facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

23.05.2022

Чүй облусунда “Йакын инкар” агымынын мүчөлөрү кармалды

Чүй ОИИББнын жана Сокулук РИИБдин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери ошондой эле Сокулук райондук УКМК кызматкерлери менен биргеликте жүргүзлгөн ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган Йакын инкар диний экстремстик уюмунун активдүү мүчөлөрү кармалышкан. 
Бул ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө жогорудагы диний экстремисттик уюмдун 50дөн ашык мүчөсү кармалып алардын лидери катары иш жүргүзүп келген 1970-жылы туулган К. Н. аттуу жаран дагы кармалган. Ал буга чейин да Йакын инкар экстремисттик уюмдун мүчөсү катары соттолгондугу ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө аныкталган.
Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 331-беренеси (Экстремисттик уюмду түзүү жана каржылоо) негизинде кылмыштарыдын бирдиктүү реестрине катталган. 
Тергөөнүн алдын ала версиясы боюнча, Кыргыз Республикасында тыюу салынган “Йакын инкар” агымынын лидери К.Н.,  аталган агымдын мүчөлөрүн каржылап, окууларды уюштуруп турган. Ошондой эле Москва районунун аймагында жайгашкан бир нече даректерде жатаканаларды уюштуруп ал жерлерде тыюу салынган агымдын идеологиясын жайылтып жүргөнү аныкталган.
Кармалган жарандардын үйлөрүнө жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин жыйынтыгында  бул уюмга тийиштүү ар кандай китептер, баракчалар, флеш-карталар, дептерлер, уюлдук телефондор жана DVD дисктер алынган. Алынган буюмдар боюнча тишелүү экспертизалар дайындылган. Экспертизанын жыйынтыгында алынган далил буюмдар Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган “Йакын инкар” экстремисттик агымына таандык экендиги аныкталган. 
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында  “Йакын инкар” экстремисттик агымдын активдүү мүчөсү катары 4 адам кармалып убактылуу кармоочу жайга камака алынган.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 331-беренесиин (Экстремисттик уюмду түзүү жана каржылоо) негизиндеги төмөндөгүлөр кармалды:
-  1970-жылы туулган К.Н., Кыргыз Республикасында тыюу салынган “Йакын инкар” кыймылынын лидери,
 - 1981-жылы туулган А.Н., Кыргыз Республикасында тыюу салынган “Йакын инкар” кыймылынын активдүү мүчөсү.
- 1966-жылы туулган А.Ж., Кыргыз Республикасында тыюу салынган “Йакын инкар” кыймылынын активдүү мүчөсү, 
-1992-жылы туулган С.А., Кыргыз Республикасында тыюу салынган “Йакын инкар” кыймылынын активдүү мүчөсү, 
- 1996-жылы туулган М.У., Кыргыз Республикасында тыюу салынган “Йакын-инкар”  агымынын активдүү мүчөсү. 
Ошол эле учурда бул жарандар даават жүргүзүү аркылуу тыюу салынган “Йакын инкар” уюмунун идеяларын жайылтып, үгүт иштерин жүргүзүп келишкен.
Учурда сот тарабынан Бишкек шаарындагы №1 СИЗОго камакка алуу чечими каралып, сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.

Чүй облустук ИИББнын Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер