facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

06.11.2021

Шайлоого даярдануу жана өткөрүү маалында административдик ресурсту пайдалануу фактысы боюнча иликтөө аяктады

Шайлоого даярдануу жана өткөрүү маалында административдик ресурсту пайдалануу фактысы боюнча иликтөө аяктады

Шайлоого даярдануу жана өткөрүү маалында административдик ресурсту пайдалануу фактысы боюнча иликтөө аяктады Ош шаарында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдануу жана өткөрүү маалында үгүттөөнү жүргүзүү эрежелерин бузган жана административдик эрежени пайдаланган учур орун алган. Шайлоо жөнүндө мыйзамга ылайык мамлекеттик кызматкерлерге парламенттин депутаттарын шайлоону өткөрүү процесстерине кийлигишүүсүнө уруксат берилбейт. Саясий партиянын үгүттөө кампаниясынын алкагында өткөн митингге катыштырууга Ош мамлекеттик университетинин студенттерин тарткан факты боюнча Ош ШИИБде сотко чейинки өндүрүш башталган. 3-ноябрь күнү Ош шаарынын борбордук аянтында саясий партиялардын бири иш-чара өткөргөн. Анда Ош мамлекеттик университетинин факультеттеринин биринин студенттери катышканы жана алар өз ыктыяры менен катышууга барышпаганы аныкталган. Бул маалыматты текшерүү үчүн жогорудагы университеттин окутуучулары менен студенттери Ош ШИИБге чакырылып, студенттердин көбү 18 жашка толо электиги, паспорт ала алектиги аныкталган. Студенттер көрсөтмө беришип, окутуучулар аларды экскурсияга алып барабыз деп чогултушканы менен борбордук аянтта өтүп жаткан саясий партиянын тарапташтары тарабынан өтүп жаткан митингге алып барып коюшкандыгын жана административдик ресурсту пайдаланышканын айтышкан. Жалпысынан 8 окутуучу менен 15 студент суракка алынган. Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин 87-1-беренесинин 1-бөлүмү боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган. Партиянын бул иш-чарасында студенттердин катышкандыгын сүрөттөр менен видеолор тастыктай алат. Бул окуу жайдын окутуучусунун бирине жорукту жасоого шектелип жаткандыгы боюнча кабарлама тапшырылды. Азыркы учурда бул факты боюнча иликтөө аяктап, топтолгон материалдар сотко жөнөтүлдү. Ички иштер органдары парламенттик шайлоого даярдануу жана өткөрүү маалында коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо үчүн зарыл болгон аракеттерди көрүүдө. Милиция кызматкерлери шайлоону өткөрүү тартибин жана эрежелерин бузгандарды аныктап, мыйзамсыз аракеттерге карата кескин чараларды көрөт. Добуштарды сатып алуу, административдик ресурсту пайдалануу жана башка мыйзамсыз аракеттерге жол берилбейт. Ички иштер министрлиги шайлоо алдындагы кампанияга катышып жаткан бардык депутаттыкка талапкерлерди, жарандарды жана юридикалык жактарды шайлоо процесстеринин жүрүшүндө мыйзамдуулуктун сакталышына көңүл бурууга чакырат.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер