wrapper

Криминалдык хроникасы

Москвада Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгүнүн жардамы менен алдамчылык үчүн жашырынып жүргөн жаран кармалды


Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү тарабынан Кыргыз Республикасынын ИИМдин жана Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин КМКнын ыкчам коштоосу менен Россиянын укук коргоо органдары менен биргеликте кылмыш жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн Кыргызстандын жаранынын жүргөн жери аныкталды.
Москва шаарынын аймагында жүргүзүшкөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө аймактык ички иштер органдарынын кызматкерлери мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн 1984-жылы туулган Б.К. аттуу жаранды кармашкан. Жогоруда көрсөтүлгөн Нарын облусунун тургуну, жаран Б.К., Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 166-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пунктунда (алдамчылык) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин тергөө органдарынан изин жашырып качып жүргөн.
2017-жылдын жазында чала тааныш адамдын ишенимине алдоо жолу менен кирип, “Хонда-Фит” үлгүсүндөгү автоунаасын ээлеп алган. Башында 90 күнгө автоунаасын ижарага алып, андан соң үчүнчү жакка сатып жиберип, белгисиз тарапка изин жашырып качып кеткен. Болжол менен жабырлануучуга 280 000 сом өлчөмүндө чыгымга учураган.
Издөө алган тарап маалымдалып, азыркы учурда изделип жаткан жаранды кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн өз өлкөсүнө жөнөтүү боюнча меселелер чечилип жатат.
ИИМдин Басма сөз кызматы

Read more...

Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгүнүн жардамы менен дайынсыз жоголгон жаранды издөөнүн жүрүшүндө өздүгүн аныктоо максатында генетикалык экспертиза жүргүзүлдү

2019-жылдын октябрь айында Кыргыз Республикасынын РФдеги Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчисинин жана Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлүн атына 1975-жылы туулган Ж.М. аттуу жаран дайынсыз жоголгон уулун издөөнү уюштурууга жардам берүүлөрүн суранып кайрылган.
Анын 18 жаштагы уулу Ж.Д., Тверь облусунун аймагында жүрүп, 2019-жылдын октябрь айынын башында туугандары менен байланышы үзүлгөн. Баласы Россияга 2019-жылдын август айында эмгектенүү максатында келген жана сентябрдын аягында Тверь облусунун Иваньков суу сактагыч аралдарынын биринде жайгашкан эс алуу базаларынын биринде короочу болуп ишке кирген.
Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү Кыргыз Республикасынын РФдеги Элчилигинин кызматкерлери менен биргеликте Тверь облусуна ыкчам барууну уюштурушкан. Анын жүрүшүндө Россиянын ИИМдин Тверь облусу боюнча башкармалыгынын жетекчилиги жана Россиянын Тергөө комитетинин аймактык тергөө бөлүмүнүн өкүлдөрү менен жолугушуп, жаран Ж.М. дайынсыз жоголгон уулун издөөнү уюштуруу тууралуу арызы жергиликтүү полиция бөлүмүндө катталган. Андан сырткары, Иваньков суу сактагыч аралдарынын биринде өрт чыгып, окуя болгон жерде такталбаган адамдын сөөгүнүн күйүп калган калдыктары табылган. Аталган материал Россиянын ТКнын аймактык тергөө бөлүмүндө өндүрүштө экендиги маалым болгон.
Аймактык укук коргоо органдары менен дайынсыз жоголгон адамды издөөгө багытталган ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, Ж.Д. менен байланышта болгондор суралып, аны өрт чыккан жердеги иш ордунда көрүшкөнүн жана кайтып келбегенин билдиришкен.
Күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн тастыктоо максатында, эң башкысы өрт чыккан жерде табылган сөөктүн калдыктары кимге таандык экендигин анктоо үчүн укук коргоо органдары тарабынан молекулярдык-генетикалык экспертиза дайындалган. Салыштырма изилдөө үчүн аялдан үлгүлөр алынган. Өрт чыккан жерде табылган адамдын өздүгү такталып, молекулярдык-генетикалык экспертизанын жыйынтыгы менен жогоруда көрсөтүлгөн аял менен туугандык байланышы тастыкталып, энеси болуп чыккан.

Азыркы учурда тергөө органдарынан зарыл болгон документтерди туугандары алып, өз өлкөсүнө жүк-200 жөнөтүү маселеси чечилип жатат.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Read more...

