wrapper

Конкурска катышуу үчүн талапкер төмөнкү документтерди тапшырууга тийиш:

️ жеке арызын;

️ кадрларды эсепке алуу баракчасы/анкета;

️ өмүр баяны, 2 нускада (өз колу менен жазылган жана басылган);

️ өмүр баяны тууралуу;

️ тийиштүү билимин, квалификациясын же атайын билимин тастыктоочу документтердин, ошондой эле окуу учурунда алган баалары менен документтердин тиркемелеринин көчүрмөлөрү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);

️нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (кызматка биринчи жолу кирип жаткан жарандардан тышкары);

️аскердик билетинин көчүрмөсү (эркектер үчүн) (түп нускасы конкурска келген учурда көрсөтүлөт);

️ паспортунун (түп нускасы конкурска келген учурда көрсөтүлөт) жана туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү;

️ балдардын туулгандыгы тууралуу (эгерде балдары болсо) жана никелешүү жөнүндөгү (никеде турган болсо) күбөлүктөрүнүн көчүрмөлөрү;

️ укук коргоо органында кызмат өтөөгө жарактуулугу жөнүндө аскердик-врачтык комиссиясынын корутундусу;

️үчтөн кем эмес сунуш кат;

️сүрөт 9x12 (1 даана) жана 3x4 (4 даана).

️милициянын участкалык уполномоченныйынан тактама

️криминалдык милиция кызматынан тактама

️акыркы иштеген же окуган жеринен мүнөздөмө

️ даректик тактама.

Маалымат иретинде төмөндөгүнү маалымдайбыз:

Укук коргоо органдарына кызматка башка мамлекеттин жарандыгы болбогон, укук коргоо органдарында кызмат өтөөгө саламаттыгынын абалы жана психофизиологиялык маалыматтары боюнча жарактуу деп таанылган, дене-бойлук даярдыгы боюнча нормативдерди тапшырган, кызматкерлерге карата коюлган квалификациялык талаптарга жооп берген, аскердик кызматты өтөгөн же запастагы офицерлердин программасы боюнча аскердик даярдыктан өткөн же үй-бүлөлүк абалынан келип чыккан негиздер боюнча альтернативалык кызмат өтөгөн Кыргыз Республикасынын жарандары ыктыярдуу тартипте кабыл алынат. Укук коргоо органдарынын катардагы жана кенже жетектөөчү курамдагы кызмат орундарына - 30 жашка чейинки курактагы, биринчи жолу кызматка кирип жаткан, ал эми орто жана улук жетектөөчү курамдагы кызмат орундарына 35 жашка чейинки курактагы жарандар кабыл алынат. Ошондой эле, жазыктык иш же болбосо жоруктар жөнүндө иш боюнча шектүү же айыпталуучу болуп саналган адамдар да укук коргоо органдарына кызматка талапкер боло албайт.

Кошумча маалымат алуу үчүн Транспорттогу ИИБнын кадр тобуна төмөндөгү дарек боюнча кайрылсаӊыздар болот Бишкек шаары, Л. Толстой көчөсү 63, тел номерлер: 0312 35-12-87, 0550 300981

Биз менен байланыш

Дареги; 720040, Бишкек ш., Фрунзе көч. 469

ИИМдин Катчылыгы, тел: + 996 312 26 60 54

ИИМдин ишеним телефону: +996 312 26 60 27

ИИМдин кабылдамасы: +996 312 66 24 50

ИИМдин Басма-сөз кызматы:

0 (тел/факс), +996 312 26 62 54, 26 62 90

“Коопсуз шаар”  долбоорунун ишиндеги жана ЖКЭни бузуулар үчүн айып пул маселелери боюнча : 0312 53-03-48, 0312 53-03-89, 0312 53-03-76 
Соттолбогондугу жөнүндө тактаманы берүү маселелери боюнча: 0312 36-94-18 
КР ИИМдин КККнын курал колдонууга уруксат берген тактама маселелери боюнча: 0312 36-94-93 
КР ИИМдин ЖКККББнын тактама берүү маселелери боюнча: 0312 36-95-58 
Апостиль  берүү маселелери боюнча 0312 36-94-13