facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

24.01.2023

Ички иштер министрлиги айдоочулук күбөлүктөрдү “ Унаа” Мамлекеттик мекемеси гана берерин эскертет!

Ички иштер министрлиги айдоочулук күбөлүктөрдү “ Унаа” Мамлекеттик мекемеси гана берерин эскертет!

Социалдык тармактарда алдамчылар Мамлекеттик жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат базасына маалыматтарды киргизүү менен айдоочулук күбөлүктөрдү сатып алууну сунушташууда. Урматтуу жарандар, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органсыз айдоочулук күбөлүк алуу мүмкүн эмес! Жана эсиңизде болсун, тиешелүү билими жана тажрыйбасы жок, жасалма айдоочулук күбөлүк менен автоунааны айдоо өзүңүзгө жана башкаларга коркунуч келтирет!

Айдоочулук күбөлүктөрдү берүү боюнча ыйгарым укуктуу орган болуп “Унаа” Мамлекеттик мекемеси гана саналат.

Ведомство тарабынан бир катар автоматташтырылган маалыматтык системалар иштелип чыккан: Булар, «Айдоочунун курамын тестирлөө», «Айдоочулар курамын каттоо», «Автотранспорт каражаттарын каттоо». Бул программалар «Унаа» Мамлекеттик мекемесинин аймактык бөлүмдөрүнө жарандар өздөрү келмейинче айдоочулук күбөлүгүн алуу мүмкүн эмес.

Айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн, айдоочуларды даярдоо боюнча билим берүү уюмдарында милдеттүү түрдө окутуу зарыл. Бардык билим берүү уюмдарында «Айдоочу курамды тестирлөө» автоматташтырылган маалыматтык системасы киргизилген, анда курсанттар айдоочулук күбөлүктөрдү алуу үчүн катталышат.

Квалификациялык экзамендерди тапшырууда талапкер графикалык жүзүнүн сүрөтү боюнча аныкталат. Квалификациялык экзамендерди ийгиликтүү тапшырган жарандар документтерди тапшыруу жана сүрөткө тартуу процедурасынан өтүшү керек. Жергиликтүү каттоо бөлүмдөрүнө барбаса, айдоочулук күбөлүк алуу фактылары жокко чыгарылат. Айдоочулук күбөлүктөрдүн аныктыгын https://portal.srs.kg/ порталынын "Улуттук үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктүн жарактуулугун текшерүү" бөлүмүнөн текшерүүгө болот, анда жарандын ПИН-кодун жана номерин толтурууда айдоочунун күбөлүгүнүн аныктыгын тастыктайт.

ИИМдин “Унаа” Мамлекеттик мекемеси эскертет! Алдамчылар жарандарды алдоо же алардын ишеничине кирип мыйзамсыз аракеттерге барганга аракет кылат. Ошондуктан жарандарды кыраакы жана жоопкерчиликтүү болууга чакырып, жеке маалыматтарды бей тааныш адамдарга жөнөтпөңүздөр!

ИИМдин “Унаа” Мамлекеттик мекемеси эскертет! Алдамчылар жарандарды алдоо жолу менен же алардын ишеничине кирип мыйзамсыз аракеттерге барганга аракет кылат. Ошондуктан жарандарды кыраакы жана жоопкерчиликтүү болууга чакырып, жеке маалыматтарды бей тааныш адамдарга жөнөтпөнү өтүнөт! 

Урматтуу жарандар, айдоочулук күбөлүктү алуу боюнча суроолор болсо “Унаа” МИнин ыйгарым укуктуу органына кайрылыңыз.

"Унаа" Мамлекеттик мекемесинин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер