wrapper

Криминалдык хроникасы

Баткен ОИИБи: Аткезчилик жол менен ири көлөмдөгү кургатылган мөмө-жемиштерди жүктөп бара жаткандар аныкталды


Баткен облус аймагында COVID-19 илдетин алдын алууда жана аны жайылып кетпөө максатында милиция кызматкерлери чек аралаш аймактарда күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Чек арада жайгашкан элдерге коопсуздук үчүн санитардык-эрежелердин туура сакталышын, үйдөн чыкпоону эскертип жүргөн учурда, Баткен районунун аймагында кыргыз жараны коңшулаш Тажик Республикасынын жарандарына мыйзамсыз миграция иштерин уюштуруп жаткандыгы боюнча ыкчам маалымат түшөт. Аталган маалымат Баткен ОИИБнын КЖБРне Кыргыз Республикасынын Жоруктар Кодексинин 122-беренеси (мыйзамсыз миграцияны уюштуруу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталат.
Баткен ОИИБнын кызматкерлери тарабынан жогорудагы маалыматты текшерүү иштеринин жүрүшүндө ыкчам-иликтөө иштери уюштурулуп, 2020-жылдын 3-май күнү Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагынын Достук айылынын Как-Сай участкасында атайын мыйзамсыз жүктөрдү алмаштыруу максатында тосмо менен тосулган базада, ошол айылдын 33 жаштагы Н.У. аттуу тургуну коңшулаш Тажик Республикасы менен чектешкен Как-Сай участкасынын мыйзамсыз контрабанда, атап айтканда бажы көзөмөлүнөн тышкары же андан жашыруун жол менен алып өткөн кургак-мөмө жемиштерди сатуу максатында тажик мамлекетинин 2 жараны менен 4 оор жүк ташуучу унааларга жүктөп жаткан жеринен кармалышкан. Ал эми тажик мамлекетинин 2 жараны мыйзамсыз мамлекеттик чек араны бузуп өтүп келгендиги аныкталып, алардын ден соолуктарын байкоо үчүн обсервацияга жаткырылып, анализдери таза чыккан соң, убактылуу Баткен райондук соту тарабынан бөгөт коюу чарасы 1 айлык мөөнөт тандалып алынып, убактылуу кармоо жайына киргизилген.
Жогорудагы кармалган жүктөр Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 223-беренсинин 1-бөлүгү (экономикалык аткезчилик) менен, ал эми мыйзамсыз чек араны бузуп өткөн тажик атуулдарына Кыргыз Республикасынын КЖКнын 358-беренесинин 1-бөлүгү менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши жүргүзүлүүдө.
Ошондой эле 2020-жылдын 5-май күнү Кадамжай РИИБнин кызматкерлери санитардык-карантиндик посттон Кадамжай шаарынан өткөн «Ош-Исфана» автожолунда «Баткен-Ош» багытын көздөй бара жаткан «DAF» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу 3 унааны жана «VOLVO» үлгүсүндөгү 2 унааны токтотуп, айдоочуларын короновирус илдети боюнча текшерген учурда, автоунааларынын жүк салуучу бөлүгүндө кургатылган мөмө-жемиштерди аткезчилик жол менен жүктөп бара жаткандыгын аныкташкан.
Бул маалымат Кадамжай РИИБнүн маалыматты эсепке алуу журналына катталып, тиешелүү материалдар жыйналып, процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Баткен облусунун тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.
Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы

Read more...

ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан түзөтүүчү мекемеге баңгизаттарды ыргытуу аракетине бөгөт коюлду

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) Чүй облусундагы түзөтүүчү мекемелеринин биринде жаза өтөп жаткандардын арасында баңги каражаттарды жана тыюу салынган предметтерди ыргытуу жана андан ары таратуу каналына бөгөт коюу боюнча операция ийгиликтүү өткөрүлгөн.
2020-жылдын 21-мартында БМЖКККнын жана ЖАМКтын кызматкерлери тарабынан түзөтүүчү колониянын жанынан ЖАМКтын № 1 Мекемесине (Молдовановка а.) тыюу салынган предметтерди мыйзамсыз киргизип жаткан жеринен аталган мекеменин көзөмөлдөп өткөрүү пунктунун оператору и/к кенже сержанты жана ЖАМКтын 2-батальонунун иш кагаздарын жүргүзүүчүсү и/к сержанты кармалып, алардан ири өлчөмдөгү «марихуана» баңги каражаты жана спирт куюлган желим бөтөлкөлөр алынган.
Аталган факты Кыргыз Республикасынын КЖКнын 267- (сатуу максаитын көздөп, баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана алардын окшошторун мыйзамсыз даярдоо) беренесинде каралган кылмыштын белгилери боюнча КЖБРнын АМТга катталган.
Кармалгандар Бишкек шаарынын ИИББнын УКЖга киргизилип, ушул фактыга тиешеси бар жактарды аныктоо боюнча атайын тергөө аракеттери улантылууда.

КР ИИМдин БМЖКККнын Басма-сөз кызматы

Read more...

