facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

29.07.2022

Улан Ниязбеков: Милиция кызматкерлери жарандардын нааразычылыгын эмес, ыраазычылыгын алган жагдайда кызмат өтөшү керек

Улан Ниязбеков: Милиция кызматкерлери жарандардын нааразычылыгын эмес, ыраазычылыгын алган жагдайда кызмат өтөшү керек

2022-жылдын  29-июлунда  Ички иштер министрлигинде  ички иштер органдарынын 2022-жылдын 6 айынын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы чыгарылды.

Коллегияга ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков дагы катышып, ички иштер органдарынын жетекчилиринин ишмердүүлүгүнө, ички иштер органдарынын 2022-жылдын 6 айынын ичиндеги ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарына, элге сервистик тейлөө көрсөтүүнүн жана туристтик сезон учурунда коомдук коопсуздукту камсыздоонун абалына токтолуп, жетишкендиктер менен кемчиликтерди атады.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков кылмыштуулукту алдын алуу, жардам сурап кайрылган жарандарга жана өз милдетин аткарып жүргөн кызматкерлерге жеринде шарт түзүү, санарип багытын өнүктүрүү, эл аралык кызматтыштыкты чыңдоо, коомчулукту сервистик  тейлөө, укук бузууларды болтурбоо жана башка бир катар алдыга карай натыйжалуу кадамдар жасалганын айтып өттү. Ошондой эле,  бул жетишкендиктер  Ички иштер министрлигинин борбордук аппаратына же айрым жетекчилерге тиешелүү эмес, бул иштер жалпы өздүк курамдын жасаган эмгегинин аркасы менен орун алганын баса белгиледи.

“Өзүмдүн жана коллегия мүчөлөрүнүн атынан күнү-түнү элдин коопсуздугу үчүн талыкпаган аракетин жасап, жүктөлгөн милдеттерди татыктуу аткарып жаткан жалпы өздүк курамга терең ыраазычылыгымды билдирем. Аталган жетишкендиктер менен бирге, кемчиликтер да болду.

Алардын айрымдары интернет социалдык тармактарында талкууланып, коомчулук арасында туура эмес ой-пикирлерди жаратууга түрткү берди. Анын ичинде, милициянын ар-намысына шек келтирген окуялардан баштап, кызматкерлердин жосунсуз жоруктары боюнча жагымсыз макалалар чагылдырылды. Жүктөлгөн милдеттерди так аткарбай шалаакылык көрсөткөн, мыйзамдын талаптарын эле эмес, түздөн-түз жооптуу болгон ишин жөндөй албаган жетекчилер да болду. Азыркы учурда, мыйзам бузган, кылмыш жасаган, пара алган жана башка терс көрүнүштөргө аралашкан кызматкерлерди өзүбүз аныктап, мыйзам чегинде жоопко тартып жатабыз. Ичибизден тазалануу иштери мындан ары да күчөтүлгөн тартипте улантылат. Ошондуктан, билбейт деп мыйзам бузуп, көрбөйт деп жүктөлгөн милдеттен качуудан алыс болуңуздар. Элдин коопсуздугун сактоо милдетине жооптуу болгондуктан, аны татыктуу аткаруу колго алынсын”,-деди министр Улан Ниязбеков.

Коллегиянын жүрүшүндө ИИМдин башчысы ар бир шаардык-облустук, райондук, айылдык милиция бөлүмдөрүнүн, башкармалыктарынын жетекчилери жарандарды жеке кабыл алуу ишмердигин күчөтүү керектигин талап кылды.  Ким канча жолу, кайсы суроо менен жарандарды кабыл алды, кайсы маселе жеринде чечилди же чечилген жок деген маалыматтарды жума сайын Ички иштер министрлигинин Катчылыгына жөнөтүп туруу керек. “Кабыл алынган арыздар боюнча элге туура түшүндүрүү иштери жетиштүү деңгээлде жүргүзүлбөгөндүктөн, жарандар тарабынан арыз-билдирүүлөр түшүп жатат. Мындан ары, ушундай кайрылуулар уланып, арыз-даттануулар түшө турган болсо, анда ошол жердеги жетекчилер тартиптик жазага тартылат. Бул талапты жалпы өздүк курамга жеткирип коюңуздар. Арыз-билдирүүлөрдү бурмалоо, пара талап кылуу, жүктөлгөн милдеттерди аткарбоо деген жаман сапаттардан алыс болуңуздар. Ички иштер органдары эл менен күнүгө түздөн-түз иш алып барган мамлекеттик орган болгондуктан, жарандардын нааразычылыгын эмес, ыраазычылыгын алган жагдайда кызмат өтөшү керек. Бул багытты чыңдоо үчүн биринчи жетекчилер тиешелүү иш-чараларды жүргүзүңүздөр.

Элге ачык болуп, кандай гана маселеси болбосун жеринде жардам берип, кичипейил мамиле жасоо - бардык кызматкердин башкы милдети катары саналсын. Милиция кызматы тартип бузган, пара алган, адамдык сапаты начар кызматкерлерден куралбашы керек, милиция кызматы - тартиптин жана мыйзамдын сакчысы, элдин ишенген тиреги болушу керек.

Эми мындан ары, ар бир жетекчинин кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча, аны алдын алууга карата кандай иш-аракеттерди жүргүзгөндүгүн тариздеп, ар бир жетекчиге карата реалдуу баа беребиз.

Ушул жылдын аягында коллегияны башкача өткөрөбүз. Элдин талаптарын аткарууга, жүктөлгөн милдеттерди ишке ашырууга чамасы жетпеген жетекчилер менен коштошобуз.

Кылмыштуулукка каршы күрөшүүнү, оор жана өтө оор кылмыштардын бетин ачууну, уюшкан кылмыштуулукка бөгөт коюуну жана каржы булактарын аныктоо, элге келтирилген чыгымдардын ордун толтурууну башкы максат катары эсептеңиздер. Уурулук, анын ичинде, чөнтөк, батир, мал уурулуктары боюнча күнү-түнү тынымсыз иш-аракеттерди көрүңүздөр. Бул талапты өздүк курамга да жеткирип коюңуздар. Ким жакшы иштеген болсо, сөзсүз түрдө сыйланат, эгерде жаман иштеген болсо, тиешелүү жазасын алат”,-деп министр жетекчилерге катуу эскертти.

Андан сыткары, Улан Ниязбеков тарабынан жашы жете электерге карата жасалган кылмыштардын саны өсүп, канчалаган жаш балдардын келечеги бузулуп жатканы айтылды. Ошондой эле, ички иштер министри  үй-бүлөлүк зомбулук, жаш өспүрүмдөргө байланышкан кылмыштар, ала качуу, зордуктоо, коомдук жайлардагы бейбаштыктар сыяктуу кылмыштарды алдын алуу иш-чараларын күчөтүүнү жана бул тапшырмаларды кынтыксыз аткарууну талап кылды.

Улан Ниязбеков  өлкөдөгү жол кыймылынын кырсыктарына дагы токтолуп,

 региондордогу башкармалыктардын жетекчилери, алардын кызмат боюнча орун басарлары тарабынан көзөмөлдүн начардыгын жана Жол кыймылы коопсуздугу башкы  башкармалыгынын борбордук аппаратынын иш алып бара албагандыгын сындады. Алдын алуу иштерин уюштуруп, кыска мөөнөттүн ичинде жол кырсыгын алдын алууга байланышкан чараларды уюштурууну жана жергиликтүү бийлик органдары, транспорт жана коммуникация бөлүмдөрү, акимдер, айыл өкмөттөр, айыл башчылары, жарандык коом менен бирге кырсыктарды алдын алуу иш-чараларын күчөтүү керектигин тапшырды.

“Бүгүнкү күндө эң алдыңкы санариптик технологиялар, жаңы автоунаалар, заманбап каражаттар жол кыймылынын коопсуздугунун бөлүктөрүндө иштеп жатат. Үстүртөн талдоо жүргүзбөй, иш-аракеттерди жакшылап уюштуруңуздар. Жол коопсуздугу боюнча чаралар күчөтүлбөй, кырсыктар дагы өсө турган болсо, анда катуу чаралар көрүлөт.

Ошондуктан, сиздерге дагы убакыт берилет. 9 айдын жыйынтыгы менен көрсөткүч дагы деле ушул бойдон калса же жол кырсыктарынын саны өсө турган болсо, анда билдирмеңерди жазып кете берсеңер болот”,-деди Улан Ниязбеков.

ИИМ башчысы бүгүнкү коллегияга катышкан жетекчилерге айтылган кемчиликтерди жоюп, коюлган тапшырмаларды аткаруу тапшырды.

“Эң башкысы кылмыштуулукка каршы күрөшүү, аны алдын алуу, элдин коопсуздугун камсыздоо, сервистик тейлөө көрсөтүү багыттарында катачылыктар кетпеши керек. Ар бир жасаган ишибиз эл үчүн, элдин коопсуздугуна арналып, өлкөнүн туруктуулугун жогорку деңгээлде камсыздонун үстүндө дайыма аракеттерди көрүү зарыл.

Жалпысынан ишмердик жакшы, бирок айрым багыттар боюнча, анын ичинде жол кыймылынын коопсуздугун күчөтүү, жаш өспүрүмдөр тарабынан жана аларга карата жасалган кылмыштарды болтурбоо, кызматкерлер арасындагы тартип маселесин чыңдоо, эл менен тыгыз байланышта иш алып баруу, жеринде сервистик тейлөө функцияларын калыптандыруу багыттары күчөтүлсүн.

Алдыда келе жаткан 9 айдын жана 12 айдын жыйынтыгы менен болуп өтүүчү коллегияда ушул багыттарды карап, ар бир жетекчиден сурап, тиешелүү баалар берилет.

Коллегияда коюлган талаптарды өздүк курамга жеткирип, ишмердикти андан ары чыңдоону милдеттүү түрдө аткарууга алууңуздарды дагы бир жолу эсиңиздерге салам”,-деп өз сөзүн жыйынтыктады ички иштер министри Улан Ниязбеков.

Бүгүнкү өткөн коллегияда республиканын бардык облустарында өткөрүлгөн ыкчам-кызматтык  кеңешмелердин жыйынтыгы менен 2022-жылдын 6 айында ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүндө орун алган кемчиликтери үчүн 67 жетекчилик курамдагы кызматкерлердин мурда алган тартип жазалары эске алынды. Ал эми, 2022-жылдын 9 айынын жана туристтик сезондун жыйынтыгы менен Чүй ОИИББдин, Жалал-Абад ОИИБдин,   Жалал-Абад жана Каракол шаарынын, Ат-Башы, Бакай-Ата райондорунун ички иштер бөлүмдөрүнүн айрым жетекчилеринин ишмердүүлүгү  каралат.  Андан сырткары, 2022-жылдын жыйынтыгы менен Бишкек шаардык, Чүй облустук ИИББдин,  Ош шаардык ИИБдин жетекчилик курамындагы  4  кызматкердин ишмердүүлүгүнө баа берилери белгиленди.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер