facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

19.08.2021

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ МЕНЕН ТҮРКМӨНСТАНДЫН ИЧКИ ИШТЕР МИНИСТРЛЕРИ ЖОЛУГУШТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ МЕНЕН ТҮРКМӨНСТАНДЫН ИЧКИ ИШТЕР МИНИСТРЛЕРИ ЖОЛУГУШТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ МЕНЕН ТҮРКМӨНСТАНДЫН ИЧКИ ИШТЕР МИНИСТРЛЕРИ ЖОЛУГУШТУ

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Түркмөнстанга болгон расмий сапарынын жүрүшүндө Борбордук Азиянын мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусуна катышып, анда соода-экономикалык, энергетикалык, транспорттук-коммуникациялык жана башка чөйрөлөрдөгү аймактык өз ара аракеттенүү маселелери талкууланган. Кыргызстандын делегациясынын курамына ички иштер министри Улан Ниязбеков дагы кирген.
Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын ички иштер министри милициянын генерал-майору Улан Ниязбеков Түркмөнстандын ички иштер министри, полициянын полковниги Овездурды Ходжаниязов менен жолугушту.
Жолугушуу учурунда Улан Ниязбеков өз сөзүндө белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги үчүн приоритеттүү тапшырмалардын бири коңшу мамлекеттердеги кесиптештери менен тыгыз жана жылуу мамилелерди түзүү. Биздин өлкө үчүн Түркмөнстан жөн эле коңшу мамлекет гана эмес, биздин элдерди тарыхый жана маданий салттар тыгыз байланыштырып турат.
“Заманбап дүйнөдө ааламдашуу процесси бир убакта кылмыштуулуктун трансформациясына дагы таасир этип, кылмыш дүйнөсү барган сайын технологиялык жактан өнүгүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн активдүү пайдаланышууда. Ошондуктан, уюшкан кылмыштуулукка, экстремизмге жана наркотрафикке каршы күрөшүү көптөгөн өлкөлөрдүн, өзгөчө чек арага жакын жана коңшу мамлекеттердин укук коргоо органдарынын биргелешкен аракеттерин талап кылууда. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги коңшу өлкөлөр менен улуттар аралык уюшкан кылмыштуулукка жана баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы аракеттенүүгө өзгөчө маани берет”,-деп баса белгиледи Улан Ниязбеков.
Ошондой эле Түркмөнстан географиялык жактан Ооганстанга жакын жайгашкандыктан түркмөн кесиптештер баңгизатка каршы күрөшүү боюнча активдүү иштерди жүргүзүп жаткандыгын белгилешти. Буга ылайык, Ооганстандан келген баңгизаттардын олуттуу бөлүгү өз каттамын уланта албайт жана бул контекстте Түркмөнстан биз үчүн маанилүү өнөктөш болуп саналат. Кыргызстандын ички иштер министрлиги баңги кылмыштуулугуна каршы күрөшүү үчүн ар дайым жигердүү кызматташууга даяр, бул үчүн бардык жардамды көрсөтөт.
Эки өлкөнүн ички иштер министрлеринин жолугушуусунда кылмыштуулукка, экстремизмге, баңгизаттарынын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү жаатында кызматташтыкты күчөтүү маселелери, ошондой эле эки тарапты кызыктырган актуалдуу маселелер талкууланды. Тараптар кылмыштуулукка каршы күрөштө кызматташууну күчөтүүгө кызыктар экенин ырасташты.
Кыргызстандын ИИМнин башчысы Түркмөнстанга болгон иш сапары жемиштүү болооруна жана биздин министрликтердин учурдагы эки тараптуу кызматташтыгын мындан ары да бекемдей тургандыгына даяр экендигин билдирди. Бул жолугушуу учурдагы байланыштарды мындан ары дагы бекемдеп, укук коргоо органдарынын тыгыз кызматташуусуна негиз түзөт деп баса белгиледи.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер