facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

27.01.2023

Санариптештирүү – бул ИИМдин азыркы учурда жүргүзүп жаткан масштабдуу реформасынын стратегиялык багыты

Акыркы жылдары өлкөнүн жетекчилиги бардык мамлекеттик органдарда санариптик тутумдарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурууда. Ушуга байланыштуу ИИМдин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгы тарабынан ички иштер органдарында масштабдуу санариптик долбоорлорду толук ишке ашырууну аяктоо боюнча жигердүү иштер жүргүзүлүүдө. Санариптик технологияларды киргизүү- кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча ишти жакшыртат жана кылмыштарды тезирээк ачып, тергөөгө мүмкүндүк берет.

Бүгүнкү күндө республикада 2141  ашык камера иштейт. Криминогендик кырдаалга Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын ыкчам башкаруу борборунун кызматкерлери тарабынан күнү-түнү үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүлүп турат. 

2022-жылдын сентябрынан тарта Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын ыкчам башкаруу борборундагы сырткы видеобайкоо камераларынын жардамы менен издөөдө жүргөн адамдарды аныктоо тутуму тесттик режимде ишке киргизилген.

Көрсөтүлгөн программалык камсыздоону колдонуу аркылуу сырткы видеобайкоо камераларынын жардамы менен республиканын аймагында 163 адам кармалган, анын ичинен: издөөдө жүргөн 137 адам жана дайынсыз жоголгон 27 адам аныкталган.

Тутумдун жардамы менен жарандардын уюлдук телефондорун жана башка мүлктөрүн уурдоо, баңгизатын мыйзамсыз сактоо фактылары аныкталып, муктаж болгон жарандарга өз убагында медициналык жардам көрсөтүлүп, массалык мушташ фактыларына бөгөт коюлуп, издөөдө жүргөн адамдарды кармоого жана дайынсыз жоголгон адамдардын жайгашкан жерин аныктоого мүмкүндүк берди.

Ошондой эле, бул сырттагы видеокөзөмөлдүн жардамы менен жакында эле милиция кызматкерлери Дордой базарынын аймагындагы уурулук фактысынын бетин ачышкан. Анда, 2023-жылдын 16-январында Свердлов РИИБге жарандар А.Ж. жана Ч.А. арыз менен кайрылышып, белгисиз жарандар Кербен базарынын жанындагы мечиттен намаз учурунда арыздануучулардын сырткы кийимдерин уурдап кетишкен. Сырткы кийимдин чөнтөгүндө баасы 120 000 сомду түзгөн “iPhone 13 Pro” үлгүсүндөгү уюлдук телефон болгон. Экинчи сырткы кийимде – 30 000 сом акча каражаты, арыз ээсинин наамындагы ID-паспорт, “Самсунг А-50” үлгүсүндөгү уюлдук телефону, банк карталары салынган капчык жана унаанын ачкычтары болгон.
Аталган фактылар Свердлов РИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо)  менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө жана ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө «Дордой» соода-базар комплексинде жайгашкан мечиттин аймагында, Кербен базарында орнотулган сырткы видеокөзөмөл камераларынын жардамы менен милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары мурда ушул сыяктуу кылмыштар үчүн бир нече жолу соттолгон 1992-жылы туулган М.Н. кармалган. Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, кармалган жаран М.Н. Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Мындан тышкары, криминогендик абалды көзөмөлдөө жана коомдук коопсуздукту камсыздоо тутумунун  видеокөзөмөл камераларынын жардамы менен тесттик колдонуунун жүрүшүндө 16 кылмыштын бети ачылып, 1197 мыйзам бузуулар катталып, 187 мушташ алдын алынган. Андан сырткары,  698 жол кыймылынын эрежелерин бузуулар аныкталып, 1323 адамга  жардам көрсөтүлгөн.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер