wrapper

Криминалдык хроникасы

ИИМ: Борбордук милиция кызматкерлери Борбордук универсалдык магазиндин жанында чет өлкөлүк жарандын денесине жаракаттарды келтирген факты боюнча шектелген жаранды кармашты

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри ички иштер министрине Нигериянын жаранын ур-токмокко алган күнөлүүлөрдү табууну, андан сырткары коомдук жайларда коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыздоо үчүн бардык бөлүмдөрдүн, анын ичинде туристтик милициянын ишин күчөтүүнү тапшырды.
Аталган факты ички иштер министринин көзөмөлүндө болуп, кылмыштын бетин ачуу үчүн зарыл болгон тиешелүү чаралар көрүлдү.
2019-жылдын 2-июль күнү болжол менен саат 17:30 чамасында Бишкек ШИИББдин “102” кызматына Республикалык Улуттук госпиталдан билдирүү келип түшүп, анда аларга чет өлкөлүк жаран денесинен оор жаракат алып түшкөндүгү, андан сырткары “Айчүрөк” Борбордук универсалдык магазиндин жанынан “102” номуру боюнча жарандардан азият түспөлүндөгү белгисиз адам Нигериянын тургуну 1985-жылы туулган Т.А. аттууну сабап салгандыгы тууралуу билдиришкен. Азыркы учурда жабырлануучу Республикалык Улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүндө жатат.
Аталган факты КЖБРге катталып, Бишкек шаарынын Свердлов РИИБи тарабынан Кыргыз Республикасынын 138-беренесинин 1-бөлүмү (Ден соолукка оор залал келтирүү) боюнча сотко чейинки иликтөөлөрүн жүргүзүп жатат.
Бүгүн, Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн издөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ысык-Көл облусунун 1997-жылы туулган К.Э. аттуу тургуну кармалды. Шектүү Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодекстин 98-беренесине ылайык Бишкек ШИИББдин Убактылуу кармоочу жайына камалды.

Бишкек ШИИББдин Басма сөз кызматы

Read more...

Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгүнун катышуусу менен ири алдамчылык үчүн издөөдө жүргөн адамдын кайда жүргөндүгү аныкталды


Тергөөдөн жана соттон жашырынган кылмышкерлерди издөө жана кармоо укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүндөгү негизги багыттардын бири болуп, ал өзгөчө мааниге ээ болууда. Кылмышкерлердин жаза албай калышы адилеттүүлүктү орнотууга жардам бербейт, ал ички иштер органдарына болгон коомдук ишенимге терс таасир берет. Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү тарабынан кылмыш жоопкерчилигине тартылып калбаш үчүн алгачкы текшерүү, тергөө, сот органдарынан жашырынып жүргөн адамдарды, дайынсыз жоголгондорду издөө боюнча иштер жүргүзүлүп келет.
Жакында, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү Россиянын ИИМдин Москва шаарындагы бөлүмүнүн аймактык укук коргоо органдары жана Бишкек ШИИББдин КМК менен биргеликте Москва шаарында көрүлгөн чаралардын натыйжасында, өз өлкөсүндө жасаган кылмыш иши үчүн мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн Кыргызстандын жаранын (аял киши) аныкташты. Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну, 1976-жылы туулган Д.А. аттуу жаран (аял киши) Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 166-беренесинин 4-бөлүмүнүн 2-пунктунда көрсөтүлгөн (ири өлчөмдө жасалган алдамчылык) кылмышты жасоого айыпталып тергөө органдарынан жашырынып жүргөн. Жогоруда көрсөтүлгөн жаран 2012-жылдан 2014-жылга чейинки аралыкта жасалган кылмыштар үчүн издөөгө алынган. Жакшы кирешелүү туруктуу бизнес ачабыз деп алдоо жолу менен жарандардын ишенимине кирип, жабырлануучулардан акча каражатын жана транспорттук каражаттарын алган соң изин жашырып жүргөн. Шектүүнүн бир гана жабырлануучуга келтирген чыгымы өзгөчө ири суммадагы 5 150 000 сомду түзгөн. Материалдык чыгым бүгүнкү күнү кайтарылып берилген эмес.
Издөө алган тарапка маалымдама жөнөтүлүп, азыркы учурда Кыргыз Республикасынын аймагында кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн издөөгө алынган жаранды өз өлкөсүнө кайтаруу боюнча маселелер чечилүүдө.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Read more...

ИИМ КМК: Курорттук мекеменин жетектөөчүлүк кызматтарын сунуштоо аркылуу алдамчылык менен алектенип жүргөн жаран кармалды

ИИМдин КМКнын ыкчам кызматкерлери курорттук мекемелерден жетектөөчүлүк кызматтарды "сатып алууну" сунуштап алдымчылык менен алектенүүгө шектелген жаранды (аял киши) кармашты.
Ал жабырлануучулар менен сүйлөшүүнүн жүрүшүндө, жогоруда көрсөтүлгөн аял байланыштары бар экендигин айтып, кызыккан тарапты пансионаттардагы жетектөөчүлүк кызмат орундарына дайындоо үчүн өзүнүн кызматтарын сунуштаган. Ошол эле учурда ал талап кылган акча каражаты курорттук аймактагы санаторийдин директорунун ордун элөөгө жардам бере тургандыгын билдирип келген. Шектүүнүн бул сунушу көптөгөн ишенчээк адамдардын тилин таап, курорттун директору болуп иштөөгө умтулгандар көп болуп чыккан.
2019-жылдын июнь айынын аягында Бишкек шаарынын Биринчимай РИИБге кырк жаштагы М. аттуу аял киши кайрылып, 2019-жылдын февраль айында тааныш аял алдоо жолу менен ишенимге кирип, 28 000 АКШ долларын ээлеп алган соң айткан сөзүн аткарбай койгондугун билдирген. Арызда көрсөтүлгөндөй, алдамчылык менен алектенген аял өзүнүн жогору жактагы кызмат адамдар менен тааныш экендигин жана жабырлануучуну беделдүү санаторийге директор кылып дайындоого жардам бере тургандыгын айткан. Аталган факты КЖБРге катталып, Бишкек шаарынын Биринчимай РИИБи тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү (Алдамчылык) боюнча сотко чейинки иликтөөлөрүн баштаган.
Андан сырткары, Бишкек шаарынын Биринчимай РИИБге арыз менен элүү жаштагы С. аттуу аял киши кайрылып, алдоо жолу менен 30 000 АКШ долларын ээлеп алган чала тааныш аялга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранган. Аныкталгандай, шектүү ишенимге кирип, жогорку жактагы кызмат адамдарынын арасында тааныштары бар экендигин айтып мактанган жана ири санаторийлердин бирине директор кылып дайындоого сөз берген. Акча каражатын алган соң ал белгисиз тарапка изин жашырып качып кеткен. Экинчи арыз ушул жылдын июнь айында КЖБРге катталып, Биринчимай РИИБнин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү (Алдамчылык) боюнча сотко чейинки иликтөөлөр жүрүүдө. Жакында, тергөө тапшырмасынын негизинде ИИМдин КМКнын 2-башкармалыгынын кызматкерлери ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүштү. Жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары мурда алдамчылык иш-аракеттери менен кылмыш жоопкерчилигине тартылган Ош облусунун 1970-жылы туулган К.Г. аттуу жаран (аял киши) кармалды. Кармалган жаран тергөө кызматына жеткирилип, ошол эле күнү Бишкек ШИИББдин УКЖга киргизилди. Соттун чечими менен камакка алуу бөгөт чарасы каралды. Азыркы учурда жогорудагы факты боюнча зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүүдө.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Read more...

Москвада Кыргыз Республикасынын жарандарынын жасалма документтерин колдонгон жарандар аныкталды. Россиянын мыйзамына ылайык алар кылмыш жоопкерчилигине тартылат

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү менен Россиянын ИИМдин аймактык түзүмдөрүнүн бөлүмү Кыргыз Республикасынын жасалма паспорттору менен айдоочулук күбөлүктөрүн колдонгон кезектеги фактыны аныкташты.
2019-жылдын июнь айында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө коңшу өлкөнүн жараны (аял киши) 1978-жылы туулган Х.К. аттуу сый акы берип такталбаган жарандар менен макулдашып алып, башка маалыматтар камтылган Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун (ID-card) өзүнө мыйзамсыз алган. Андан соң, ал Россия Федерациясынын аймагында жүрүү үчүн миграциялык каттоого турган. Бирок, паспортто көрсөтүлгөн маалыматтар паспорт ээсинен 10 жаш кичүү болгон Кыргыз Республикасынын жаранына таандык экендиги аныкталган.
Андан сырткары, жогорудагыдай башка фактылар аныкталды. Кыргыз Республикасынын жарандары, Ош облусунун Алай районунун 1994-жылы туулган М.Э., Бишкек шаарынын 1966-жылы туулган Н.Ж. аттуу тургуну Москва шаарынын аймагына келишкенде Кыргыз Республикасынын айдоочулук күбөлүгүн мыйзамсыз жол менен алышкан. Болжолдуу маалымат боюнча алар белгисиз адамдар менен сүйлөшүп алып, өздөрүнө жасалма документти мыйзамсыз алышып, жеке айдоочу болуп иштеп жүрүшкөн. Жогоруда көрсөтүлгөн фактылар боюнча зарыл болгон экспертизалар жүргүзүлдү жана жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгы менен алынган документтер жасалма болуп чыккан. Жогорудагылардын негизинде жасалма документтерди колдонуп жүрүшкөн жарандардын иш-аракетинде Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренесинин 3-бөлүмүндө (Жасалма документтерди колдонуу) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери каралууда.
Азыркы учурда козголгон кылмыш иштери боюнча Кыргыз Республикасынын жасалма паспортторун жана айдоочулук күбөлүктөрдү даярдоого тиешеси барларды аныктоо максатында тиешелүү ыкчам-издөө жана тергөө иш-чаралары жүрүүдө. Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү мекендештерге келген өлкөнүн мыйзамдарын бузбоону, миграциялык каттоого туруу жана аны узартуу, нотариустан тастыкталган ар кандай документтерди, мамлекеттик мекемелерден алынган ар кандай документтерди жана тактамаларды жана авиабилеттерди сатууда мыйзамсыз ортомчулук кызматтарды көрсөткөн алдамчылардан жана ортомчулардан алыс болууну сунуштайт. Жыйынтыгында алардан алган документтер жасалма болуп калууда. Ар бир көрсөткөн кызматтары үчүн эсеп дүмүрчөгүн талап кылуу керек. Жогорудагыдай кызматтарга баруу менен жарандар кылмыш кылып жатышат. Мыйзамды билбегендик кылмыш жоопкерчилигинен бошотпойт.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Read more...

Галерея

Видеогалерея

videogallery

Биз менен байланыш

Дареги; 720040, Бишкек ш., Фрунзе көч. 469

ИИМдин Катчылыгы, тел: + 996 312 26 60 54

ИИМдин ишеним телефону: +996 312 26 60 27

ИИМдин кабылдамасы: +996 312 66 24 50

ИИМдин Басма-сөз кызматы:

0 (тел/факс), +996 312 26 62 54, 26 62 90

“Коопсуз шаар”  долбоорунун ишиндеги жана ЖКЭни бузуулар үчүн айып пул маселелери боюнча : 0312 53-03-48, 0312 53-03-89, 0312 53-03-76 
Соттолбогондугу жөнүндө тактаманы берүү маселелери боюнча: 0312 36-94-18 
КР ИИМдин КККнын курал колдонууга уруксат берген тактама маселелери боюнча: 0312 36-94-93 
КР ИИМдин ЖКККББнын тактама берүү маселелери боюнча: 0312 36-95-58 
Апостиль  берүү маселелери боюнча 0312 36-94-13