wrapper

Криминалдык хроникасы

ИИМ БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан баңгизаттарды жасап чыгарууга адистештирилген баңги топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду

Кыргыз Республикасынын ИИМнин БМЖКККсы (Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы) жана Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук ИИБнын кызматкерлери менен биргеликте өткөрүлгөн чаралардын жүрүшүндө өстүрүлүп өндүрүлгөн, баңги каражаттарды жасап чыгарууга адистештирилген топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.
Өткөрүлгөн чаралардын жыйынтыгында Токтогул районунда жайгашкан турак үйдө, баңги каражаттарды өндүрүүгө атайын жабдууланган имарат табылган.
Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан мыйзамсыз жүгүртүүдөн 87 килограмм «гашиш» жана 17 килограмм «марихуана» баңги каражаттардын ири өлчөмдөгү партиясы алынды.
Бул факт боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында атайын-тергөө аракеттери өткөрүлүүдө.

КР ИИМнин БМЖКККнын басма сөз кызматы

Read more...

ИИМ КМК: Уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу боюнча ыкчам рейддик иш-чаралар жүргүзүлдү

 
Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүнүн приоритеттүү багыттарынын бири болуп саналат.
2020-жылдын 23-январдан 25-январга чейин Ош шаарынын аймагында уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүүнү күчөтүү максатында ИИМдин планына ылайык “Бандит” аталышындагы ыкчам-издөө жана алдын алуу иш-чарасы өттү. Жогорудагы чаралар уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу, ИИМдин ыкчам каттоосунда УКТнын лидерлери же мүчөсү катары турган адамдарга алдын алуу иштерин жүргүзүү, оор жана өзгөчө оор кылмыштар үчүн издөөдө жүргөндөрдү аныктооого багытталган. Ошондой эле ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүү фактыларын аныктоо, экстремисттик жана террористтик ишмердүүлүккө бөгөт коюу менен жол бербөө боюнча дагы иш-чаралар жүргүзүлдү.
ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын алдына коюлган тапшырмаларды бири болуп, уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүн аныктоо, эскертүү жана бөгөт коюуга багытталган ыкчам алдын алуу иш-чараларын уюштуруу жана өткөрүү боюнча аймактык бөлүмдөргө практикалык жардам көрсөтүү эсептелет. Бул операциянын планына ылайык күчтөр жана каражаттар эсептелип, Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын, Ош ШИИБдин КМКнын, Атайын операциялар отрядынын, ЭММКАКтын бөлүмдөрү жана башка кызматтар тартылган. Жогоруда көрсөтүлгөн ыкчам-алдын алуу иш-чарасы “Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүргүзүлгөн. Ички иштер органдары бирдиктүү мобилдик тобу калк топтолгон жерлерди (мейманкана, түнкү клуб, кафе-бар) текшерүүгө алышкан. ИИМдин ыкчам каттоосунда УКТнын мүчөсү катары турган 31 жаран, анын ичинде “Дженго” каймана ата менен белгилүү К.Д. дагы алдын алуучулук маектешүү үчүн Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгына, Ош ШИИБге жеткирилген. Алардын колунун манжаларынын издери алынып, сүрөткө тартышып, расмий эскертүү берилди. Жашаган жерлери боюнча ИИМдин ыкчам каттоосунда УКТнын мүчөсү катары турган 35 жаранга дагы алдын алуу иштери жүргүзүлдү. Аталган ыкчам-иликтөө жана алдын алуу иш-чарасын жүргүзүү учурунда 59 кылмыш ишинин бети ачылып, бейбаштык фактысына шектүү катары УКТнын мүчөсү катары ыкчам каттоодо турган жаран У.М. кармалды. Андан сырткары, ар кандай кылмыштарды жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн төрт жаран кармалып, дайынсыз жоголгон эки жарандын кайда жүргөндүгү аныкталды. Автотранспорт каражаттарын текшерүүнүн жүрүшүндө 28 жол кыймылынын эрежесин бузуу, анын ичинде 6 факты транспорт каражаттарын мас абалында башкаруу, автотранспорт каражаттарын мыйзамсыз караңгылаткан 22 факты аныкталды.
Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгы уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү боюнча ыкчам-иликтөө жана алдын алуу иштерин улантып жатат.
ИИМдин Басма сөз кызматы

Read more...

Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү дайынсыз жоголгон жарандын жүргөн жерин аныктады


2020-жылдын январь айында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнө Кыргыз Республикасынын бир топ жарандары дайынсыз жоголгон Кыргыз Республикасынын жараны (аял киши), 1988-жылы туулган Ош облусунун тургуну А.Ж. табууга көмөк көрсөтүүлөрүн телефон аркылуу билдирип, суранышкан. Маалыматта, жаш аял акыркы жолу 2019-жылдын 21-декабрь күнү туугандары менен байланышкан чыккан.
Ошондой эле, туугандары дагы жоголгон аялды «WhatsApp» мессенджери аркылуу өз алдынча издөөгө аракет кылышкандыгы аныкталган.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү тарабынан Москва шаары менен Москва облусунун аймагында дайынсыз жоголгон Кыргыз Республикасынын жаранынын кайда жүргөндүгүн аныктоо боюнча издөөнү уюштуруу тууралуу чечими кабыл алынган. Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү Россиянын ИИМдин Москва шаары боюнча бөлүмүнүн аймактык бөлүмдөрү менен биргеликте комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүшкөн. Натыйжасында жогоруда аталган жаран 2019-жылдын 21-декабрь күнү полиция кызматкерлери тарабынан кармалып, тергөө убактысы аяктаганга чейин Москва шаарынын абагына камалганы аныкталды. Ал гипермаркеттердин биринен элдик колдонуудагы товарларды урдоого аракет кылгандыгына шектелип жаткандыгы маалым болду.
Жогорудагы факты боюнча Москва шаарынын аймактык полиция бөлүмү тарабынан Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 30-берененин 3-бөлүгү, 161-беренесинин 1-бөлүгүндөгү (Тоноого аракет жасоо) кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.
Азыркы учурда дайынсыз жоголду деп эсептелген аялдын туугандары жогорудагы факты боюнча маалымдар болуп, юридикалык кеңеш берилди. Дайынсыз жоголгонду издөө боюнча иш-чара токтотулду.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Read more...

ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери жасалма акчаларды таратууга шектелген адамды кармашты

2020-жылдын январь айынын башында Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери ири өлчөмдө жасалма акча каражаттарын таратууга аракет кылып жатышкан кылмыштуу топ жөнүндө ыкчам маалымат алышкан. Аталган факты КЖБРге катталып, ИИМдин Тергөө кызматы (Ош шаары) тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 225-беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүштү башташкан. Алынган маалымат боюнча ИИМдин Аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери жасалма акчаларды жасагандарды аныктоо жана кармоо боюнча ыкчам иштерди жүргүзө башташкан.
Ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө жасалма АКШ долларларын сатуу менен алектенишкендердин изине түшүүгө мүмкүн болгон. Ушул жылдын январь айынын ортосунда ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан Ош шаарынан Кыргызстандын аймагында чет өлкөлүк акча каражаттарын сатууга шектелип коңшу өлкөнүн жараны Б.З. кармалган. Ага өздүк кароо жүргүзүү учурунда бут кийиминде катылган жеринен 100 АКШ долларынан 5 купюра табылып алынган.
Табылып алынган акча каражатынын жасалмалуулугун тастыктоо үчүн соттук-техникалык экспертиза дайындалып, анын корутундусу менен бардыгы жасалма болуп чыккан.
Жаран Б.З. кылмыш жасоого шектелип жаткандыгы жөнүндө маалымдама тапшырылып, Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 98-беренесине ылайык Ош ШИИБдин УКЖна киргизилди. Соттун чечими менен ага камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы каралган. Азыркы учурда ИИМдин Тергөө кызматы (Ош шаары) тарабынан сотко чейинки иликтөө жүрүп жатат. ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгы жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар башка жарандардын өздүгүн тактоо боюнча ыкчам иш-чараларды жүргүзүүдө.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Read more...

Галерея

Видеогалерея

videogallery

Биз менен байланыш

Дареги; 720040, Бишкек ш., Фрунзе көч. 469

ИИМдин Катчылыгы, тел: + 996 312 26 60 54

ИИМдин ишеним телефону: +996 312 26 60 27

ИИМдин кабылдамасы: +996 312 66 24 50

ИИМдин Басма-сөз кызматы:

0 (тел/факс), +996 312 26 62 54, 26 62 90

“Коопсуз шаар”  долбоорунун ишиндеги жана ЖКЭни бузуулар үчүн айып пул маселелери боюнча : 0312 53-03-48, 0312 53-03-89, 0312 53-03-76 
Соттолбогондугу жөнүндө тактаманы берүү маселелери боюнча: 0312 36-94-18 
КР ИИМдин КККнын курал колдонууга уруксат берген тактама маселелери боюнча: 0312 36-94-93 
КР ИИМдин ЖКККББнын тактама берүү маселелери боюнча: 0312 36-95-58 
Апостиль  берүү маселелери боюнча 0312 36-94-13