facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

12.11.2021

ИИМ: Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өткөн Өзбекстандын жараны кармалды

ИИМ: Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өткөн Өзбекстандын жараны кармалды

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы  мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча жүргүзүлгөн иштердин алкагында Кыргыз Республикасынын чек арасынан мыйзамсыз өткөн Өзбекстан Республикасынын жараны 1983-жылы туулган Х.С.ны кармашты. Ал миграция жөнүндөгү мыйзамды бузуп 2016-жылдан бери Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн. Жүргүзүлгөн  иш-чаралардын жүрүшүндө атайын киши өлтүрүүгө шектелген жаран Х.С. 2016-жылдан бери Өзбекстан Республикасынын укук коргоо органдарынан изин жашырып жүргөн жана мамлекеттер аралык издөөдө болгон.

Азыркы учурда ал Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Анын башка кылмыштарга тиешеси бардыгын тактоо боюнча кошумча иш-чаралар жүрүүдө.

 

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер