facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

07.06.2023

Ысык-Ата РИИБдин убактылуу кармоочу жайынан качып кеткен оор кылмышка шектүү жаран кармалды

Ысык-Ата РИИБдин убактылуу кармоочу жайынан качып кеткен оор кылмышка шектүү жаран кармалды

2023-жылдын 5-июнь күнү саат 01:40 чамасында Ысык-Ата РИИБдин убактылуу кармоочу жайынан мурда соттолгон, Ысык-Көл облустуна караштуу Балыкчы шаарынын тургуну 1994-жылы туулган Сабыров Кушубек Талантбекович качып кеткен. 

Кылмышка шектүү К.Сабыров ден-соолугум жакшы болбой жатат деп, нөөмөт өтөп жаткан нөөмөткер-милиционерден жардам сурап, кармоочу жайдын №2 камерасынын эшигин ачтырып, милиционердин өмүрүнө коркунуч келтирүү менен бычакты мойнуна такап, кызматкерди байлап, убактылуу кармоочу жайдан качып кеткен.

Аталган факты Ысык-Ата РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 368-беренесинин 3-б. "Эркиндигинен ажыратуу жайларынан же кайтаруудан качуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Ошол эле күнү К.Сабыровдун кармалган жерин аныктоо максатында издөө иши ачылган.

2023-жылдын 5-июнь күнү  шектүү К.Сабыровго карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 368-беренесинин 3-бөлүгү боюнча Бишкек шаарынын 1-тергөө изоляторуна баш коргоо чарасы сырттан тандалып алынган.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын, Чүй облустунун ИИББдин кылмыш иликтөө башкармалыгынын жана Ысык-Ата РИИБдин кызматкерлери тарабынан издөөдө жүргөн К.Сабыровдун жүргөн жери аныкталып, Бишкек шаарынын аймагынан качып кетүүгө аракет кылып жаткан жеринен кармалган.

Тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн кылмышка шектүү жаран тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер