facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

22.12.2022

ИИМ: Россияга баңгизаттардын өзгөчө ири партиясын ташыган жарандар кармалды

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү  кызматына узак убакыттан бери Афганистандан чыккан баңгизаттардын өзгөчө ири партиясын чет мамлекеттер аркылуу транзит менен жеткирип жана сатып жүргөн улуттар аралык уюшкан кылмыштуу баңги тобу боюнча ыкчам маалымат келип турган. Орто Азиядан Россияга, Балтика өлкөлөрүнө, андан ары Европага  баңгизаттарды жүк ташуучу унааларда жасалган жашыруун жерлерге, эл керектөөчү товарларга, курулушка же айыл чарба продукцияларына катуу жолу менен ташышкан.

Жогорудагы улуттар аралык баңги тобунун курамы Борбордук Азиянын, Россиянын жана Европа өлкөлөрүнүн жарандарынан түзүлгөн. Бул топ ролдорду бөлүштүрүү жана купуялуулук белгилери бар кеңири структурага ээ.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү  кызматы тарабынан кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Россиянын ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан аталган баңги топтун активдүү мүчөсү, Россия Федерациясынын 1988-жылы туулган жараны М.С. кармалгандыгы аныкталган. 2022-жылдын 21-ноябрында Новосибирск шаарынан ижарага алынган кампага тинтүү жүргүзүлүп, «травертин»  фасаддык плиткаларына катылган 68 килограмм «Афган чарсы» жана пакеттеги 4 килограмм «Героин» баңгизаты табылып алынган.

Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, кармалган жаран М.С. Бишкек шаарындагы 2 шеригинин жардамы  менен баңгизат ташууну уюштурган.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери жүргүзүшкөн андан аркы ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө жогорудагы кармалган жарандын «Жавлон» жана «Айдар» аттуу эки шеригин аныкташкан. Бишкек  шаарынын Жаш Гвардия - Л.Толстой  көчөлөрүнүн кесилишинен  Бишкек шаарында жашаган Баткен облусунун Исфана шаарынын тургуну 1997-жылы туулган К.Ж. кармалган. Андан кийин Панфилов-Скрябин көчөлөрүнүн кесилишинен экинчи шериги Бишкек шаарында жашаган Баткен облусунун Исфана шаарынын тургуну 1997-жылы туулган А.А. кармалган. Алар жогорудагы Россия Федерациясынын жаранына Россияга баңгизаттардын өзгөчө ири партиясын аткезчилик жол менен алып өтүүнү уюштурууга жардам берип жүрүшкөн.

Учурда бул баңги кылмыштарына дагы эки адамдын тиешеси бар экени аныкталды. Алар Баткен облусунун Исфана шаарынын тургуну 1976-жылы туулган Р.Р.  менен жаран 1987-жылы туулган К.З..  Бул жарандарды кармоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Андан сырткары, иликтөөнүн жүрүшүндө жарандар К.Ж., А.А., К.З. жана Р.Р. белгисиз жарандар менен бирге Россия Федерациясына жөнөтүү үчүн Сары-Таш плиткаларына баңгизаттарды жашырган жерлерди жасашкан гараж табылган. Баңгизаттарды жашырган плиткаларды өндүрүү үчүн арналган далил заттар табылып алынды. Иликтөө жүрүп жатат.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер