facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

27.03.2023

Өзгөчө ири өлчөмдөгү героинди ташуу боюнча эл аралык баңги тобунун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын,  УКМКнын жана Казакстан Республикасынын Улуттук коопсуздук комитетинин ыкчам кызматкерлеринин биргелешкен этаптуу ыкчам аракеттеринин натыйжасында Кыргыз Республикасы аркылуу афган тектүү баңгизаттардын ири партияларын ташууга жана сатууга адистешкен эл аралык баңги тобунун ишине бөгөт коюу боюнча эл аралык атайын операция өткөрүлдү.

Атайын операциянын жыйынтыгында 100 кг ашык “героин” баңгизатын ташыган жана сактаган баңги каналынынын уюштуруучусу 1986-жылы туулган Тажикстан Республикасынын жараны К.О.А. Казакстан Республикасынын Алматы шаарынын аймагынан кармалды. Ал  Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып жүргөн.

Баңги тобунун башка катышуучуларын аныктоого багытталган мындан аркы биргелешкен иш-чаралар өткөрүлүүдө.

Маалымат катары, жогорудагы аныкталып алынган баңгизаттын болжолдуу баасы 1 миллион 190 миң АКШ долларын түзөт.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер