facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

01.10.2021

ИИМ: Жаран М. Касенов киши өлтүрүүгө аракет кылуу  фактысы боюнча кармалды

ИИМ: Жаран М. Касенов киши өлтүрүүгө аракет кылуу  фактысы боюнча кармалды

Социалдык тармактарда жаран М.Касеновду белгисиз адамдар кармап кеткендиги тууралуу жарыяланган билдирүүлөргө байланыштуу, Ички иштер министрлиги төмөнкүлөрдү билдирет.  Жаран М. Касенов  Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 39-130-беренеси  (Адам өлтүрүүгө  аракет кылуу) менен  адам өлтүрүүгө аракет кылуу фактысы боюнча ИИМдин кызматкерлери тарабынан кармалган. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ал Бишкекке тергөө органдарына жеткирилген.

 Мындан тышкары, Каракол шаарындагы шектүүнүн үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, анын натыйжасында ок атуучу куралдар (“Сайга”) жана жаралма куралдар табылып алынганын маалымдайбыз.

Ошондой эле, көрсөтүлгөн жарандын ушул сыяктуу башка кылмышка катыштыгы бардыгы такталууда.

 Ал Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.  Учурда ИИМдин Тергөө кызматы ыкчам-иликтөө жана тергөө амалдарын жүргүзүүдө.

 

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер