facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

07.03.2023

Сузакта өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алууга багытталган жыйын болуп өттү

Бүгүн 7-мартта Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө багытталган жыйын өткөрүлдү. Жыйынга ИИМдин КККнын балдар иштери боюнча бөлүмүнүн начальниги Нуржан Адылова, Билим берүү министрлигинин өкүлү Гульшан Абдылдаева, Жалал-Абад ОИИБдин начальнигинин орун басары Нурбек Сыдыков, Жалал-Абад облустук билим берүү усулдук борборунун директору Акылбек Токтосунов, Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси Ислам Маматсабиров, Сузак РИИБдин начальниги Арстанбек Усанов, өздүк курам, айыл өкмөт башчылар, мектеп директорлору, социалдык педогогдор катышышты.

Жыйындын жүрүшүндө Нуржан Адылова баяндама жасап, кылмыштуулукка каршы иш алып баруу боюнча атайын даярдалган слайддарды көрсөтүп, бир топ маалыматтарды берди. Жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алууда биргелешип иштөө зарылдыгы белгиленди. Мектеп окуучуларынын билимин, тартибин, тарбиясын билим мекемелери, милиция, ата-энелер чогуу көзөмөлгө алуу керектиги айтылды.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер