10.02.2023
Өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту алдын алуу жана болтурбоо аракеттери
Ош облусунну аймагында балдар арасындагы кылмыштуулукту болтурбоо жана алдын алууга багытталган иш чаралар улантылып жатат. Кезктеги алдын алуу иш чарасы Өзгөн районунда улантылып ага Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн, жергиликтүү бийлик, райондук прокуратура, дин кызматкерлери жана Өзгөн РИИБдин жетекчиси, балдар менен иштөө инспекторлору мектеп окуучулары менен жолугушту.
Өспүрүмдөргө атайын адистер аларды туура жолдоо жүрүүсү , ар кандай кылмыштарга катышып калбоосу үчүн түшүндүрүү иштерин кошо жургүзүүдө. Ал эми балдарга Ош ОИИБдин басма сөз кызматы тарабынан даярдалган “Темир тор артындагы балалык” аттуу даректүү фильм көрсөтүлүп, мектеп окуучулары менен бирге талкуулашты. Сүйлөшүүлөрдө милиция кызматкерлери жана башка мамлекеттик органдарынын кызматкерлери балдарга кылмыштуулукка түрткү болгон факторлорго токтолуп, кылмыштын арты темир тор экендиги айтылып, кылмышка тартылуудагы түрдүү багыттардан оолак болуу жолдору түшүндүрүлдү.
Жыйынтыгында укук бузуулардын алдын алууда балдар иштери боюнча инспекцияларына жакындан жардам көрсөткөн окуучар РИИБдин начальниги тарабынан ардак грамоталар менен сыйланышты.
Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы