wrapper

Криминалдык хроникасы

ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери сый акыны мыйзамсыз алган шектүүнү кармашты


2019-жылдын сентябрь айынын аягында Ош шаарынын тургуну мамлекеттик органдардын биринин кызматкери пара талап кылып жаткандыгы жөнүндө арыз менен ички иштер органдарына кайрылган. Арызында Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институтунун филиалынын бөлүм кызматкери өндүрүш обьектисинин документерин бүтүрүү үчүн уруксат макулдук кагазын берүү үчүн 10 000 сом акча каражатын талап кылып  жаткандыгын билдирген.
Жогорудагы жазылган арыз ИИМнин Тергөө кызматы (Ош ш.) тарабынан КЖБРне катталып, Кыргыз РеспубликасынынЖазык кодексинин 238-беренеси (Кызматчынын мыйзамсыз сый акы алуусу) менен сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлө башталган. Тергөө тапшырмасынын негизинде ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.
ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүшүндө Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институтунун Оштогу филиалынын жетектөөчүлүк курамынын кызматкери 10000 (он миң) сом акча каражатын алган учурда кармалды.
Бүгүнкү күнү ИИМдин Тергөө кызматы (Ош ш.) тарабынан сотко чейинки өндүрүш иши каралууда.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Read more...

Ири өлчөмдөгү каржы алдамчылыгы үчүн бир нече жыл издөөдө жүргөн жаран Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгүнүн аракети менен Москвадан кармалды


Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү тарабынан Бишкек ШИИББдин КМКнын ыкчам коштоосу аркылуу Москва шаарынын аймактык укук коргоо органдары менен биргеликте өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык жана ири суммада салыкты төлөөдөн качуу үчүн издөөдө жүргөн жарандын кайда экендиги такталды.
Москва шаарынын аймагында комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда Кыргыз Республикасынын аймагында жасаган кылмыш иши үчүн тергөө органдарынан (Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынан жана ЭККМК) качып, 8 жылдан бери издөөдө жүргөн Кыргызстандын жараны кармалды. Талас облусунун тургуну, 1979-жылы туулган М.М. аттуу жаран Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 166-беренесинин 4-бөлүмүнүн 2,3-пунктарында (Кызматтык абалынан пайдалануу менен ири өлчөмдө жасалган алдамчылык) көрсөтүлгөн кылмышты жасагандыгы үчүн Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин тергөө органдары тарабынан издөөдө жүргөн.
2011-жылы жогоруда көрсөтүлгөн жаран ЖЧКнын биринин башкы директору кезинде 7-апрель окуясында жабыр тарткандардын бири катары ишкерлик менен алектенүү шылтоосу менен 14 млн. сомдук насыя алуу үчүн банкка кайрылган. Тиешелүү документтерди тапшырып жана күрөөгө мүлкүн койгон соң 5 80 000 сом өлчөмүндөгү насыяны өзүнө каттатып, андан соң күрөөгө коюлган мүлк үчүн калган насыянын суммасын төлөбөй, өзүнө 2 188 000 сомду ээлеп алып изин жашырып кеткен.
Андан сырткары, М.М. аттуу жаран Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 213-беренесинин 2-бөлүмүндө (Чарба жүргүзүүчү субъекттердин кызмат адамдарынын салыктарды жана милдеттүү камсыздандыруу акыларын төлөөдөн четтөөсү, өзгөчө ири өлчөмдө жасоо) көрсөтүлгөн кылмышты жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн.
2012-жылы жогорудагы жаран ЖЧКнын директору кезинде мыйзамсыз баюу жана өзүнө мүлктү ыйгарып алуу максатында бир нече ай күйүүчү май менен цементти өзгөчө ири өлчөмдө иштетип жүргөн. Ал өзүнүн иш-аракетинин мыйзамсыз экендигин билип туруп, салык органдарынан каржы отчетун жашырып, салыкты төлөөдөн качып, мамлекеттик бюджетке жалпы суммасы 1 766 000 суммасындагы чыгаша келтирген.
Издөөгө алган тарапка маалымдалып, азыркы учурда М.М. аттууну кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүү маселелери чечилүүдө.
ИИМдин Басма сөз кызматы

Read more...

Кыргыз Республикасынын аймагында жасаган кылмыш иши үчүн мамлекеттер аралык издөө жүргөн жаран Москвадан аныкталды


2019-жылдын сентябрь айынын аягында Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү Россиянын ИИМдин Москва шаарындагы аймактык түзүмүнүн бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте Кыргызстандын аймагында жасаган кылмыш иши үчүн мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн жаранды аныкташты.
Россия Федерациясынын Красноярск крайынын тургуну, 1969-жылы туулган Ю.Н. аттуу жаран Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренесинин 4-бөлүмүнүн 2,3-пунктарында (Кызматтык абалды пайдалануу менен өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык) көрсөтүлгөн кылмышты жасоого айыпталып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЭКККМКнын тергөөсүнөн жашырынып жүргөндүктөн издөөдө жүргөн.
Аталган жаран, 2016-жылы апрель айында ЖЧКнын биринин директору болгон учурунда башка ЖЧК менен   нефтини ташуу боюнча жалпы суммасы 328 604 АКШ долларына келишим түзүп, андан соң   нефтини алгандан кийин ЖЧКнын директору Ю.Н. келишимдин шарттарын аткарбастан, жашырынып кеткен. Ал өзүнүн иш-аракети менен ЖЧКга жалпы суммасы 22 696 400 сомду түзгөн материалдык чыгым келтирген.
Издөөгө алган тарап маалымдалып, 1993-жылкы Минск конвенциясына ылайык маселелер чечилип жатат.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Read more...

