wrapper

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы бош кызмат орундарын ээлөө үчүн конкурс жарыялайт
 
Конкурска катышууга документтер 2018-жылдын 10-июнуна чейин Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын Кадлар бөлүмү тарабынан Бишкек шаары Ч. Валиханов көчөсү 1а дареги боюнча кабыл алынат, кошумча маалыматтарды сурап билүү тел./факс (0312) 63 – 02 – 53, 63 – 12 – 75.
 
Бош кызмат орундарынын тизмеси: 
 
Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББда (аппарат)
 
1. Басма сөз кызматынын башчысы – 1 
2. АТ жана ЖККБнын ага юрисконсульт-тескөөчүсү – 1
3. Мониторинг борборунун администроативдик тажрыйба боюнча ага тескөөчүсү – 1
4. Жол көзөмөлдөө бөлүмүнүн ага инженер-тескөөчүсү – 1 
5. Кадрлар бөлүмүнүн тескөөчүсү – 1
6. ТИИБны тейлөө боюнча адистештирилген бөлүгүнүн кенже тескөөчүсү – 1
 
Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББда Бишкек ШИИББы боюнча ЖКККБда
 
1. Саптык бөлүктүн ЖКК батальонунун кенже тескөөчүсү – 6 
 
Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББда Чүй ОИИББы 
боюнча ЖКККБда 
 
1. Кемин РИИБү боюнча ЖККБнүн ага инженер-тескөөчүсү – 1 
2. Жайыл РИИБү боюнча ЖККБнүн ага инженер-тескөөчүсү – 1
3. Панфилов РИИБү боюнча ЖККБнүн кенже тескөөчүсү – 1
 
Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББда Ысык-Көл ОИИБы 
боюнча ЖКККБдө 
 
1. Саптык бөлүктүн ЖККнын взводунун кенже тескөөчүсү – 1
 
Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББда Баткен ОИИБы 
боюнча ЖКККБдө 
 
1. Штабтын ага тескөөчүсү – 1 
2. Лейлек РИИБү боюнча ЖККБнүн ЖККнын ага тескөөчүсү – 1 
3. Лейлек РИИБү боюнча ЖККБнүн издөө боюнча тескөөчүсү – 1 
 
 
Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын жана анын бөлүктөрүндөгү бош кызмат орундарын ээлөө үчүн 
КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК  ТАЛАПТАР
 
Аппараттын орто жана жогорку жетектөөчү курамдын кызмат орундарына:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-июнундагы № 360 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын катардагы жана жетектөөчү курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө Жобосунда аныкталан ички иштер органдарына кабыл алуунун жана кызмат өтөөнүн шарттарына жана квалификациялык талаптарына жооп берүүсү керек;
- юриспруденция, укук таануу боюнча жогорку билим же кызмат орунга карата кесиби боюнча тиешелүү жогорку билим;
- “В, С” уруксат берүүчү категориялары бар айдоочулук күбөлүк.
 
Саптык бөлүктөрдүн командирлери жана аймактык бөлүктөрдүн башчысы кызмат орундарына:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-июнундагы № 360 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын катардагы жана жетектөөчү курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө Жобосунда аныкталан ички иштер органдарына кабыл алуунун жана кызмат өтөөнүн шарттарына жана квалификациялык талаптарына жооп берүүсү керек;
- юриспруденция, укук таануу, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу, автомобиль транспорту боюнча жогорку билим;
- Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын бөлүктөрүндө үч жылдан кем эмес кызмат өтөөсү керек;
- “А, А1, В, В1, С, С1” уруксат берүүчү категориялары бар айдоочулук күбөлүк.
 
Саптык жана аймактык бөлүктөрдүн кенже, орто жана жогорку курамдын кызмат орундарына:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-июнундагы № 360 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын катардагы жана жетектөөчү курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө Жобосунда аныкталан ички иштер органдарына кабыл алуунун жана кызмат өтөөнүн шарттарына жана квалификациялык талаптарына жооп берүүсү керек;
- юриспруденция, укук таануу боюнча жогорку билим же кызмат орунга карата кесиби боюнча тиешелүү жогорку билим;
- “А, А1, В, В1, С, С1” уруксат берүүчү категориялары бар айдоочулук күбөлүк.
Ички иштер органдарына биринчи жолу кызматка кирип жаткан  жарандар жана ички иштер органдарында, укук коргоо органдарында мурда кызмат өтөгөндөр Кыргыз Республикасынын ЖКККББнын кадрлар бөлүмүнө төмөнкүлөрдү документтерди тапшырышат:
- арыз;
- паспорт жана туулгандыгы тууралуу күбөлүк;
- аскердик билет;
- эмгек китепчеси (биринчи жолу кызматка кирип жаткандардан тышкары);
- квалификациялык же атайын наамы, тийиштүү атайын билими жөнүндө тастыктоочу документтер;
- балдардын туулгандыгы тууралуу (эгерде балдары болсо) жана никелешүү жөнүндөгү (никеде турган болсо) күбөлүктөр;
- өмүр баян - 2 нускада (бири кол жазма түрүндө, экинчиси компьютерде терилген);
- өмүр баяндык реферат;
- анкета;
- иштеген, окуган же жашаган жеринен мүнөздөмө;
- пикирлер, сунуштамалар;
- жашаган жеринен жана үй-бүлөсү жөнүндө маалымкат;
- фотосүрөт 9x12 (1 даана), 3x4 (4 даана).
  Конкурска катышуу үчүн керектүү документтерди тапшырганга чейин талапкерлер бош кызмат ордуна жарактуулугу жөнүндө маселени чечүү үчүн аскердик-врачтык комиссиянын күбөлөндүрүлүүсүнөн өтүүгө тийиш.
Ички иштер органдарынын кызматкерлери бош кызмат ордунда андан ары кызмат өтөөгө жарактуулугу жөнүндө маселени чечүү үчүн аскердик-врачтык комиссиянын күбөлөндүрүлүүсүнөн өтүүгө тийиш.
 
Дареги: 720002, Бишкек шаары Ч. Валиханов көчөсү 1а.
 
ИИМдин ЖКККББнын Басма сөз кызматы
 

Биз менен байланыш

Дареги; 720040, Бишкек ш., Фрунзе көч. 469

ИИМдин Катчылыгы, тел: + 996 312 26 60 54

ИИМдин ишеним телефону: +996 312 26 60 27

ИИМдин кабылдамасы: +996 312 66 24 50

ИИМдин Басма-сөз кызматы:

0 (тел/факс), +996 312 26 62 54, 26 62 90

“Коопсуз шаар”  долбоорунун ишиндеги жана ЖКЭни бузуулар үчүн айып пул маселелери боюнча : 0312 53-03-48, 0312 53-03-89, 0312 53-03-76 
Соттолбогондугу жөнүндө тактаманы берүү маселелери боюнча: 0312 36-94-18 
КР ИИМдин КККнын курал колдонууга уруксат берген тактама маселелери боюнча: 0312 36-94-93 
КР ИИМдин ЖКККББнын тактама берүү маселелери боюнча: 0312 36-95-58 
Апостиль  берүү маселелери боюнча 0312 36-94-13