facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

11.10.2021

ИИМ: Сүйүн  Өмүрзаков министрдин орун басары кызматын калтырып шайлоого аттанды

ИИМ: Сүйүн  Өмүрзаков министрдин орун басары кызматын калтырып шайлоого аттанды
ИИМ: Сүйүн  Өмүрзаков министрдин орун басары кызматын калтырып шайлоого аттанды
ИИМ: Сүйүн  Өмүрзаков министрдин орун басары кызматын калтырып шайлоого аттанды
ИИМ: Сүйүн  Өмүрзаков министрдин орун басары кызматын калтырып шайлоого аттанды
ИИМ: Сүйүн  Өмүрзаков министрдин орун басары кызматын калтырып шайлоого аттанды
ИИМ: Сүйүн  Өмүрзаков министрдин орун басары кызматын калтырып шайлоого аттанды

Бүгүн,  11-октябрда министрдин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Сүйүн Өмүрзаковду ИИМден узатуу аземи болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясынын коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Адилет Жанузаков, ички иштер министри Улан Ниязбеков, министрдин орун басарлары, башкармалыктардын башчылары катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясынын коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Адилет Жанузаков  Министрлер Кабинетинин эки тескемеси менен тааныштырды.

Биринчиси, ИИМдин биринчи  орун басары, милициянын  генерал-майору Сүйүн  Өмүрзаковдун берген арызына байланыштуу кызмат ордунан бошотулгандыгын жана ИИМдин биринчи орун басарлык кызматына, милициянын полковниги Адыл Бийбосунов дайындалгандыгын билдирди. Адыл Бийбосунов буга чейин ИИМдин Кадрлар башкы башкармалыгын жетектеп келген.

Адилет Жанузаков менен Улан Ниязбеков биринчи орун басарды узатуу учурунда Сүйүн  Өмүрзаковдун чыныгы профессионал экендигин, 30 жылдан ашуун ички иштер органдарынын катарында үзүрлүү жана татыктуу ишмердүүлүк жүргүзгөндүгүн баса белгилешип, мындан аркы ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди каалады.

Ал эми Сүйүн  Өмүрзаков өз сөзүндө төмөнкүлөрдү билдирди: “Өз сөзүндө мен министрдин биринчи орун басары катары кызматта олтуруп убактылуу рапортумду жазып шайлоого катышсам деле болмок. Бирок мен жеке кызыкчылыгымды мамлекеттик кызыкчылыктан жогору койбой, шайлоого башка талапкерлер менен бирдей атаандаштыкта калыс катышайын деп чечтим.  Ошол себептүү мен Ички иштер министрлигиндеги министрдин биринчи орун басары жогорку кызматымды тапшырып, шайлоого аттандым.  Мен үчүн Кыргыз мамлекетине кызмат кылуу менин милдетим жана парзым. Сиздердин ар бириңиздерди кымбат жана даражалуу адам катары баалаймын.

Мен адилеттүүлүк үчүн, эл-журтумдун жыргалчылыгын, өнүккөн, гүлдөгөн мамлекетибиздин келечеги үчүн менин да жоопкерчилигим бар экенин сезем, туям жана кызматымды арнаймын! Мен 30 жылдан ашуун ички иштер органдарымдагы кызматымда чоң  жоопкерчиликти алуу менен дайыма өлкөбүздө тынчтык, туруктуулук үчүн кызмат өтөп келдим. Мен үчүн өлкөбүздүн, элибиздин тынчтыгы өтө маанилүү.  Мен Сиздер менен биргеликте адилеттүүлүк жана жаратмандык идеяларды ишке ашырууга, саясий ишмердүүлүгүбүздү мыйзам жолунда улантуу менен бирге Кыргызстандын келечеги үчүн кызмат кылууга дайым даяр экенимди дагы жолу белгилеймин”,-деди Сүйүн Өмүрзаков.

 

ИИМдин Басма сөз кызматы

 

Пайдалуу шилтемелер