wrapper

Криминалдык хроникасы

Санкт-Петербургда өз өлкөсүндө жасаган кылмыш иши үчүн издөөдө жүргөн Кыргызстандын жараны кармалды

Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү менен Россиянын ИИМдин Санкт-Петербург шаары жана Ленинград облусу боюнча Башкы башкармалыгынын кызматкерлери Санкт-Петербург шаарынан Кыргыз Республикасынын аймагында жасаган кылмыш иши үчүн издөөдө жүргөн Кыргызстандын жаранын кармашты.
Бишкек шаарынын тургуну, 1974-жылы туулган Б.А. аттуу жаран Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 246-беренесинин 3-бөлүмүндө (Башкага берүү максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын же болбосо психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү, эгерде алардын предмети ири өлчөмдөрдөгү баңги каражаттары болсо) көрсөтүлгөн кылмышты жасоого айыпталып, тергөө органдарынан жашырынып жүргөн.
Учурунда, жогорудагы факты боюнча Б.А. кармалып, Бишкек ШИИББдин УКЖга киргизилген. Тергөөчүнүн шектүүнү “камакка алуу түрүндөгү” баш коргоо чарасын тандоо жөнүндөгү сунушу Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту тарабынан баш тартылып, айыпталуучуга “сыртка чыкпоо жөнүндө тил каттын негизинде” баш коргоо чарасы тандалган.
Тергөө учурунда айыпталуучу тергөөдөн белгисиз тарапка качып кеткен.
Издөө алган тарап маалымдалып, Б.А. аттуу жаранды кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн Кыргыз Республикасынын аймагына кайтаруу маселеси чечилип жатат.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Read more...

Москвада эмгектенип жүргөн мекендештерин тоноп кол салган шектүү кармалды

Ушул жылдын июль айынын башында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнүн кийлигүүшүсү менен Россиянын ИИМдин Москва шаары боюнча аймактык түзүмдөрүнүн бөлүмү тарабынан соода менен алектенген жана эмгектенген эмгек мигранттарын опузалоого жана карактоого шектелген Кыргызстандын тургуну кармалды. Каракчылыкка шектелип кармалган жаран мурда оор кылмыштар үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылган жана уюшкан кылмыштуу топтордун биринин мүчөсү катары Кыргыз Республикасынын ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. Эмгек мигранттары Россияга үй-бүлөөсүн багып, акча табуу үчүн барышса, тилекке каршы кээ бирөөлөр башка бирөөнүн акысыз жегени башырат.
Ушул жылдын апрель айынын башында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнө Кыргызстандын жараны, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун тургуну кайрылып,  чала тааныш адамдар тарабынан карактап кол салынгандыгы жөнүндө билдирген. “Баха” аттуу адам белгисиз бирөө менен Москва шаарынын чыгыш тарабында ишкерге күч колдонуп автоунаасына салып, тапанча менен коркутуп ири өлчөмдөгү акча каражатына ээ болушкан.
Жабырлануучу жарандын арызын Россиянын ИИМдин Москва шаары боюнча аймактык бөлүмүнө коштоп барып, аталган факты боюнча Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 162-беренесинин 2-бөлүмүндө (куралды же курал катары колдонулуучу предметтерди колдонуу менен алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган каракчылык) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясынын Өкүлчүлүгүнүн аракети менен Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын ыкчам коштоосу аркылуу “Баха” аттуунун өздүгү такталып, ал Ош облусунун Өзгөн районунун 1977-жылы туулган Б.К. аттуу тургуну болуп чыккан. Ал уюшкан кылмыштуу топтордун биринин мүчөсү катары Кыргыз Республикасынын ИИМдин ыкчам каттоосунда турат жана мурда бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган, Казакстандын аймагында адам өлтүрүү үчүн соттолгон. Андан сырткары, ал 90-жылдардын аягында жана 2000-жылдардын башында Кыргызстандын аймагында жасалган 25 кылмыш ишине тиешеси бар, анын ичинен өзгөчө ири өлчөмдөгү зыянга учураткан каракчылык, 16 тоноо фактылары, 5 уруулук, 2 мал уурулук жана эркинен ажыратылган жайдан качуу. Шектүү 20 жылга жакын убактысын эркинен ажыратылган жайдан өткөргөн.
Ушул жылдын июль айынын башында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Москва шаарынын аймагынан Б.К. аттуу жаран кармалып, эмгек мигрантына карактап кол салгандыгы толук далилденди. Россиянын мыйзамына ылайык кармалган жаран тергөө бүткөнгө чейин Москва шаарындагы Тергөө абагына камалат.
Азыркы учурда кармалган жаран башка кылмыш иштерине тиешеси бардыгы же жоктугу териштирилип жатат.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Read more...

ИИМ: “Хизб-ут-Тахрир аль-Ислами” диний экстремисттик уюмдун активдүү лидери кармалды

2019-жылдын 24-июнь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан Жалал-Абад, Чүй облустары менен Бишкек шаарындагы “Хизб-ут-Тахрир аль-Ислами” диний экстремисттик уюмдун активдүү лидери Жалал-Абад облусунун 41 жаштагы М.М. аттуу тургуну кармалды. Ал 2018-жылдын ноябрь айынан баштап Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин (эски редакциясындагы) 299-2-беренесинин 1-бөлүмүндө (Экстремисттик материалдарды сатып алуу, даярдоо, сактоо, жайылтуу, ташуу жана жиберүү, ошондой эле экстремисттик же террористтик уюмдардын символдорун же атрибуттарын атайылап колдонуу) көрсөтүлгөн кылмышты жасагандыгы үчүн издөөгө алынган.
Кармоо учурунда М.М. аттуу каршылык көрсөткөн. Шектүүгө өздүк кароо жүргүзүү учурунда “Хизб-ут-Тахрир аль-Ислами” диний экстремисттик уюмга таандык адабияттар менен электрондук материалдар табылып алынган. Алынган адабияттар менен электрондук материалдар далил зат катары тергөө органына өткөрүлүп берилип, тиешелүү соттук-теологиялык экпертизалар дайындалган. Кармалган жаран Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Болжолдуу маалымат боюнча, жаран М.М. укук коргоо органдарынан жашырынып алып, Жалал-Абад, Чүй облустары менен Бишкек шаарынын аймагында “Хизб-ут-Тахрир аль-Ислами” диний экстремисттик уюмдун экстремисттик ишмердүүлүгүн жайылтып келген. Ошондой эле, калктын аялуу катмарына кирген жарандарды үгүттөө менен алектенип, андан сырткары республиканын аймагында экстремисттик идеологияны жайылтуу планын ишке ашырууну талкуулашкан экстремисттик көмүскө жайдын башчыларынын чогулуштарына катышып келген.
2019-жылдын 26-июнь күнү Бишкек шаарынын Ленин райондук соту тарабынан М.М. аттууга карата бир айга №1 тергөө абагына камакка алуу чечими чыкты.
Азыркы учурда тиешелүү атайын тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Read more...

Аймактар аралык башкармалыктын ыкчам кызматкерлери укалоо салонунун аты менен көмүскө жайды иштетип жүргөндөрдү аныкташты


ИИМдин КМКнын Ош шаарындагы Аймактар аралык башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери сойкулук менен алектенүү үчүн көмүскө жайды уюштуруу, кармоо фактысын аныкташты.
Жакында, Ош шаарындагы кичирайондордун биринде укалоо салонунун аты менен сойкулук менен алектенген көмүскө жай иштеп жаткандыгы жөнүндө маалымат келип түшкөн. Жергиликтүү тургундар арыз менен ички иштер органдарына кайрылып, күмөн ойлорду жараткан мекемени текшерүүнү суранышкан. Арызда, элиталык үйлөрдүн биринде белгисиз адамдар сойкулук менен алектенүү жана акыга интим кызматын көрсөтүү үчүн көмүскө жай уюштурушкандыгы көрсөтүлгөн. Милиция бир нече жолу текшерип, топтолгон материалдарды КЖБРге катташкан. ИИМдин Тергөө кызматы (Ош шаары) тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 167-беренесинин 1-бөлүмү (Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) боюнча сотко чейинки иликтөөлөрүн баштаган.
Ушул жылдын июнь айынын аягында тергөөнүн тапшырмасы менен КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери Тергөө кызматынын тергөөчүлөрү менен биргеликте жогоруда көрсөтүлгөн дарекке ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүшкөн. Аталган салондо бир нече кыздар бар болуп чыгып, анда укалоонун, анын ичинде эротикалык укалоонун бир нече түрүн сунуштап келишкен. Бирок, мекемеде бир дагы укалоо столу болгон эмес. КМКнын ААБнын алдын ала болжолдуу маалыматы боюнча, салон делип, бирок интимдик кызмат көрсөткөн көмүскө жайды иштетип келишкен. Кардарларга экзотикалык укалоо кызматтарын көрсөтүү учурунда бир нече жумушчулар кармалышкан. Кармалган төрт аял тергөө органдарына жеткирилип, алардын көбү башка аймактардан келгендиги маалым болгон. Кармалган жарандардын бири укалоо салонунун аты менен сойкулук менен алектенүүнү үчүн көмүскө жайды уюштурууга шектелүүдө.
Жогорудагы факты боюнча сотко чейинки иликтөө жүрүп жатат.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Read more...

Галерея

Видеогалерея

videogallery

Биз менен байланыш

Дареги; 720040, Бишкек ш., Фрунзе көч. 469

ИИМдин Катчылыгы, тел: + 996 312 26 60 54

ИИМдин ишеним телефону: +996 312 26 60 27

ИИМдин кабылдамасы: +996 312 66 24 50

ИИМдин Басма-сөз кызматы:

0 (тел/факс), +996 312 26 62 54, 26 62 90

“Коопсуз шаар”  долбоорунун ишиндеги жана ЖКЭни бузуулар үчүн айып пул маселелери боюнча : 0312 53-03-48, 0312 53-03-89, 0312 53-03-76 
Соттолбогондугу жөнүндө тактаманы берүү маселелери боюнча: 0312 36-94-18 
КР ИИМдин КККнын курал колдонууга уруксат берген тактама маселелери боюнча: 0312 36-94-93 
КР ИИМдин ЖКККББнын тактама берүү маселелери боюнча: 0312 36-95-58 
Апостиль  берүү маселелери боюнча 0312 36-94-13