ИИМ: Бишкек шаарынын аймагынан бир топ курал-жарактарды, ок-дарыларды мыйзамсыз сактаган факты боюнча эки жаран кармалды

Республиканын аймагында коомдук тартипти сактоо жана коопсуздукту камсыздоо, ошондой эле, кылмыштуулук менен укук бузууларды алдын алуу максатында ички иштер органдарынын кызматкерлери эскертүү, алдын алуу жана башка иш-чараларын жүргүзүп келет.
2020-жылдын 16-март күнү Бишкек шаарындагы 7-апрель көчөсүнөн шаар тургуну эки европа улутундагы адамды жана өспүрүмдү көрүп, биринен ок атуучу куралды байкап калгандыгын ички иштер органдарына телефон аркылуу кабарлаган. Окуя болгон жерге тез арада милиция кызматкерлери келип, 2006-жылы туулган Л. К. аттуу өспүрүмдү кармашкан. Кармалган өспүрүм милиция кызматкерлерине өз ыктыяры менен 1 даана бычак жана 4 даана 12-калибрдагы ок-дарыларды өткөрүп берген.
16-март күнү аталган факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республшикасынын Жазык кодексинин 253-беренесинин 2-бөлүмүнүн (курал, ок-дарыларды мыйзамсыз жүргүртүү) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлө башталган. Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында милиция кызматкерлери тарабынан жогорудагы фактыга шектүү катары Р.Д. жана агасы Я.М. аттуулар кармалып, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилишкен.
Ошондой эле, ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө такталган маалыматка ылайык маалым болгон эки дарекке кечиктирилгис тинтүү жүргүзүлүп, натыйжасында 1 даана 7,62- калибрдагы “Сайга” автоматы, 3 даана РПГ-18 куралы, 3 даана граната (жардыруучу каражат), 1 даана винчестер, 5,45-калибрдагы 248 дана ок жана 1 даана 12-калибрдагы ок, 9 мм болгон 85 даана ок, 10 мм болгон 171 даана ок, 7,62 мм болгон 700 даана ок, 22 кылыч, 72 бычак, кара түстөгү 2 даана бет кап, автоматтын бир даана дикөнчөсү табылган. Андан сырткары аталган даректен 19 ширенкенин кутучасына салынган 360 грамм “гашиш” баңгизаты менен 1 килограмм 910 грамм салмактагы “марихуана” баңгизаты табылып алынган.
Учурда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жана Бишкек ШИИББдин Криминалдык милиция кызматтарынын жана Тергөө кызматтарынын кызматкерлери тарабынан жогорудагы мыйзамсыз жүгүртүлгөн курал-жарактар менен ок-дарыларга тиешеси уюшкан кылмыштуу топтордун, 2019-жылы август айында болгон массалык баш аламандыктарды уюштурган жарандарга жана алардын колдоочуларына ошондой эле 2020-жылдын март айында бийликти күч менен басып алууга аракет жасаган, массалык баш аламандыктарды уюштурган адамдардын жана алардын тарапташтарынын тиешеси бар экендиги боюнча иликтөө иш чаралары жүргүзүлүүдө. 

ИИМдин Басма сөз кызматы

Read more...

ИИМ: Кыргызстандан Турцияда жашы жете элек өспүрүмгө сексуалдык ыдык көрсөткөн Турциянын жараны кармалды


Кыргыз Республикасынын ИИМдин Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы тарабынан Турциянын укук коргоо органдары жана Интерпол тарабынан Турцияда жашы жете элек өспүрүмгө сексуалдык ыдык көрсөткөн Турциянын жараны, 1984-жылы туулган А.С. кармалды. Изделип жаткан жаран Кыргызстандын аймагына 2018-жылы келген жана республиканын ЖОЖдун биринде кара жумуш менен алектенип жүргөн.
Биринчи Май райондук сотунун ченчими менен кармалган жаран тергөө абагына 1 айга киргизилди. Аны өз өлкөсүнө экстрадициялоо маселеси чечилүүдө.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Read more...

Галерея

Видеогалерея

videogallery

Биз менен байланыш

Дареги; 720040, Бишкек ш., Фрунзе көч. 469

ИИМдин Катчылыгы, тел: + 996 312 26 60 54

ИИМдин ишеним телефону: +996 312 26 60 27

ИИМдин кабылдамасы: +996 312 66 24 50

ИИМдин Басма-сөз кызматы:

0 (тел/факс), +996 312 26 62 54, 26 62 90

“Коопсуз шаар”  долбоорунун ишиндеги жана ЖКЭни бузуулар үчүн айып пул маселелери боюнча : 0312 53-03-48, 0312 53-03-89, 0312 53-03-76 
Соттолбогондугу жөнүндө тактаманы берүү маселелери боюнча: 0312 36-94-18 
КР ИИМдин КККнын курал колдонууга уруксат берген тактама маселелери боюнча: 0312 36-94-93 
КР ИИМдин ЖКККББнын тактама берүү маселелери боюнча: 0312 36-95-58 
Апостиль  берүү маселелери боюнча 0312 36-94-13