Баткен облусунда абал тынч. Милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүүдө
ИИМ: Баткен облусунда абал тынч. Милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүүдө

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо максатында түзүлгөн кырдаалга карата ыкчам чараларды көрүү боюнча  күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөнү улантууда. Баткен жана Согди облустарынын милиция кызматкерлери  Лейлек районунун  Жаңы-Жер айыл аймагынын Арка-1, Арка-2, Достук, Жаштык айылдарында, Кулуңду айыл аймагындагы Максат айылында Сада, Кулуңду айылдарында биргелешкен кайгуулдарын улантышууда жана ички кайгуул Баткен районундагы Ак-Сай, Таш-Тумшук, Орто-Боз,  Көк-Терек, Көк-Таш, Самаркандек, Кызыл-Бел, Достук, Кара-Бак, Ак-Сай-Ворух, Бакай, Ак-Сай-Развилка багыттарында улантылууда.

Баткен облусунун ИИБи тарабынан жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн бир катар уюштуруу жана практикалык иш-чаралар кабыл алынып, чек арага жакын жайгашкан аймактарда мүмкүн болгон коркунучтарды алдын алуу боюнча комплекстүү иш-чаралар аткарылууда. Азыркы учурда Баткен облусунун кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги кырдаал туруктуу. 31-январына карата абал тынч, ыкчам курдаал туруктуу.

Баткен ОИИБнын начальниги, милициянын полковниги Мурат Боронов облустук ички иштер башкармалыгынын жана ИИМдин Ички аскерлеринин өздүк курамынын коомдук тартипти камсыздоодогу бардык аракеттерин координациялоо багытында иш-чараларын жүргүзүүдө.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер