facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

27.09.2022

Милиция кызматкерлеринин укуктарын коргоо: ИИОнун кызматкерлерине эмне үчүн социалдык кепилдиктер керек?

Милиция кызматкерлеринин укуктарын коргоо: ИИОнун кызматкерлерине эмне үчүн социалдык кепилдиктер керек?

Тарыхта “милиция”-деген сөз латын тилинен келип, “аскер”, “кызмат”, “аскер күчү”- дегенди, билдирет.

Советтик милиция 1917-жылдан 1991-жылга чейинки аралыка созулган.

6.03.1991 СССРдин “советтик милиция жөнүндө” Мыйзамы кабыл алынган, анда беш бөлүм камтылган:

Жалпы жоболор, милициянын компетенциясы, курал-жарак жана атайын каражаттарды колдонуу, укуктук абал, социалдык коргоо жана милиция кызматкерлеринин жоопкерчилиги, милициянын ишмердүүлүгүндө мыйзамдуулуктун сакталышын көзөмөлдөө.

Ал мыйзам "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндөгү"  2019-жылдын 25-июлундагы №102 (КР 2019-жылдын 18-январындагы Мыйзамынын редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын жаңы Мыйзамын иштеп чыгууга жакшы бакыт, кандайдыр-бир теориялык база катары негиз болгон.

Бул туура, анткени муундардын үзгүлтүккө учурабай уланышы үчүн, КМШ аймагында жашаган элдердин жакынкы жалпы тарыхы менен байланышкан бардык жакшы нерселерди эсепке алуу сыяктуу түшүнүктөр бар.

Жогоруда аталган мыйзам, укук коргоо органдарында кызмат өтөө тартибинин жана шарттарынын укуктук негиздерин, ИИОнун кызматкерлеринин социалдык жактан камсыз болуу статусун жана кепилдиктерин аныктайт, мындай аракеттер КР укук коргоо органдарында кызмат өтөп жаткан кызматкерлерге маалымдалып жайылтылат.

Мыйзамда каралгандай: “Укук коргоо органдарында кызмат өтөөнүн укуктук негизи болуп КР Конституциясы, ушул Мыйзам жана башка ченемдик укуктук актылар, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер саналат".

Мыйзамда кызматкердин милдеттери жана жоопкерчиликтери, кызматка кирүү эрежелери, келишим түзүү жана башкалар жазылган.

Физикалык күчтү, атайын каражаттарды, курал-жарактарды, аскердик техникаларды колдонуунун тартиби укуктук жөнгө салынган.  Ошондой эле, Ант берүү тексти да каралган: “Мен (Аты - жөнү), Кыргыз Республикасынын жараны (органдын аталышы) кызматка киришип жатып, Кыргызстан элине берилгендигиме салтанаттуу ант берем ошондой эле - Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын, уставдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын ыйык сактоого ант берем;

- ...өмүрүн аябастан, жарандардын жана мамлекеттин укуктарын, эркиндиктерин, мыйзамдуу кызыкчылыктарын кылмыштуу жана башка мыйзамсыз кол салуулардан коргоо. Антымды бузган учурда, мага карата КР мыйзамдарынын катаалдыгы боюнча чара көрүлсүн".

Ооба, “тергөөнү кесипкөй билармандар алып барат”-деп советтик тасмасында көрсөткөндөй: “Биздин кызмат кооптуу да, оор да. Кээде байкалбай калгандай...". Бирок биз мындай дейбиз: милиционерлердин кызматы көпчүлүк учурда байкалбай калса жакшы болот, ошондой эле өрт өчүрүүчү унаалардын улуган үнүн биз кээде гана угушубуз керек...

Ошол эле, учурда коом милициянын кызматкерлери, биринчи кезекте катардагы кызматкерлер, инспекторлор, участкалык кызматкерлер, патрулчулар, ыкчам кызматкерлер өз кызматтык милдеттерин аткарууда, күн сайын өз өмүрлөрүн аябай кызмат өтөп жатышканын эсинен чыгарбашы керек. Мындай коркунуч кылмышкерди куугунтуктап жүргөндө да, кадимки патрулдук күзөт учурунда да, эгерде кимдир-бирөө катардагы милиционерлердин унаасын, курал-жарактарын же күбөлүктөрүн ээлеп алуу үчүн кол салууну чечсе, да пайда болушу мүмкүн.

Мындай ой-пикирлерден улам, мыйзамда мындай деп көсөтүлгөн:

“…4. Кызматтык ишин жүзөгө ашырууга байланыштуу майып болгон жана буга байланыштуу кызматтан бошотулган кызматкерге кызмат орду боюнча турак жай аянты биринчи кезекте берилет.

5. Кызматкер кызматтык ишин жүзөгө ашырууга байланыштуу курман болгон (өлгөн) учурда анын үй-бүлөсүнө курман болгон (өлгөн) кызматкердин акыркы кызмат орду боюнча биринчи кезекте турак жай аянтын алуу же турак жай шарттарын жакшыртуу укугу берилет…

9. Кызматтык ишин жүзөгө ашырууга байланыштуу курман болгон (өлгөн) кызматкердин үй-бүлө мүчөлөрү башка турак жай берилмейинче кызматтык турак жайдан чыгарылбайт.”…

Мыйзамдын укук коргоо органдарынын кызматкерлерин социалдык коргоого тиешелүү жоболорун кыскача карап көрөлү.

Мыйзамдын 6-беренесинде айтылат:

“1. Кызматкер төмөнкүлөргө укуктуу: 1) анын жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн өмүрүн жана ден соолугун, ошондой эле ага таандык мүлктү мамлекеттик коргоого; 2) Мамлекеттик пенсиялык камсыздоого; 3) медициналык камсыздоого; 4) аны жана анын үй-бүлө мүчөлөрүн турак жай менен камсыз кылууга; 5) эс алууга...".

Башкача айтканда, мамлекет ИИОнун кызматкерлерине кепилдик берет: өмүрүн жана ден соолугун мамлекеттик камсыздандыруу, акчалай камсыздоо, медициналык жана санаториялык-курорттук тейлөө, кызматкердин жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн социалдык укуктары. Мыйзамда кызматкердин жумуш убактысы жана эс алуу убактысы, убактылуу эмгекке жарамсыздык, 7 түрдөгү өргүү, анын ичинде окуу өргүүсү, кыска мөөнөттүү (социалдык) жана чыгармачылык өргүү, кош бойлуулук жана төрөт боюнча, бала багуу боюнча өргүү баяндалган…

Жалпысынан коом да, мамлекет да, ал биринчи кезекте мекендештеринин мындай категорияларын жогору баалашы керек (моралдык аспектте гана эмес, материалдык жагынан да): Педагогдор, медиктер, коомдук транспорттун айдоочулары, ... жана, албетте, милиционерлер, биринчи кезекте укук коргоо органдарынын жөнөкөй кызматкерлерине кам көрүшөт.

Он миңдеген ата мекендик салык төлөөчүлөр милиция кызматкерлери жана биринчи кезекте, төмөнкү органдардын катардагы кызматкерлери мамлекеттен ар тараптуу жардам алышын чын дилден каалашат деп ойлойм…

Дээрлик бардык алдыңкы өлкөлөрдө укук коргоо органдарынын кызматкерлери окутуучулар, юристтер, медиктер менен катар жогорку айлык акы төлөнүүчү кызматкерлер категориясына кирери жашыруун эмес.

16-сентябрда Тажикстан Республикасынын агрессиясынын натыйжасында ИИМдин "Шумкар" атайын полкунун өзүнчө ротасынын жоокери Мыктыбек Мурзажанов, ошондой эле ИИМдин Ички аскерлеринин 707 аскер бөлүгүнүн 4 аскер кызматкери Ташбеков Ачылбек (1983-ж.т.), Каныбек уулу Дурус (1992-ж. т.), Абдилабеков Айбек (1993-ж. т.), Баатырбеков Манас (1995-ж. т.) каза болду. КР ИИМдин Коомдук кеңеши ИИОнун каза болгон кызматкерлеринин туугандарына жана жакындарына көңүл айтат, бүт эл сиздерге кайгырып жатат…

Кезекте турган милиция кызматкерлерине акысыз социалдык турак жай берилиши керек деп дагы бир жолу айткым келет. Бул талап негиздүү, анткени жалпысынан алганда ИИМдин ар кандай кызматтарынын жана бөлүмдөрүнүн кызматкерлери:

- күн сайын кылмыштуулук жана укук бузуулар менен күрөшөт;

- коомдук тартипти жана коомдук менчикти коргойт;

- жарандардын жана алардын мүлкүнүн жеке коопсуздугун камсыз кылат;

- соттолгондордун татаал контингенти менен түздөн-түз байланышта болуу менен түзөтүү-эмгек мекемелеринде кызмат өтөшөт;

- кылмыш жасаган адамдарды сот процесстери өтүүчү жерлерге конвой менен алып барууну камсыз кылат;

- митингдерде, шайлоолордо, майрамдык иш-чараларда жарандардын коопсуздугун камсыз кылат;

- акыры, мамлекеттер аралык аскердик чыр-чатактар учурунда туруктуу аскер бөлүктөрү менен бирдикте бул сөздүн толук маанисинде аскер кызматчылары болуп калат.

2022-жылдын 1-октябрында Кыргыз Республикасынын Аскер кызматкерлерине жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине үстөк акылар жогорулатылат. Президент Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын Аскер кызматкерлерине жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине акчалай акы төлөө системасын өркүндөтүү жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Мындай чара Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө жогоруда каралган төмөндөгү Жобого ылайык келет:

“12. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, кызматкерди социалдык жактан коргоонун кошумча кепилдиктерин белгилөөгө укуктуу".

Учурда ИИМдин кызматкерлери күчөтүлгөн режимде кызмат өтөп жатышат. Баткен облусунда ИИОнун жана ички аскерлердин 2000ден ашуун кызматкерлери күнү-түнү кызмат өтөп келишет.

Ялкун Даутов,

КР ИИМдин Коомдук кеңешинин төрагасы,

КР Президентине караштуу Коррупцияга каршы ишкерлер кеңешинин мүчөсү

Пайдалуу шилтемелер