ИИМ: ИИМдин Ички иликтөө кызматы кызматтык кызыкчылыктарды саткандарды ички иштер органдарынын катарынан тазалоого багытталган иштерди улантып жатат


Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматы ички иштер органдарынын кызматкерлеринин катарынан кызматтык кызыкчылыктарды саткан, пара талап кылган, коомдун алдында милиция кызматкерлеринин аброюна шек келтирип, мыйзамды бузган кызматкерлерди тазалоого багытталган иштерин улантып жатат. Ошондой эле, жарандардын кайрылуулары менен арыздарын кароо мамилелерине, кылмыштарды каттоону жашыруу, пара талап кылуу, оройлук сыяктуу фактыларга өзгөчө көңүл бурууда.
16-сентябрь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички иликтөө кызматына Бишкек шаарынын Т.С. аттуу жашоочусу кайрылып, Бишкек шаардык Октябрь РИИБдин милиционерлери ага карата кылмыш ишин жабуу үчүн 5000 АКШ доллар суммасындагы акча каражатын талап кылып жатышкандыгын билдирген.
ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери тарабынан Т.С. аттуунун арызы Кыргыз Республикасын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүмүндө (пара талап кылуу) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча катталган.
2019-жылдын 23-сентябрь күнү кечинде Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын кызматкерлери менен биргеликте Бишкек шаарынын Ахунбаев жана Малдыбаев көчөлөрүнүн кесилишинен ыкчам-иликтөө жана ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда Октябрь РИИБдин криминалдык милиция кызматынын үч кызматкери, милициянын ага лейтенанттары К.Э., Т.Э., Д.Н. кармалышты.
ИИМдин ИИКтин кызматкерлеринин жана Кыргыз Республикасын Өкмөтүнө караштуу ЭККМКтын тергөөчүлөрүнүн катышуусунда өздүк кароо жүргүзүлүп, акыркысынан 1000 АКШ доллары табылып алынган.
Андан сырткары, ИИМдин ИИКтин кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасын Өкмөтүнө караштуу ЭККМКка Бишкек шаардык Октябрь РИИБдин тергөө кызматынын тергөөчүсү, милициянын ага лейтенанты П.А. жеткирилген. Анын иш бөлмөсүнө тинтүү жүргүзүү учурунда Т.С. аттуу жаранга карата токтотулган сотко чейинки өндүрүш иши табылып алынган.
Суракка алуу жана башка тергөө амалдарын жүргүзүүдөн кийин төрт милициянын кызматкери Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 98-беренесине ылайык Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери тарабынан мурда, Октябрь РИИБдин КМКнын кармалган кызматкерлерине карата Бишкек шаарынын Г.В. аттуу жашоочусунун ага карата түшкөн арыз боюнча маселени оң жакка чечип берүү үчүн 5000 сом суммасындагы акча каражатын талап кылып жатышкандыгы жөнүндө арызы боюнча атайын тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп келген. Бул факт боюнча тергөөнү Улуттук коопсуздук кызматынын Бишкек шаардык башкармалыгынын кызматкерлери жүргүзүүдө.
ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлеринин көп ай жүргүзгөн ыкчам иштеринин жыйынтыгында Октябрь РИИБдин кылмыштуу тобун кармашты. Азыркы учурда Октябрь РИИБдин милиция кызматкерлерине карата сотко чейинки өндүрүштү жана Кыргыз Республикасын Өкмөтүнө караштуу ЭККМКтын тергөө бөлүмү жүргүзүп жатат.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Read more...

Галерея

Видеогалерея

videogallery

Биз менен байланыш

Дареги; 720040, Бишкек ш., Фрунзе көч. 469

ИИМдин Катчылыгы, тел: + 996 312 26 60 54

ИИМдин ишеним телефону: +996 312 26 60 27

ИИМдин кабылдамасы: +996 312 66 24 50

ИИМдин Басма-сөз кызматы:

0 (тел/факс), +996 312 26 62 54, 26 62 90

“Коопсуз шаар”  долбоорунун ишиндеги жана ЖКЭни бузуулар үчүн айып пул маселелери боюнча : 0312 53-03-48, 0312 53-03-89, 0312 53-03-76 
Соттолбогондугу жөнүндө тактаманы берүү маселелери боюнча: 0312 36-94-18 
КР ИИМдин КККнын курал колдонууга уруксат берген тактама маселелери боюнча: 0312 36-94-93 
КР ИИМдин ЖКККББнын тактама берүү маселелери боюнча: 0312 36-95-58 
Апостиль  берүү маселелери боюнча 0312 36-94-13