ИИМ: Милиция кызматкерлери тарабынан өзгөчө оор кылмыштын бети ачылды


2019-жылдын 23-октябрда "Манас" аэропортунун акысыз унаа токтотуучу жерде турган "Хонда-Торнео" үлгүсүндөгү автоунаанын багажынан киши колдуу болуп өлгөн Чүй облусунун тургуну, 1980-жылы туулган таксист К.Х.А. жансыз денеси табылган. Ал жүргүнчүлөрдү ташуу менен гана алектенбестен, буюмдарды ташуу менен дагы алектенип жүргөн.
Аталган факты Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүмүндө (Кылмыштуу ойлорун ишке ашыруу үчүн каракчылык менен коштолгон өлтүрүү) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча КЖБРге катталган.
Аталган кылмыш ишинин бетин ачуу үчүн ИИМдин жана Чүй ОИИББдин, Сокулук РИИБдин тажрыйбалуу кызматкерлеринен ыкчам топ түзүлгөн.
Ычкам-тергөө тобу тез арада өзгөчө оор кылмыш ишинин бетин ачууга багытталган комплекстүү иш-чараларды жүргүзө башташкан.
Сотко чейинки материалдардын алкагында Талас, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустары менен Бишкек жана Ош шаарларынын аймагында комплекстүү тергөө жана ыкчам иш-чаралары жүргүзүлгөн.
Анын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан адам өлтүрүүгө шектүү катары бир нече жолу уурулук жана зордуктоо менен соттолгон Чүй облусунун тургуну, 1992-жылы туулган Б.Ч., аткезчилик жана баңгизаттарды сактоо үчүн соттолгон Ош облусунун тургуну, 1987-жылы туулган И.А. аттуулар кармалышкан.
Тергөө тарабынан, Б.Ч Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЖАМКтын Кемин районунда жайгашкан №38 жатак абагында жазасын өтөп жаткандыгы, И.А. Аламүдүн районунун Молдовановка айылында жайгашкан №26 жатак абагында жазасын өтөп жаткандыгы аныкталган. Экөө тең, жатак абактарына 2018-жылдын октябрында которулган.
Ошондой эле, жогорудагы кылмышка шектүү катары карактоо жана бейбаштык үчүн соттолгон Ош облусунун тургуну, 1991-жылы туулган М.А. аттуу аныкталып, аны кармоо боюнча тиешелүү чаралар жүрүп жатат.
Өзгөчө зөөкүрлүк менен К.Х. өлтүргөндөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЖАМКтын жаза аткаруу мекемесинде жазаларын өтөп жатышкан. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЖАМКтын жогоруда аталган жетекчилигинин көзөмөлүнүн жоктугунан шектүүлөр тарабынан каракчылык менен коштолгон өлтүрүү жасалган.
Андан сырткары, шектүүлөр Кыргыз Республикасынын аймагында ушул сыяктуу өзгөчө оор кылмыштарды жасоого тиешеси барлары териштирилүүдө.
Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш уланууда.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Read more...

Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү тарабынан үй ээлерин жана каржы мекемесин алдап кеткен жаран кармалды


Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында алдоо жолу менен жарандардын мүлкүнө ээ болгон адам Москва шаарынын аймагында жашырынып жүргөн жеринен кармалды. Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү Ош ОИИБдин КМКнын ыкчам коштоосу менен Москва шаарынын аймактык укук коргоо органдары менен биргеликте өз өлкөсүндө жасаган кылмыш иши үчүн ички иштер органдарынан жашырынып, мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жаранынын кайда экендиги аныкталды.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүргүзүү учурунда Москва шаарынын аймагынан Ош облусунун тургуну, 1978-жылы туулган К.К. аттуу жаран кармалган. Ал Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 350-беренесинин 2-бөлүмүндө (Жасалма документти атайылап пайдалануу менен документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды кол менен жасоо, даярдоо, берүү же пайдалануу) көрсөтүлгөн кылмыштарды жасагандыгы үчүн Ош облусунун Алай РИИБдин тергөө органдарынан изин жашырып качып жүргөндүктөн, издөөгө алынган.
Материалдык жактан жеңил баюу максатында жогоруда көрсөтүлгөн жаран 2010-жылы жеке нотариус менен алдын ала сүйлөшүп алып, турак-жайдын ээсинин жеке макулдугу жок, өзү үй ээсинин колун жасап койгон. Андан соң, кылмыштуу жол менен кыймылсыз мүлктү өзүнө ыйгарып алган. 2012-жылы кылмышкер кыймылсыз мүлктү банкка коюп, 300 000 сом өлчөмүндөгү насыяны өз жубайына каттаган. Андан соң, акча каражатын алгандан кийин ан өз керектөөсүнө коротуп, банкка материалдык чыгым келтирген.
Азыркы учурда издөө алган тарап маалымдалып, аны кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн Кыргыз Республикасына жеткирүү боюнча маселелер чечилди.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Read more...

Галерея

Видеогалерея

videogallery

Биз менен байланыш

Дареги; 720040, Бишкек ш., Фрунзе көч. 469

ИИМдин Катчылыгы, тел: + 996 312 26 60 54

ИИМдин ишеним телефону: +996 312 26 60 27

ИИМдин кабылдамасы: +996 312 66 24 50

ИИМдин Басма-сөз кызматы:

0 (тел/факс), +996 312 26 62 54, 26 62 90

“Коопсуз шаар”  долбоорунун ишиндеги жана ЖКЭни бузуулар үчүн айып пул маселелери боюнча : 0312 53-03-48, 0312 53-03-89, 0312 53-03-76 
Соттолбогондугу жөнүндө тактаманы берүү маселелери боюнча: 0312 36-94-18 
КР ИИМдин КККнын курал колдонууга уруксат берген тактама маселелери боюнча: 0312 36-94-93 
КР ИИМдин ЖКККББнын тактама берүү маселелери боюнча: 0312 36-95-58 
Апостиль  берүү маселелери боюнча 0312 36-94-13