wrapper

Криминалдык хроникасы

Ыкчам алдын алуу иш-чараларынын жүрүшүндө КМКнын кызматкерлери тарабынан тоноого шектүү кармалды


Ыкчам алдын алуу иш-чараларынын жүрүшүндө ИИМдин КМКнын кызматкерлери тоноого шектүү жаран кармалды. Жакында ушул жылдын февраль айында ички иштер органдарына отуз сегиз жаштагы аял киши кайрылып, ишкерлерге карата коркутуулар болуп жаткандыгын билдирген. Арызда 2020-жылдын 10-февраль күнү болжол менен таңкы саат төрттөрдө Ысык-Ата районунда жайгашкан жеке мейманканалардын бириндеги бөлмөгө белгисиз адам кирип, коркутуу жолу менен 7000 сом акча каражатын ээлеп алган.
Жогорудагы фактыда уюшкан кылмыштуу топтордун жасагандыгы боюнча белгилери бар болгондуктан, шектүү жаранды кармоо боюнча ыкчам иштерди Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын 3-башкармалыгынын бөлүмү жүргүзө баштаган.
Жакында, ыкчам алдын алуу иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй ОИИББдин КМКнын 3-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тоноого шектүүнү кармап, УКЖга киргизди. Кармалган жаран мурда соттолгон Ысык-Ата районунун 1992-жылы туулган О.Х. аттуу болуп чыккан. Криминалдык милиция кызматынын маалыматы боюнча жогорудагы жаран уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. Соттун чечими менен бир айга камакка алуу бөгөт чарасы тандалды. Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.
ИИМдин Басма сөз кызматы

Read more...

ИИМдин КМКнын кызматкерлери ыкчам-алдын алуу иш-чарасын өткөрүү учурунда алдамчылык жолу менен башка бирөөнүн мүлкүн мыйзамсыз ээлеп алган жарандарды кармашты


2019-жылдын август айында Сокулук РИИБге Чүй облусунун жашоочусу кайрылып, алдоо жана алдамчылык жолу менен ири материалдык чыгым келтиргендерге карата тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранган. Арызда, 2013-жылы жайында Аман жана Эсен атуу адамдар ишенимге кирип, жер тилкесин алып беребиз деп 2002-жылы чыккан «Toyota Harrier» үлгүсүндөгү автоунаасын ээлеп алвшып, изин жашырып качып кетишкендигин билдирген. Автоунаанын баасы 8500 АКШ доллары турат.
Аталган факты КЖБРге катталып, Сокулук РИИБде Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 204-беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган. Жакында ыкчам-алдын алуу иш-чарасынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын 3-башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жогорудагы кылмыш ишин жасоого шектелген эки жаран кармалып, Сокулук РИИБдин Тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Кармалган жарандар Аламүдүн районунун жашоочусу 1985-жылы туулган О.А. менен 1985-жылы туулган Б.Х. аттуулар убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Криминалдык милиция кызматынын маалыматы боюнча жогоруда көрсөтүлгөн жарандар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү катары ИИМдин каттоосунда турат. Азыркы учурда жогорудагы факты боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Read more...

ИИМ ИИК: Милициянын катарынан паракорлорду тазалоо боюнча иштер уланып жатат


ИИМдин Ички иликтөө кызматы ички иштер органдарынын катарынан кызматтык кызыкчылыктарды саткандардан, паракорлордон, мыйзамды бузгандардан, коомчулуктун алдында милиция кызматкерлеринин кадыр-баркына көө жапкандарды тазалоого багытталган иштерди улантып жатат. Жарандардын арыздарын жана даттанууларын кароодон баш тартуу, кылмыштарды каттоодон жашыруу, пара талап кылуу, оройлук боюнча фактыларга өзгөчө көңүл бурууда.
2020-жылдын 19-февраль күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин ички иликтөө кызматынан Р.И. аттуу жаран кайрылып, ал майда бейбаштык фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштөгү маселени оң жагынан чечип берем деп 10 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын талап кылып жаткан Бишкек шаарынын Биринчимай РИИБдин милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлүнө карата тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранган.
Аталган факты КЖБРге Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 326-беренесинин (Опузалап пара алуу) негизинде катталган. Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери тарабынан пара талап кылууга шектүүнү кармоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.
2020-жылдын 24-февраль күнү жүргүзүлгөн ыкчмам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарында №3 балдар ооруканасынын аймагынан 7000 сом акча каражатын алуу учурунда Биринчимай РИИБдин милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлдөрү С.С. менен А.А. аттуулар кармалды. Иликтөөнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматы жүргүзүп жатат.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги колу таза эмес коррупцияга аралашкан милиционерлерди аныктоо боюнча иштерди улантууда. Азыркы учурда ИИОнун өзүнчө кызматкерлери тарабынан жасалган коррупциялык жана башка мүнөздөгү кылмыштарды аныктоо жана ага бөгөт коюу боюнча иштерди улантып жатат.
ИИМдин Басма сөз кызматы

Read more...

БМЖККБнын кызматкерлери тарабынан туруктуу баңгизаттарды ташып киргизүү каналына бөгөт коюлду


Кыргыз Республикасынын ИИМдин БМЖКККнын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Жалал-Абад облусунун Токтогул районунан баңгикаражаттарды ташып киргизүү жана сатуу боюнча туруктуу каналды жөндөп алган кылмыштуу топтун ишмердүүлүгү токтотулду.
2020-жылдын февралынын ортосунда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында борбор калаадан баңгилик топтун уюштуруучусу кармалып, андан Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагына киргизилип, андан ары сатууга арналган 2 кг 150 гр. салмактагы “гашиш” баңги каражаты табылып алынган.
Кармалган баңгилик топтун уюштуруучусу 1971-ж.т., Т.Д. аттуу жаран буга чейин бир нече жолу соттолгон. Мындан аркы атайын тергөө аракеттеринин жүрүшүндө баңгилик топтун башка жигердүү мүчөлөрү кармалган. Шектүү 1972-ж.т. И.К. жана 1992-ж.т. Н.у Ж. аттуу жарандардын үйүнө тинтүү жүргүзүү учурунда 1 кг 300 гр. салмактагы “гашиш” баңги каражаты табылып алынган. Мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынган баңги каражаттардын жалпы салмагы 3кг 450 граммды түзгөн.
Азыркы учурда Аламүдүн райондук ИИБнүн Тергөө кызматы тарабынан ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, аталган кылмышка тиешеси бар жактарды аныктоо боюнча иштер ишке ашырулууда.
КР ИИМдин БМЖКККнын Басма сөз кызматы

Read more...

Галерея

Видеогалерея

videogallery

Биз менен байланыш

Дареги; 720040, Бишкек ш., Фрунзе көч. 469

ИИМдин Катчылыгы, тел: + 996 312 26 60 54

ИИМдин ишеним телефону: +996 312 26 60 27

ИИМдин кабылдамасы: +996 312 66 24 50

ИИМдин Басма-сөз кызматы:

0 (тел/факс), +996 312 26 62 54, 26 62 90

“Коопсуз шаар”  долбоорунун ишиндеги жана ЖКЭни бузуулар үчүн айып пул маселелери боюнча : 0312 53-03-48, 0312 53-03-89, 0312 53-03-76 
Соттолбогондугу жөнүндө тактаманы берүү маселелери боюнча: 0312 36-94-18 
КР ИИМдин КККнын курал колдонууга уруксат берген тактама маселелери боюнча: 0312 36-94-93 
КР ИИМдин ЖКККББнын тактама берүү маселелери боюнча: 0312 36-95-58 
Апостиль  берүү маселелери боюнча 0312 36-94-13