wrapper

Adinai

Кара-Буура РИИБдин начальниги Майрамбек Калманбетов айыл өкмөттөрдүн башчылары менен жолугуп, коопсуздук маселелерин талкуулады

Кара-Буура РИИБдин начальниги милициянын полковниги Майрамбек Калманбетов жана АМБнүн начальниги А.Анаркулов милициянын көчмө кабылдамасы менен район аймагын кыдырып, айыл жергесиндеги көйгөй жараткан маселелерин кароо үчүн ар бир айыл өкмөттөрдүн башчылары жолугуп, коопсуздукка байланышкан маселелерди биргеликте чечүү керектигин баса белгиледи.
Ар бир айыл өкмөттүн башчысы райондук милициянын башчысы Майрамбек Калманбетовго каалоо-тилектерин, сунуштарын айтышып, ошондой эле РИИБнүн кызматкерлери менен тыгыз байланышта экенин айтып өтүштү. Майрамбек Калманбетов ар бир айыл өкмөт башчыларына кайрылып, милициянын аймактык тескөөчүлөрүнүн иш бөлмөлөрүндөгү шарттарга токтолуп, техникалык колдоо көрсөтүүнү, ошондой эле кызматкерлер өздөрү тейлеген айыл жергесинде болушу керектигин эске алып, жер маселеси боюнча жардам берүүнү суранды.
Мындан тышкары, Майрамбек Калманбетов РИИБнүн кызматкерлери өздөрү тейлеген аймакта айыл тургундарынын коопсуздугун камсыздоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдө алгылыктуу иштерди алып барып жаткандыгын айтып, мындан ары дагы бул багыттар боюнча иштерди күчөтө тургандыгын билдирди. Айыл жергесиндеги чыр-чатактарды ар бир айылдагы аксакалдар соту менен биргеликте чечүүнү сунуштап, алдын алуу иштерине жеке өзү көзөмөл жүргүзөөрүн кошумчалап кетти.
Бакыян айыл өкмөтүнүн башчысы Мирлан Абылгазиевдин айтуусунда, Кара-Буура РИИБнүн кызматкерлерине атайын жер айдоо боюнча гектар жер бөлүнүп берилгенин жана милициянын аймактык тескөөчүлөрүнө 2021-жылдын 15-август айына чейин өзүнүн жеке иш бөлмөлөрүн камсыз кылаарын айтып өттү.
Ар бир айыл өкмөтүнүн башчылары милициянын аймактык тескөөчүлөрү менен ар тараптуу тыгыз иштешип, элдин коопсуздугу менен бейпилдигин камсыздоо үчүн жардам көрсөтүп жатышкандыгын, райондук милициянын жетекчисинин бардык сунуштарын колдой турушкандыгын айтып өтүштү.

Талас ОИИБнин Басма сөз кызматы

Read more...

Чаткал милициясы үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүүнү күчөтүүдө

Чаткал РИИБдин жетекчилигинин демилгеси менен, райондук мамлекеттик администрациясында, райондун аймагында үй-бүлөлүк зомбулуктун жана жашы жете электердин сууга чөгүүсүнүн алдын алуу максатында, райондук администрациясынын акиминин социалдык маселелери боюнча орун басары, райондук социалдык өнүктүрүүнүн жетекчиси, айыл өкмөт, айыл башчылар, аксакалдар сотторунун төрагалары, аялдар кеңешинин төрайымдары, жаштар кеңешинин төрагасы жана жергиликтүү маалымат өкүлдөрү катышкан жыйын болуп өттү.
Жыйында үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, бул багытта алдын алуу иштерди чогу биргеликте жүргүзүү жагы сунушталып, анын натыйжасында эффективдүү жыйынтыктар болору белгиленди.
Милициянын бул кадамын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү колдоо менен кабыл алышып, кылмыш болгондон кийин эмес, анын алдын алуу зарылдыгын айтышып, аткара турган иштерди мерчемдешүүгө жетишти. Чаткалда жакынкы убактарда бир топ алгылыктуу иш-чаралар ишке ашырылмакчы.

Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы

Read more...

Нарын ОИИБи: Жумгал районунда милициянын отставкадагы старшинасы Койчукара Абышовдун 70 жаш курагы белгиленди


Жумгал райондук ички иштер бөлүмүндө жетекчилик, өздүк курам жана ардагерлердин катышуучусу менен милициянын отставкадагы старшинасы Абышов Койчукара атабыздын 70 жаш курагы белгиленип, "Кыргыз милициясына 95 жыл" медалы ыйгарылды.
Жумгал РИИБнин начальниги милициянын полковниги У.Коноев куттуктоо сөзүн айтып, бакубат жашоо дөөлөттүү карылык тилеп ар дайым милициянын жаш кадрлары менен тыгыз иш алып барууга чакырып өттү.
Жумгал райондук ички иштер бөлүмүнүн ардагерлер кеңешинин төрагасы М.Сейитназаров алгылыктуу иштерди колго алып, милиция менен кызматташтыкты улантып, ар бир иш- чараны жогорку деңгээлде өткөрүүнү баса белгилеп ардагерлердин атынан туулган күн ээсин куттуктап белегин тапшырды.
Өрнөктүү жолунда өз өмүрүн милицияга арнаган 20 жыл үзүрлүү эмгектенип ардактуу эс алууга чыккан ардагерибиз Койчукара Абышов атабыздын 70 жаш курагы куттуу болсун!!!
Нарын ОИИБнин Басма сөз кызматы

Read more...

Биз менен байланыш

Дареги; 720040, Бишкек ш., Фрунзе көч. 469

ИИМдин Катчылыгы, тел: + 996 312 26 60 54

ИИМдин ишеним телефону: +996 312 26 60 27

ИИМдин кабылдамасы: +996 312 66 24 50

ИИМдин Басма-сөз кызматы:

0 (тел/факс), +996 312 26 62 54, 26 62 90

“Коопсуз шаар”  долбоорунун ишиндеги жана ЖКЭни бузуулар үчүн айып пул маселелери боюнча : 0312 53-03-48, 0312 53-03-89, 0312 53-03-76 
Соттолбогондугу жөнүндө тактаманы берүү маселелери боюнча: 0312 36-94-18 
КР ИИМдин КККнын курал колдонууга уруксат берген тактама маселелери боюнча: 0312 36-94-93 
КР ИИМдин ЖКККББнын тактама берүү маселелери боюнча: 0312 36-95-58 
Апостиль  берүү маселелери боюнча 0312 36-94-13