facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

25.03.2023

Ыкчам өткөрүлгөн коллегияда  төрт жетекчи ээлеген кызмат ордунан боштулса, алтоосу тартип жазасына кириптер болду жана жаңы жетекчилер дайындалды

Ыкчам өткөрүлгөн коллегияда  төрт жетекчи ээлеген кызмат ордунан боштулса, алтоосу тартип жазасына кириптер болду жана жаңы жетекчилер дайындалды

Ички иштер министрлигиндеги ыкчам өткөрүлгөн коллегия коомдук коопсуздукту камсыздоодо, кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө, жүктөлгөн кызматтык милдеттерди татыктуу денгээлде так жана ыкчам-кызматтык ишмердүүлүктү жетиштүү деңгээлде аткарбагандыктары, жетекчилик курам арасында уюштуруу-башкаруучулук иштердин начардыгы жана кемчиликтери аныкталып, кол алдындагы кызматкерлердин коррупциялык көрүнүштөргө  жол берилип, пара алуу фактыларынын орун алгандыгына байланыштуу атайын чечимдерди кабыл алды.

Өзүнө жүктөлгөн милдеттерди жана укук коргоо органдарынын Тартиптик уставынын талаптарын аткарбагандыктары үчүн Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБдин начальниги милициянын полковниги Мирлан Ниязалиев,  Биринчи Май РИИБдин начальнигинин орун басары  милициянын подполковниги Улан Орозалиев , Биринчи Май РИИБдин начальнигинин орун басары милициянын полковниги Эрмек Момуналиев, Бишкек шаарынын ИИББнын КИБдин начальнигинин орун басары  милициянын полковниги Улан Бектемишов ээлеген кызмат ордунан бошотулду.

Ошондой эле  жогоруда айтылган талаптарды аткарбагандыгы үчун Бишкек шаарынын ИИББнын начальниги  милициянын полковниги Азамат Ногойбаевге “катуу сөгүш” тартиптик жазасы, ал эми  Бишкек шаарынын ИИББнын начальнигинин орун басары  милициянын полковниги Кылычбек Жолдошовге,  Бишкек шаарынын ИИББнын начальнигинин орун басары милициянын полковниги Данияр Рыскуловго, Бишкек шаарынын ИИББнын Кадрлар Бөлүмүнүн начальниги  милициянын майору Айбек Ибраимовго “кызматка толук эмес ылайыктыгы жөнүндө эскертүү” тартиптик жазасы,  ИИМдин ички иликтөөлөр бөлүмүнүн начальниги  милициянын полковниги Таалайбек Турганбаевге,  Бишкек шаарынын ИИББнын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн начальниги  милициянын полковниги Улан Бердибаевге “катуу сөгүш” тартиптик жазасы жарыялансын.

Ошондой эле министрдин буйругу менен милициянын полковниги Тилек Тюкебаев Бишкек ШИИББнын начальнигинин коомдук коопсуздук боюнча орун басары кызматынан бошотулуп, Биринчи Май РИИБдин начальниги кызматына, милициянын полковниги Айбек Ажыбаев Чүй ОИИББнын начальнигинин коомдук коопсуздук боюнча орун басары кызматынан бошотулуп, Бишкек ШИИББнын начальнигинин коомдук коопсуздук боюнча орун басары кызматына, милициянын полковниги Талантбек Асаналиев Чүй ОИИББнын карамагында турган, Бишкек ШИИББнын кылмыш иликтөө башкармалыгынын начальнигинин орун басары кызматына, милициянын полковниги Нурмат Давлетов Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын ыкчам башкаруу борборунун санариптик көзөмөлдөө бөлүмүнүн башкы инспектору кызматынан бошотулуп, Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБдин начальнигинин ыкчам иштери боюнча орун басары кызматына дайындалды.  Ал эми Чүй ОИИББнын начальнигинин коомдук коопсуздук боюнча орун  басарынын милдеттерин убактылуу аткаруу милициянын полковниги Руслан Аралбаевге жана Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБдин начальнигинин кадр боюнча орун басарынын милдеттерин убактылуу аткаруу милициянын подполковниги Мирлан Казымбековго  жүктөлдү.

Ыкчам өткөрүлгөн  коллегияда ар бир кызмат, башкы башкармалык, башкармалык, өз алдынча бөлүмдөр, окуу жайлар өздөрүнүн кызматтык багыттары боюнча, жер-жерлердеги шаар жана облустук, башкы башкармалыктар, башкармалыктар жана шаардык райондук бөлүмдөрдүн жетекчилик курамына ишмердикти чыңдоо максатында, жер-жерлерде келип чыккан кемчиликтерди жоюу жана аларга жол бербөө багытында, ички тартипти чыңдоо жана кызматкерлердин элге кызмат кылуу ишмердигин чыңдоого багытталган  иш-чараларды күчөтүү тууралуу чечим кабыл алынды. 

ИИМдин Басма Сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер