facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

18.10.2021

ИИМ: Балдардын укуктары бул адамдын укуктары

ИИМ: Балдардын укуктары бул адамдын укуктары
ИИМ: Балдардын укуктары бул адамдын укуктары
ИИМ: Балдардын укуктары бул адамдын укуктары

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги милиционер айымдарынын ассоциациясы менен биргеликте Бишкектеги ЕККУнун Программалык кеңсесинин колдоосунда даярдалган "Балдардын укуктары, милдеттери жана жоопкерчиликтери" аттуу китепче жарык көрдү.
Бул китепче, балдардын укуктарын, кызыкчылыктарын жана аларды коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттары камтылган.
Ошондой эле, Конвенциянын ченемдеринен өсүп келе жаткан муундардын кызыкчылыктарын коргоочу иллюстрациялар менен көрсөтүлгөн.
Көрсөтүлгөн китепчени иштеп чыгаруунун негизги максаты, бул оор турмуш жагдайларына кабылган жашы жете электерге жана алардын ата-энелерине, ошондой эле жашы жете элек балдар менен иштөө боюнча инспекторлордун ишине жардам көрсөтүү болуп саналат.
Укуктуу мамлекетте өсүп келе жаткан муундардын кызыкчылыктары биринчи орунда турат, себеби балдардын укуктары бул адамдын укуктары.
ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер