facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

06.10.2022

Ноокатта мектеп окуучулар арасында окуу семинар болуп өттү

Ноокат райондук Ички иштер бөлүмүнүн Балдар иштери боюнча инспекциясынын кызматкерлери тарабынан Ноокат районунун аймагында жайгашкан жалпы билим берүү мекемелердин улук класстарынын окуучуларына кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча окуу-семинар болуп өттү.
Аталган иш-чара Коомдук алдын алуу борборунун өкүлдөрү, эл аралык толеранттуулук фондунун өкүлү Үмүт Кеңешова жана мугалимдер, ата-энелер катышышты.
Окуу-семинарда кылмыштуулуктун алдын алуу, болтурбоо, кылмыштын түрлөрүн жана  анын кесепеттери боюнча маалыматтар берилип, окуучулар кызыккан суроолорго жооп беришти.
Мындан сырткары, семинар өзгөчө форматта өткөрүлдү, анда окуучуларга  жеринде тапшырмалар берилип, суроо-жооптор, темага карата сүрөт тартуу, мекен темасындагы хор ырлары ырдалды. 
Иш-чаранын жыйынтыгында  жеңүүчүлөргө 1-2-3-даражадагы дипломдор тапшырылып, эл аралык толеранттуулук фондунун демөөрчүлүгү менен даярдалган  сыйлыктар берилди.

Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы.

Пайдалуу шилтемелер