facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

25.11.2021

Ноокат районунда шайлоочулардын добуштарын сатып алуу фактысы аныкталды.

Ноокат районунда шайлоочулардын добуштарын сатып алуу фактысы аныкталды.
Ноокат районунда шайлоочулардын добуштарын сатып алуу фактысы аныкталды.
Ноокат районунда шайлоочулардын добуштарын сатып алуу фактысы аныкталды.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери шайлоочулардын добуштарын сатып алуу фактысын аныкташты.Тергөө тарабынан аныкталгандай :2021-жылдын 7-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешине бир мандаттуу №4-Көк-Жар шайлоо округунан депутаттыка талапкер  Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Дөң-Кыштак айылынын  жашоочулары менен өзүнүн үгүттчүлөрүнүн (агитатор) катышуусунда  жолугушуу өткөрүп жатып, айыл жашоочуларына таза суу жана жолдорду оңдоо үчүн жардам берүүнү убадалап жолугушууну аяктап кеткен.
           Андан кийин депутаттыка талапкердин Жаңы-Ноокат айыл аймагы боюнча штаб башчысы Г. Х.   шайлоо участкасынын төрагасы, Н. Ф.өз ара сүйлөшүп, добуш сатып алуу максатында 2021-жылдын 9-ноябрь күнү депутаттыкка талапкердин атынан Араван районунда жайгашкан “Синжи-Прим” цемент заводунан айдоочу С. Ннын “СТЕЙР-sx4254BP 294” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу автоунаасы менен  149 500 (жүз кырк тогуз миң беш жуз) сомдук 30 (отуз) тонна цементти ошол эле күнү саат 22.00 чамасында Жаңы-Ноокат айыл аймагынын  тургуну 57 жаштагы  А. Шнын Жаңы-Ноокат айылынын борборунда жайгашкан курулуш материалдарын сатуучу дүкөнүнүн кампасына алып келишкен. 
30 тонна цемент Х.Г менен Ф.Н Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Тескей бөлүмүнүн жашоочуларына айылдын жолун оңдотууга депутаттыка талапкер тарабынан цемент жиберилгендигин айтып чакырышып, Ш.Анын кампасына цементти айылдын жашоочуларынын катышуусунда ашар жолу менен түшүрүп алышкан.
           Цемент түшүрүлүп бүткөндөн кийин Х.Гнын тапшырмасы боюнча Ф.Н ашарга келген Тескей бөлүмүнүн жашоочуларына цемент Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешине бир мандаттуу №4-Көк-Жар  шайлоо округунан депутаттыка талапкер тарабынан айылдын жолун ондоо үчүн жиберилгендигин айтып, №2-катарда турган талапкерди колдоп добуш берип коюну үгүттөгөн.
            Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө Х.Г менен Ф.Н  күнөөсү  далилденгендиктен  талапкердин Жаңы-Ноокат айыл аймагы боюнча штаб башчысы Х.Г Кыргыз Республикасынын Жазык-кодексинин 43-бер. 2-б. 192-бер. 2-бөл. каралган кылмышты, ал эми шайлоо участкасынын төрагасы Ф.Н Кыргыз Республикасынын Жазык-кодексинин 43-бер. 1-бөл. 192-бер. 2-бөл каралаган кылмышты жана Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин 87-1-бер. 2-бөл. каралган жорукту жасагандыгы боюнча шектенүү катары кабарлама берилген.Сотко чейинки өндүрүштүн тергөөсү аяктап, айыптоо актысы түзүлүп, соттук кароого жөнөтүлгөн.

Ош ОИИБдин басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер