facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

26.12.2022

Улан Ниязбеков: Биздин катарыбызда бандиттерден корккон, элди коргой албаган жетекчилер жана кызматкерлер иштебеши керек!

2022-жылдын 26-декабрында  ички иштер министри Улан Ниязбеков коомдук тартипти сактоо жана элге сервистик тейлөө көрсөтүү чаралары жөнүндө жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, анын ичинде жол-унаа кырсыктарын алдын алуу туурасында онлайн кеңешме өткөрүп, анда ички иштер органдарынын жетекчилерине бир катар тапшырмаларды берип, айрымдарынын ишмердүүлүгүн кескин сынга алды. 

Алгач, ИИМ башчысы коомдук коопсуздук кызматына жана жер-жердеги ички иштер башкармалыктарына төмөндөгүдөй тапшырма койду:
- Республиканын аймагында бир дагы жерде резонанс жараткан кылмыштарга жана окуяларга жол берилбесин;
- Эл менен түздөн-түз иш алып барган - милициянын көчмө кабылдамалары, авто жана жөө кайгуулдар, нөөмөт бөлүктөрү, ыкчам-тергөө топтору, участкалык жана балдар менен иштөө инспекторлору, күзөт кызматтары күнү-түнү жарандардын сакчылыгында, элди сервистик тейлөө ишмердигин күчөтүп, жогорку тартипте иш алып барышсын;
- Ар бир аймактын өзгөчөлүгүнө жараша, күч-каражаттарды туура бөлүштүрүп, кызматкерлердин ишмердигин көзөмөлдөө күчөтүлсүн;
- Элдин коопсуздугун жогорку деңгээлде камсыздоо, жаңы жылдык эс алуу күндөрү жарандарга сапаттуу тейлөө көрсөтүү чаралары катуу көзөмөлгө алынсын;

Жергиликтүү бийлик органдары, өзгөчө кырдаалдар, жарандык коом, жалпыга маалымдоо каражаттары менен бирге өз алдынча бирдиктүү иш-чаралар уюштурулуп, төрт багытта иш-чаралар жүргүзүлсүн:
Биринчи багыт: Жарандардын, айрыкча жаш балдардын ар түрдүү кырсыктарга кабылуусун болтурбоо боюнча жаңы жылда жардыргыч заттарды (фейерверктер) колдонуудан оолак болуу, ок атуучу куралдарды бейчеки колдонуудан баш тартуу, уурулук, анын ичинде, мал уурулук, батир уурулугуна жол бербөөгө тиешелүү коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча чаралар көрүлсүн;

Экинчи багыт: Коомдук жайларда, көчөлөрдө жана эл көп чогулган аймактарда, жаңы жылдык балатылар орнотулган шаардык, райондук борборлордо жаш балдардын дайынсыз жоголуп кетүүсүнө жол бербөө, кандайдыр-бир кырсык же коркунуч пайда болсо, ошол замат милиция кызматына кабарлоо, ар бир адам өзүн маданияттуу жана үлгүлүү алып жүрүүсү, жалпыга бирдей болгон коомдук нормаларды туура сактоо жөнүндө түшүндүрүү иштери мезгил-мезгили менен жүргүзүлсүн;

Үчүнчү багыт: Улуттар аралык жаңжалдарга, айылдар ортосунда же жаштар арасындагы массалык мушташууларга, үй-бүлөлүк зомбулуктарга жана зомбулуктун бардык түрүнө, коомдук жайларда одоно укук бузууларга, чек-ара чыр-чатактарына, эл арасында жат көрүнгөн окуяларга жол берилбесин;

Төртүнчү багыт: Укук бузган адамдарды убактылуу кармоо учурунда одоно кемчиликтер болтурулбасын. Административдик жана убактылуу кармоочу жайлардагы камералардын абалы биринчи жетекчилер тарабынан катуу көзөмөлгө алынсын. 

Маанилүү жана өзгөчө маанилүү объектилердин коопсуздугуна, анын ичинде чек араларга жакын жайгашкан жогорку тартипте кайтаруудагы обьектилерге көңүл бурулсун. Бүгүнтөн баштап, жаңы жылдык эс алуу күндөрү аяктаган учурга чейин биринчи жетекчилердин жоопкерчиликтери күчөтүлсүн. Кызматкерлер арасында мыйзам жана тартип бузууларга, жарандарга орой мамиле жасоого, жүктөлгөн милдеттерине салкын мамиле кылууга жол берилбесин.

Жогоруда аталган тапшырмаларды, өздүк курамга, аны менен бирге нөөмөткө чыгып жаткан кызматкерлерге күнүмдүк нускама катары жеткирип, кыраакылык жана жөндөмдүүлүк менен иш алып баруу табышталсын. Кайсы бир аймакта, элдин нааразычылыгын жараткан кемчиликтер же өз милдетин аткаруудан четтеп кетүү фактылары аныктала турган болсо, анда ошол жерге жооптуу болгон биринчи жетекчилерге карата катуу чаралар көрүлөт.

Андан тышкары Нарын облусунун Кочкор районундагы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү боюнча окуяга тиешеси бар Кочкор райондук ички иштер бөлүмү эле эмес, бүт Нарын облусунун милициясынын да жоопкерчилигин катуу карайбыз. Айылдык милиция бөлүмчөсүнүн башчысы, Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы, керек болсо Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилери бул окуяга көз жумуп, элге карата кылмыш жасап жатышса дагы окуяны жаап-жашырып коюшкан. Анткени, жергиликтүү кызматкерлер өздөрү бандиттерге аралашып, дос, тууган, катташ болуп алышкан. Азыркы учурда, Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы жана анын ыкчам иштер боюнча орун басарынын милдетин аткарып жаткан жетекчилер камакка алынышты. Кочкор районунун Айылдык милиция бөлүмчөсүнөн баштап, Нарын облустук ички иштер башкармалыгына жана Кылмыш иликтөө башкы башкармалагына чейин конкреттүү чаралар көрүлөт. Жакында ушуга окшогон дагы бир катар фактыларды жер-жерлерден аныктап, мыйзам чегинде жоопко тартуу процессин жүргүзөбүз. 
Кызматтык шалаакылыкка, кылмышка аралашууларга жана ички иштер органдарынын жалпы ишмердигине доо кетирүү учурларын болтурбоо үчүн, жакынкы арада, ар бир ички иштер бөлүмдөрүн, башкармалыктарын деталдуу карап, кадрдык ротациялоо ишин жүргүзөбүз. Биздин катарыбызда бандиттерден корккон, элди коргой албаган, милициянын баркына доо кетирген жетекчилер жана кызматкерлер иштебеши керек деген принцип биз үчүн эң жогору сапат болушу керек.

Бир жыл бою айтып, көйгөйлөрдү чечүүгө убакыт бердик, эми боло турган коллегияда ар бир шаардык-райондук ички иштер бөлүмүн, аларга жооп берген башкармалыктардын ишмердигине даректүү бааларды беребиз. Кемчилиги чачтан көп, көйгөйү түгөнбөгөн жетекчилер менен коштошобуз, муну ачык айтып коёюн.

Акыйкаттыктан эч ким качып кутулган эмес. Иши начар, уюштуруу деңгээли төмөн, жүктөлгөн милдеттерди аткарбагандар, өз алдынча чечим чыгарып, коллегияга чейин рапортун жазып кете беришсе болот.

Муну сунуш катары кабыл алыңыздар жана айылдык милиция бөлүмчөсүнөн баштап, Ички иштер министрлигинин кызматтарынын, бөлүмдөрүнүн жетекчилерине чейин баарына тиешелүү деп билиңиздер. Себеби, милициянын башкы милдети – эл үчүн, элдин коопсуздугу үчүн күнү-түнү талыкпай кызмат кылуу болуп эсептелет. Кемчиликтерди көзгө көрсөтүп, талаптарды коюп, аларды чечүүгө убакыт бергенбиз. Эми мындан ары катуу чечимдерди кабыл алабыз. Бул кадамды - Ички иштер министрлигинин коллегия мүчөлөрүнүн жалпы позициясы деп кабыл алсаңыздар болот”,- деп билдирди Улан Ниязбеков.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер