facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

15.03.2023

ЖКККББ: Жаңы эрежелер күчүнө кирген күндөн тартып, жол эреже бузуулардын  баардык түрлөрү азайууда

ЖКККББ: Жаңы эрежелер күчүнө кирген күндөн тартып, жол эреже бузуулардын  баардык түрлөрү азайууда

8-марттан тартып, күчүнө кирген  жаңы  эрежелерге байланыштуу  жол эреже бузуулардын баардык түрлөрү азайууда.

Атайын талдоо менен алып карай турган болсок;

- 2022-жылдын 8-мартынан тартып, 14-мартына чейин, 21 255  жол эреже бузуу фактылары аныкталса, быйыл ушул эле убакытта 17 357 факты аныкталган.
Демек 18 пайызга азайган.

- Мас абалында унаа башкаргандар 2022-жылдын 8-мартынан  тартып,  бүгүнкү күнгө чейин, 434 айдоочу аныкталса, быйыл ушул эле убактытта  277 айдоочу аныкталган. Демек 36 пайызга азайган.

- Ал эми ылдамдыкты ашырып айдагандар 2022-жылдын 8-мартынан  тартып,  бүгүнкү күнгө чейин,  3179  айдоочу аныкталса, быйыл ушул  эле убакытта 2519 айдоочу аныкталган. Демек 21 пайызга азайган.

Талдоо көрсөтүп тургандай жаңы эрежелерге ылайык, жол эреже бузуулардын баардык түрлөрү азайууда.

ЖКККББнын басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер