wrapper

Криминалдык хроникасы

ИИМдин жана Октябрь РИИБдин КМКнын ыкчам кызматкерлери Бишкектеги акча алмаштыруу бюросуна каракчылык менен кол салган шектүүнү кармашты


2020-жылдын 11-июль күнү болжол менен саат 13:00до Бишкек шаарынын Октябрь РИИБге арыз менен 1967-жылы туулган Р.Н. аттуу жаран кайрылып, 2020-жылдын 11-июль күнү болжол менен саат 12:40 чамасында акча алмаштыруу бюросунун кызматкерине карата электрошокерди пайдаланып, физикалык күч колдонуп, кассага кирип, 10 000 АКШ долларына жакын акча каражатып ээлеп алган болжол менен 30-35 жаштардагы азият түспөлүндөгү белгисиз адамга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранган.
Ошол эле күнү аталган факты Октябрь РИИБдин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Октябрь РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 202-беренесинин (каракчылык) негизинде сотко чейинки өндүрүш башталган.
Алдын ала болжолдуу жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө шектүү М.Б. бир нече жолу акча алмаштыруу бюросуна акчаны алмаштырган кардар катары кирип, акыркысында жүрөгү ооруган адамдын ролун аткарып, эшиктин алдындагы отургучта отуруп турууну суранган. Кызматкер шектүүнү көчөгө чыгууга жардам берген. Ошол учурда кызматкер кайра акча алмаштыруучу бюрого кирип бара жатканда шектүү моюн тарапка электрошокер менен сокку уруп, сабап, андан соң темир кутудагы 10 000 АКШ долларына жакын акча каражатын алып, изин жашырып белгисиз тарапка качып кеткен.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө  Октябрь РИИБдин Криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлеринин тыкыр иликтөөсүнүн натыйжасында гана аталган кылмыш ишине шектүү катары Чүй облусунун 1993-жылы туулган жашоочусу кармалды.
ИИМ билдирет, Кыргыз Республикасынын ИИМдин бөлүктөрү башка укук коргоо органдары менен тыгыз иштешип, өлкөнүн баардык региондорунда ыкчам кырдаалды көзөмөлдөшүүдө.
ИИМдин Басма сөз кызматы

Read more...

Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү жасалма документтерди пайдалануу үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралгандыгын эскертет


Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү Россиянын аймактык укук коргоо органдары менен биргеликте Россия Федерациясынын аймагында Кыргыз Республикасынын жарандарынын жасалма документтерин пайдалануу фактыларын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштерди улантууда.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгүнүн кийлигишүүсү менен Москва облусунун жана Москва шаарынын аймагында Кыргыз Республикасынын жана Борбордук Азиядагы өлкөлөрдүн жарандарынын жасалма документтерин пайдалануу боюнча бир катар фактылар аныкталды.
Россиянын аймагына келүүнү жана эмгек ишмердүүлүгү менен алектенүүнү жеңилдетүү максатында такталбаган адамдар менен макулдашып, жасалма документтерди жасатып алып колдонуп жүргөндөр аныкталды.
Алсак, Жалал-Абад облусунун 1992-жылы туулган М.Н. аттуу тургуну так маалымат камтылбаган айдоочулук күбөлүктү, Баткен облусунун 1972-жылы туулган К.М. аттуу тургуну мамлекеттик үлгүгө дал келбеген паспортту, Ош облусунун 1995-жылы туулган С.М. аттуу тургуну жасалма айдоочулук күбөлүктү пайлананып жүргөн фактылар аныкталды.
Ошондой эле, жасалма кыргыз паспортун пайдаланып жүргөн башка өлкөлөрдүн жарандары дагы аныкталган. Коңшу өлкөлөрдүн биринин тургуну 1985-жылы туулган К.Жнын паспортун текшерүү учурунда паспорттун ПИН-номуру менен сериясы башка адамга таандык экендигин көрсөткөн. Башка дагы коңшу өлкөнүн жараны 1990-жылы туулган С.А. маалыматы дайынсыз болгон паспорт менен айдоочулук күбөлүктү колдонуп жүргөнү тастыкталган. Ал документтердеги номурлар Кыргызстанда ыйгарылган эмес.
Жогорудагы бардык фактылар боюнча тиешелүү экпертизалар дайындалып, РФдин ИИМдин аймактык эксперттик-криминалисттик борбордун иликтөөсү жөнүндө тактамасына ылайык жогорудагы документтер жасалма болуп чыккан. Ал эми жасалма документтерди пайдалангандардын аракетинде РФдин Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренесиндеги (Жасалма документтерди пайдалануу) кылмыш белгилери байкалган.
Азыркы учурда козголгон кылмыш иштери боюнча Кыргыз Республикасынын жарандарына таандык жасалма документтерди жасоого тиешеси барларды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө жана тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү жарандарга башка өлкөлөрдүн мыйзамдарын бузбай, документтерге, авиабилеттерге байланышкан мыйзамсыз кызматтарын көрсөткөн алдамчылардан жана ортомчулардан алыс болууга чакырат. Андан сырткары, көрсөткөн кызматтары жасалма болуп калбаш үчүн кассалык чектерди берүүлөрүн талап кылыңыздар.
Жогорудагыдай кызмат көрсөтүүлөргө баруу менен, жасалма документтерди колдонгон жарандар өздөрү кылмышка барып жатышкандыгын түшүнүшпөйт. Мыйзамды билбегендик кылмыш жоопкерчилигинен бошотпойт.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү жарандарга алдамчылардын колуна түшүп калбоо үчүн зарыл болгон документтерди мамлекеттик же расмий органдардан алууга чакырат.
Жогорудагыдай укук бузган фактылар жөнүндө Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнө +7 (926) 890-87-00 телефон номуруна байланышып, кабарлоону суранат. Жашырындуулукка кепилдик берилет.
ИИМдин Басма сөз кызматы

Read more...

ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери бейбаштыкка шектелген жарандарды кармашты


ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын Аймактар аралык башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан бейбаштык аракеттерин жасоого шектүүлөрдү кармоо боюнча иш-чараларды жүргүздү. Башында ички иштер органдарына Жалал-Абад облусунун Аксы районунун жашоочусунан билдирүү түшүп, ал өзүнүн арызында укукка жат иш-аракеттерди жасап жаткан жарандарга карата тиешелүү чараларды көрүп, укугун коргоону суранган. Анда, 2020-жылдын 26-июнь күнү кечки маалда белгисиз адамдар Аксы районунун жашоочусун “Тайота” үлгүсүндөгү автоунаага салып, адамдар жок жерге алып барышып, сабап, денесине жаракаттарды келтиришкендиги маалымдалган. Жогорудагы маалыматка байланыштуу, укукка жат көрүнүш криминалдык топтор тарабынан ишкерлерге кысым көрсөтүүгө байланыштуу болгондуктан, бул ыкчам-иликтөө иш-чараларына ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын Аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери тартылган. 2020-жылдын 27-июнь күнү аталган факты КЖБРге катталып, ИИМдин Тергөө кызматы (Ош шаары) Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 266-беренесинин 2-бөлүмү (Бейбаштык) боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.
Укукка жат иш-аракеттерге тиешеси барлар изин жашыруу үчүн Чүй облусунун аймагына келе жаткандыгы боюнча маалымат келип түшкөндүктөн, Аймактар аралык башкармалыктын кызматкерлери тарабынан алардын изине түшүү уюштурулган. 30-июнь көрүлгөн чаралардын натыйжасында Чүй облусунун Жайыл районунун аймагынан жогорудагы бейбашттыкка шектүү эки жаран кармалган. Кармалган жарандардын бири Жалал-Абад облусунун Аксы районунун 1983-жылы туулган жашоочусу М.А. болот. Ал мурда соттолгон жана УКТ мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат, “положенец” криминалдык макамга ээ. Экинчи кармалган жаран Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын 1991-жылы туулган жашоочусу Т.М. болот. Кармалган эки шектүү тең Ош шаардык ИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Андан сырткары, Аймактар аралык башкармалыктын ыкчам кызматкерлери Жайыл РИИБдин кызматкерлери менен биргеликте дагы бир мыйзамга каршы фактыны, тактап айтканда ок атуучу куралды мыйзамсыз сактоо жана ташуу фактысын аныкташты. Автоунаанын ичинен шектүүлөргө тиешелүү катталбаган белгисиз үлгүдөгү тапанча табылып алынган. Азыркы учурда сотко чейинки иликтөө жүрүп жатат. Жогорудагы кылмышка тиешеси барларды тактоо жана кармоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.
ИИМдин Басма сөз кызматы

Read more...

ИИМ: Опузалап талап кылууну жасоого шектелген адамдар кармалды

Бишкек шаарынын Октябрь РИИБне Бишкек шаарынын Б.А. аттуу тургуну арыз менен кайрылган, себеби 2017-жылдын март айында Бишкек шаарынын Сүйөркулов жана Тыныстанова көчөлөрүнүн кесилишинде чала тааныш адамдар коркутуу менен күч колдонуп 7000 АКШ долларын алып коюшкан ( Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын ошол маалдагы курсу боюнча 484820 сомду түзгөн). Айтылган факт Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 203-беренесинин (Опузалап талап кылуу) негизинде сотко чейинки өндүрүш башталган.
ИИМдин КМКнын Үчүнчү башкармалыгынын ыкчам аракеттеринин натыйжасында, 1989-жылы туулган М.А. жана 1989-жылы туулган Б.Б. аттуу Ысык-Көл облусунун тургундары кармалышкан. 
ИИМдин КМКнын маалыматына караганда жогорудагы кылмышкерлер уюшулган кылмыштуу топтун мүчөлөрү катары каттоодо турушат.
Кармалгандар Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизинде, Бишкек шаарынын убактылуу кармоочу жайына камалган, учурда алардын башка кылмыштарга тиешесин  аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иштери жүргүзүлүүдө.
ИИМдин Басма сөз кызматы
Read more...

Галерея

Видеогалерея

videogallery

Биз менен байланыш

Дареги; 720040, Бишкек ш., Фрунзе көч. 469

ИИМдин Катчылыгы, тел: + 996 312 26 60 54

ИИМдин ишеним телефону: +996 312 26 60 27

ИИМдин кабылдамасы: +996 312 66 24 50

ИИМдин Басма-сөз кызматы:

0 (тел/факс), +996 312 26 62 54, 26 62 90

“Коопсуз шаар”  долбоорунун ишиндеги жана ЖКЭни бузуулар үчүн айып пул маселелери боюнча : 0312 53-03-48, 0312 53-03-89, 0312 53-03-76 
Соттолбогондугу жөнүндө тактаманы берүү маселелери боюнча: 0312 36-94-18 
КР ИИМдин КККнын курал колдонууга уруксат берген тактама маселелери боюнча: 0312 36-94-93 
КР ИИМдин ЖКККББнын тактама берүү маселелери боюнча: 0312 36-95-58 
Апостиль  берүү маселелери боюнча 0312 36-94-13