facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

08.07.2022

ИИМ: Курман айтты майрамдоо күнү коопсуздук чаралары күчөтүлөт

ИИМ: Курман айтты майрамдоо күнү коопсуздук чаралары күчөтүлөт

Курман айт майрамынын алдында ички иштер органдарынын бөлүмдөрү коомдук жайларда кылмыштарга жана укук бузууларга жол бербөө максатында ыкчам-профилактикалык мүнөздөгү күчөтүлгөн рейддик иш-чараларды өткөрүүдө. Ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурулууда.
8минге жакын милиция кызматкери майрам күндөрү укук тартибин жана коопсуздукту камсыз кылат.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин "Коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" буйругуна ылайык аймактык бөлүнүштөрдө милиция кызматкерлеринин кызмат өтөөгө даярдыгын жана коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун сактоодо өз милдеттерин аткаруудагы даярдыктары гарнизондук жыйында текшерүү жүргүзүлдү.
Ошондой эле, коомдук жайларда коопсуздук чаралары күчөтүлөт.
Өздүк курам ыкчам кырдаалга туруктуу көзөмөл жүргүзүүнү жана мыйзам бузуу фактыларына токтоосуз жооп кайтаруу чаралары көрүлөт.
Мындан сырткары жарандарга сылык мамиле кылуу, кызматтык тартипти жана мыйзамдуулукту сактоо жөнүндө кызматкерлерге түшүндүрүү иштери жүргзүлдү.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер