facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

06.06.2022

ИИМ: Ички иликтөө кызматы милициянын катарын мыйзам бузгандардан тазалоо иштерин улантууда

ИИМдин Ички иликтөө кызматы, ички иштер органдарынын катарын ар кандай чыккынчылардан, паракорлордон, мыйзамдуулукту бузуучулардан жана коомдун көз алдында милициянын беделин түшүргөн кызматкерлерден тазалоого багытталган ишин улантууда.

Жарандардын даттанууларын жана арыздарын кароого формалдуу мамиле кылуу, кылмыштарды каттоодон баш тартуу, пара талап кылуу, оройлук сыяктуу фактыларды табууга өзгөчө көңүл бурулуп, кескин чаралар көрүлөт.

11-майда  ИИМдин Ички иликтөө  кызматына жаран Б.Э. кайрылган. Анда “Искен” жана “Каниет” аттуу милиция кызматкерлери 2022-жылдын март айынан тартып арыз ээсинин телефонунан жүктөлгөн видеожазууларды таратпоо үчүн он беш миң  сом акча талап кылып жатышканын көрсөткөн.

Аталган факты ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (опузалап пара талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон.

2022-жылдын 3-июнь күнү саат 20:20 чамасында тергөө-ыкчам иш-чараларынын негизинде Свердлов райондук ИИБдин имаратынын жанында талап кылынган сумманы алуу учурунда Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын улук ыкчам өкүлү А.И. жана Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү З.К.З. кармалышкан. Жеке тинтүү учурунда кармалгандардан буюм далилдери табылып, алынган.

Кармалгандар сурак жана башка тергөө аракеттеринен кийин Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги коррупционер, саткын милиция кызматкерлерин аныктоо боюнча чаралары көрүүдө жана ички иштер органдарынын айрым милиция кызматкерлери тарабынан жасалган коррупциялык жана башка мүнөздөгү кылмыштарды аныктоо, ага бөгөт коюу боюнча иштерин улантууда.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер