facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

04.05.2022

ИЧКИ ИШТЕР МИНИСТРЛИГИНИН ЖККББ ЖОЛ ШАРТТАРЫНАН УЛАМ ЖОЛ КЫРСЫГЫНЫН АБАЛЫНА ТЫНЧСЫЗДАНУУДА

ИЧКИ ИШТЕР МИНИСТРЛИГИНИН ЖККББ ЖОЛ ШАРТТАРЫНАН УЛАМ ЖОЛ КЫРСЫГЫНЫН АБАЛЫНА ТЫНЧСЫЗДАНУУДА

Ошентип, Бишкек-Ош унаа жолунун (6-60-чакырым) бөлүгүндө жол кырсыктарынын саны өсүүдө. 2022-жылдын 4 айында эле аталган унаа жол тилкесинде 74 жол кырсыгы катталып, анда 12 адам каза болуп, 96 адам ар кандай жаракаттарды алышкан. Ошол эле маалда түн ичинде жөө жүргүнчүлөрдү сүзүү түрүндөгү кырсыктардын келип чыгышынын негизги себептеринин бири – көчөлөрдөгү жасалма жарыктандыруунун жоктугу болуп саналат.

Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан аталган унаа жолдун тилкесинде жол кырсыктарын алдын алуу боюнча тынымсыз профилактикалык иштер жүргүзүлүп жатканын белгилей кетүү керек. Алсак, үстүбүздөгү жылдын 3 ай ичинде Сокулук, Москва, Жайыл райондорунун ЖККК кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 190-беренесинин талаптарына ылайык 493 жөө жүргүнчү жоопкерчиликке тартылган. Жол кыймылынын коопсуздугун уюштуруу жана камсыз кылуу максатында жолдун аталган бөлүгүндө подряддык уюмдун өкүлдөрүнүн катышуусу менен комиссиялык текшерүүлөр жүргүзүлүүдө.

Комиссиялык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Кытай темир жол инженердик компаниясынын жетекчисине 2022-жылдын 25-февралына чейин коопсуздук коркунучун жараткан жолдорду тейлөөдөгү аныкталган кемчиликтерди жоюу жөнүндө көрсөтмө жазылган. Ал эми көрсөтмөнүн талаптарын аткарбагандыгы үчүн Кытай темир жол инженердик компаниясынын ЖКК боюнча инженери Б.Джумалиевге Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 177-беренесинин 2-бөлүгү менен 23 000 сом айып салынган. Бирок, текшерүү учурунда белгилүү болгондой, узак убакыт бою бул иш-чаралар аткарылган эмес.

Ошондой эле, 2022-жылдын 29-мартында комиссиялык текшерүүнүн жыйынтыгы менен 11 жерге шумдуу тилкелерин коюу, 4 жерге чакырылуучу жөө жүргүнчүлөр светофорун куруу, кошумча 4 жерге темир тосмолорду орнотуу, кийинки бурулуштун жана кескин бурулуштардын жакын аралыгына байланыштуу 17 жерге парапеттер менен артка кайтаруучу жерлерди жабуу боюнча кошумча сунуштар киргизилген.

Белгилей кетсек, «Автомобиль жолдору жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 32-беренесинин талаптарына ылайык, транспорт жана жолдор чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун тескеген жол органдары, ведомстволук жана жеке менчик автомобиль жолдорунун, муниципалдык жолдордун ээлери жол кыймылынын коопсуздугунун талаптарына жооп берген абалда жолдорду оңдоого жана кармоого, жол кыймылынын абалын жакшыртууну камсыз кылууга, бул жолдорду жакшыртуу, алардын тармактарын өнүктүрүү жана бул үчүн бөлүнгөн финансылык каражаттарды максаттуу, сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдалануу милдеттүү.

Бүгүнкү абал ар бир адамдын аң-сезиминде кескин өзгөрүүлөрдү талап кылат. Биринчиден, түздөн-түз функционалдык милдеттерди аткарууну жана мыйзамдын бардык ченемдерин сактоону үйрөнүү керек.

Өз кезегинде, Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББ жол инфраструктурасын оптималдаштыруу жана аны ченемдик абалга келтирүү боюнча ведомстволор аралык иштер улантылат.

КР ИИМдин ЖККББнын Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер