facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

11.01.2023

Милициянын жаш достору- биздин  келечегибиз

Милициянын жаш достору- биздин  келечегибиз

Ош шаарынын тургуну Бейшенбек Эсекеев ички иштер министрлигине кат жолдоп: «Мен дагы Сиздерге кошоп келечекте милиция кызматкери болгум келет, Ата Мекениме кызмат кылгым келет. Мага ата энем атайын форма да тиктирип берген. Мен азыр төртүнчү класста окуймун! Мени Ош областтык жана Ош шаардык милиция кызматкерлери да жакшы таанышат. Мен ар дайым милиция уюштурган иш чараларга активдүү катышып келем. Милицияда иштегендердин баарына ийгиликтерди каалайм жана келечекте милиция болгум келет деп ичкии иштер министрлигине кат жолдогон. Ички иштер министрлиги ага акыркы үлгүдөгү заманбап телефон тартуулады. 

Талас районунун Огонбаев айылынын кичинекей Рамзанкадыр Фархадович Огомбаев айылында Козубекова атындагы орто мектептин 1-классынын окуучусу. Ал келечекте милиция кызматкери болом деген кыял мен чоңоюп келүүдө. Анын милиция кызматкери болуп, келечекте Мекенди коргогон, эл сыймыктанган, күчтүү, билимдүү жигит болом деген арзуу тилеги бар. Бир тууган эжесинин демилгеси менен тарткан сүрөтүн Ички иштер министрлигине жолдогон. Ички иштер министрлиги Мекен коргоочунун каалоо тилектерин сүйүнүү менен кабыл алып, аны шыктандыруу максатында бир жылдык интернети менен камсыздалган акыркы үлгүдөгү заманбап планшет жана символикалык сувенирдүү баалуу белек  жана “Балдар энциклопедиясы” китебин тартуулады. 

Ички иштер министрлиги Бейшенбек Эсеевге жана Рамзанкадыр Фархадовичке келечекте кыргыз эли сыймыктанган милиция кызматкери болуусуна тилектештигин, жакшы окуп, жакшы тарбия алышын жана Мекенибиздин билимдүү, эл керегине жараган мыкты жигиттерден болушуң каалайт.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер