facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

12.01.2023

"Коопсуз өлкө" - ИИМдин негизги стратегиялык багыты

"Коопсуз өлкө" - ИИМдин негизги стратегиялык багыты

Коомдук коопсуздук, жол коопсуздугу, адамдын коопсуздугу сыяктуу оор, жоопкерчиликтүү жана ардактуу иш бир да мамлекеттик органга жүктөлгөн эмес. Кыргыз Республикасынын Президенти – Куралдуу күчтөрдүн Башкы колбашчысы Садыр Жапаров ички иштер органдарынын коомдогу ролуна терең маани берет. 

Коюлган тапшырмаларды ишке ашыруу үчүн профилактика иштерин күчтөндүрүү, кылмыштуулукка каршы күрөшүү, сотко чейинки өндүрүш иштерин сапаттуу тергөө жана элге сапаттуу кызмат көрсөтүүнү туруктуу негизде өркүндөтүп, милициянын жаңы образын коомго тартуулоо боюнча  кадамдык иш-чаралар бекитилип азыр ар тараптуу иш-аракеттер жүрүүдө. 

Милиция кызматкеринин маянасына кошуп 20 000 сом үстөк акы төлөнө баштады. Баткен, Лейлек райондорунун, Баткен жана Сүлүктү шаарларынын аймагында кызмат өтөгөн милиция кызматкерлери менен Ички аскерлердин аскер кызматчыларынын айлык акысына ай сайын 30 000 сомдон үстөк акы кошулуп берилүүдө.

ИИМде ички иштер органдарынын ишинин артыкчылыктуу багыттары белгиленген. Бул, биринчи кезекте, жарандардын коомдун коопсуздугун камсыз кылуу, кылмыштуулукка каршы чабуул коюу, заманбап санариптик технологияларды колдонуунун ачыктыгы, ишенимдүүлүгү жана коопсуздугу. Жаңы технологияларды киргизүү менен жалпы адамзаттык баалуулуктарды, жарандардын укуктары менен эркиндиктерин коргоонун ортосундагы тең салмактуулук абдан маанилүү.   

“Коопсуз өлкө” - ИИМдин масштабдуу стратегиялык багыты. Биз санариптештирүү доорунда жашап жатабыз жана анын мүмкүнчүлүктөрүн максималдуу түрдө колдонобуз.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер