facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

30.04.2022

Улан Ниязбеков: Ар бир милиция кызматкери өз милдеттерин так аткарууга тийиш

Улан Ниязбеков: Ар бир милиция кызматкери өз милдеттерин так аткарууга тийиш
Улан Ниязбеков: Ар бир милиция кызматкери өз милдеттерин так аткарууга тийиш
Улан Ниязбеков: Ар бир милиция кызматкери өз милдеттерин так аткарууга тийиш

Коллегиянын соңунда конкреттүү  жалпы тапшырмалар да берилди. Улан Ниязбеков элдин экономикалык турмуш-тиричилик абалын туруктуу деңгээлде сактоону камсыз кылуу үчүн, тамак-аш, азык-түлүк жана биринчи керектелүүчү каражаттардын кымбатташы боюнча жалган маалыматтарды таркатып, өз кызыкчылыгы үчүн иштеген жарандарды аныктап, мыйзам чегинде жоопко тартууну, ушуну өзгөчө көзөмөлгө алууну баса белгиледи.
"Жергиликтүү бийлик органдары, айыл башчылар, айыл өкмөттөр, акимдер, президенттин аймактардагы өкүлдөрү менен бирге коопсуздук иш-мерчемдерин бекитип, азык-түлүк продукциянын баасын жасалма түрдө көтөрүүгө жана чек-аралардан сыртка азык-түлүк товарларды, дыйканчылыкта керектелүүчү каражаттарды ташып кетүүгө тыюу салынсын.
Аткезчиликке бөгөт коюу чаралары күчөтүлсүн. Буга чейин чек ара аймактарына жакын жерге жайгаштырылган жалпы республика боюнча жол кыймылынын коопсуздугунун посттору кыраакылык менен иш алып барууга тийиш. 
Аткезчилик жолу менен мыйзамсыз ташууларга, айрым адамдардын экономикалык каатчылыкты пайдаланып мыйзамсыз байып кетүүсүнө жол бербөө иштери жүргүзүлсүн. Экономикалык абал, өлкөбүздөгү кырдаал жана жүргүзүлүп жаткан чаралар жөнүндө элге кеңири жана так маалыматтар мезгил-мезгили менен жеткирилип турсун. 
Азыркы учурда, кабатыр болууга эч кандай негиз жок экендигин, өлкөбүз экономикалык кырдаалдын бардык сыноосуна даяр экендигин, кампаларда жана тиешелүү каражаттарды сактоочу жайларда азык-түлүк, тамак-аш, ошону менен бирге дыйканчылык продукциялары жетиштүү деңгээлде экендиги боюнча эл арасына жолугушуу мезгилинде кеңири түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
Андан тышкары, президенттин ысырапкерчилик боюнча Жарлыгын ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн, коомчулукка Жарлыкты туура жеткирүү, аксакалдарга жана жаштарга кеңири түшүндүрүү иштери алып барылсын.
Жогоруда аталган иш-чаралардын бардыгы республика боюнча иштеп жаткан 57 даана “Милициянын көчмө кабылдамалары” аркылуу ишке ашырылып, аны менен бирге жеринде элге сервистик тейлөө көрсөтүү иштери улантылсын. Эң башкысы ар бир кызматкерден баштап, жетекчиге чейин жүктөлгөн милдеттерди ишке ашырып, эл алдында мойнуна тагылган парзын так аткаруу  керектигин белгилеймин деди",- Улан Ниязбеков  коллегияны жыйынтыктап жатып.


ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер