facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

03.08.2022

ИИМ: Балыкчы шаарынын «Эдельвейс» полигонунда «Кобальт - 2022» ЖККУнун биргелешкен машыгуу башталды

2022-жылдын 3-августунда Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы “Эдельвейс” аскер полигонунда Кыргыз Республикасынын ИИМдин жана Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин Ыкчам аракеттенүү күчтөрүнүн түзүмдөрүнүн катышуусунда “Кобальт - 2022” атайын-тактикалык машыгуусунун ачылышы болуп өттү.

Машыгуунун ачылышында ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов өз сөзүндө машыгуунун негизги максаты ЖККУга мүчө мамлекеттердеги кылмыштуулук менен күрөшүүдө күч түзүмдөрүнүн тыгыз кызматташтыгын бекемдөө болуп саналаарын белгиледи. Белгилей кетсек, мындай машыгуулар ЖККУга мүчө мамлекеттердин аймактарында тажрыйба алмашуу максатында уюштурулуп келет.

Аталган машыгууга Армения, Беларуссия, Казакстан, Тажикстан жана Россиянын өкүлдөрү катышышты. Машыгуунун ачылышында мүчө мамлекеттердин мамлекеттик Гимндердин аткаруусунан кийин аскердик салтанаттуу жүрүш болуп өттү.

Эскерте кетсек, аталган машыгуу “Эдельвейс” полигонунда 2022-жылдын 5-августуна чейин болуп өтөт.

Машыгуунун жүрүшүндө атайын багыттагы күчтөр, “бандиттик, террордук топторду издөө, бөгөт коюу жана зыянсыздандыруу, ошондой эле баңгизаттарды мыйзамсыз алып өтүү каналдарын жабуу жана сактоочу жайларды, лабораторияларды табуу боюнча окуу-практикалык жана ыкчам-күжүрмөн тапшырмаларды аткарышат.

Машыгуунун мерчеми боюнча атайын операцияны пландаштыруу, ар кандай күчтөр менен каражаттарды башкаруу жана өз ара аракеттенүүнү уюштуруу маселелери боюнча ЖККУнун Ыкчам чара көрүү жамааттык күчтөрүнүн атайын багыттагы күчтөрүнүн түзүмдөрүнүн (ФССН КСОР) Ыкчам штабы менен командалык-штабдык машыгууларды өткөрүү каралган.

Машыгуунун соңунда ар кандай куралдардан ок атуу боюнча мелдештер, ошондой эле машыгууга катышкан командалардын арасында футбол жана волейбол боюнча спорттук мелдештер уюштурулат.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер