facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

04.04.2022

Ички иштер министрлиги ИИОнун катарынан кызматтык кызыкчылыктарды саткандарды жана мыйзамсыз иш-аракеттерди жасагандарды тазалоодо

Ички иштер министрлиги ИИОнун катарынан кызматтык кызыкчылыктарды саткандарды жана мыйзамсыз иш-аракеттерди жасагандарды тазалоодо

Бүгүнкү күндө ИИМдин тутумунда коррупционерлерге, кызматтын кызыкчылыктарын саткандарга, мыйзамсыз иш-аракеттерди жасагандарга каршы аёсуз күрөш жүргүзүлүүдө. Министрликтин жетекчилигинин коррупцияга болгон мамилеси эч качан өзгөрбөйт - мыйзам бузуучулар мыйзамдын чегинде жоопкерчиликке тартылат. Бул ИИМдин принципиалдуу позициясы.

2022-жылдын 3-апрель күнү  ИИМдин БМЖКККнын өзгөчө маанилүү иштер боюнча ага ыкчам ыйгарымдуу өкүлү А.А. кайрылып, ал өзүнүн билдирмесинде, Ош жана Баткен облусунун жарандары “Б” жана “У” аттуу атуулдар ири өлчөмдө  баңги каражаттарын аткезчилик жолу менен Тажикстан Республикасынан Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун аймагы аркылуу мыйзамсыз алып өтүп, Кадамжай районунун аймагына сатуу үчүн сатып алуучу адам издеп жүргөндүгү жөнүндө ыкчам маалымат келип түшкөндүгүн билдирген.

Аталган факты боюнча, чогултулган материал 2022-жылдын 3-апрелинде Баткен ОИИБнин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын КЖКнин 282-беренесинин  2-бөлүмүн 3-пункту  менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө, 2022-жылдын 4-апрель күнү саат болжол менен 03:20 чамасында жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында, Ош шаарынын тургуну 1988-жылы туулган А.А. “Лексус-330” үлгүсүндөгү автоунааны башкарып бара жаткан жеринен токтотулган. Автоунаада милиция кызматкерлери К.Б.,   А.А.,  жана И.Д. болушкандыгы аныкталган.

 Ыкчам-тергөө аракеттеринин жыйынтыгында, автоунаага кечиктирилгис жагдайда тинтүү жүргүзүлүп, тинтүүнүн жыйынтыгы менен автоунаанын багажынын дөңгөлөк коюучу жайында жалпы 30 даана сары полиэтилен баштыкка оролуп скотчтолгон заттар табылган.. Табылып алынган заттын жалпы салмагы 30 килограмм 460 грамм  болуп чыкты.

Алынган буюм далилдерге соттук-химиялык экспертизасы дайындалып, күбөлөр суралган. Азыркы учурда кылмыш иш боюнча тиешелүү ыкчам тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

ИИМдин Басма сөз кызматы

 

 

Пайдалуу шилтемелер