wrapper

Криминалдык хроникасы

ИИМдин БМЖКККнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери баңгизатын мыйзамсыз жүргүртүп келген шектүүлөрдү кармашты

 
ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан баңгизаттын курамына кирген өсүмдүктөрдү ири көлөмдө өстүрүү менен алектенген топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.
Атайын ыкчам тергөө иш-чараларын жүргүзүүнүн натыйжасында жогоруда көрсөтүлгөн топтун мүчөлөрү 1972-жылы туулган К.О. менен 1992-жылы туулган Р.В. кармалды. Чүй облусунун Аламүдүн районунун аймагында энеси менен баласына караштуу үйлөрдү тинтүүгө алуу учурунда өстүрүп жаткан кара куурай түспөлүндөгү өсүмдүк, гашиш майын даярдоо үчүн заттар, марихуана жана баңги каражатын колдонуу үчүн жабдыктар (бульбулятор) табылып алынган. Жалпысынан мыйзамсыз жүгүртүүдөн 110 килограмм 450 грамм кара куурай алынды. Кармалган жарандар соттун чечими менен Тергөө абагына киргизилди. Азыркы учурда аталган кылмыштуу үтиешеси бар башка адамдардын өздүгүн аныктоо жана кармоо боюнча ыкчам иш-чаралар менен атайын тергөө амалдары жүрүүдө.

ИИМдин БМЖКККнын Басма сөз кызматы

Read more...

ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан баңгизаттарды ташуу менен алектенген каналга бөгөт коюлду

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Жалал-Абад облусунунан Бишкек шаарына ири өлчөмдөгү баңги каражатты ташып киргизүү жана атайын жабдууланган цехте өстүрүү менен алектенген каналга бөгөт коюлду.
Тинтүү жана атайын тергөө иш-аракеттеринин натыйжасында ИИМдин БМЖКККнын Бишкек шаары боюнча кызматкерлери тарабынан Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда жайгашкан үйлөрдүн биринде кара куурай жыттанган кочкул-жашыл түстөгү каражаттар марихуана жана баңгизатты даярдоочу шаймандар табылып алынган. Мыйзамсыз жүгүртүүдөн 4 кг 673 грамм гашиш жана 690 грамм марихуана алынган.
Аталган факт боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталып, кылмышка тиешеси бар башка жактарды аныктоо боюнча атайын тергөө аракеттери уланууда.
ИИМдин БМЖКККнын Басма сөз кызматы

Read more...

ИИМдин БМЖККК тарабынан баңги каражаттарын өстүргөн лабораториянын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан атайын жабдуулган лабораторияда баңги каражаттарын өстүрүү ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу боюнча операция ийгиликтүү өткөрүлдү.
Тинтүү жана атайын тергөө иш-аракеттеринин натыйжасында ИИМдин БМЖКККнын жана Тергөө кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалган Бишкек шаарынын 1978-жылы туулган Г.И., 1971-жылы туулган Е.В. аттуу жарандар жашаган үйлөрдүн биринде кара куурай жыттанган кочкул-жашыл түстөгү каражаттар, гидропоникалык ыкма менен өстүрүлгөн каннабис сорттору жана ар кандай сорттогу кара куурайдын уруктары табылып алынды.
Аталган факт КЖБРге Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 273-беренесинде (Баңгизат каражаттарын камтыган өсүмдүктөрдү себүү жана өстүрүү) каралган белгилер боюнча катталган.
Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында аталган кылмыш ишине тиешеси бар башка шектүүлөрдү аныктоо боюнча иштер жүргүзүүлүдө.

ИИМдин БМЖККК Басма сөз кызматы

Read more...

ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан баңгизаттарды ташуу боюнча туруктуу каналга бөгөт коюлду

Кыргыз Республикасынын ИИМдин БМЖКККнын бөлүктөрү тарабынан баңгизаттардын алынып келинүүсүн аныктоого жана бөгөт коюуга, баңгилик менен алектенген топторду кармоого багытталган баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү чөйрөсүндө ыкчам иш-чаралар жүргүзүлдү. ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Баткен облусу боюнча кызматкерлери тарабынан Афганистандан Кыргызстанга “апийим” баңгизатын ташып келип, сатып жүргөн кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.
Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында БМЖКККнын кызматкерлери Кадамжай районунан Баткен облусунун аймагына киргизилип келген жана андан ары сатууга аракет кылып жаткан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалган. Андан 2 килограмм 040 грамм салмактагы “апийим” баңгизаты табылып алынган.
Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Азыркы учурда ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, аталган кылмыш ишине тиешеси бар башка шектүүлөрдү аныктоо боюнча иштер жүргүзүүлүдө.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Read more...

Галерея

Видеогалерея

videogallery

Биз менен байланыш

Дареги; 720040, Бишкек ш., Фрунзе көч. 469

ИИМдин Катчылыгы, тел: + 996 312 26 60 54

ИИМдин ишеним телефону: +996 312 26 60 27

ИИМдин кабылдамасы: +996 312 66 24 50

ИИМдин Басма-сөз кызматы:

0 (тел/факс), +996 312 26 62 54, 26 62 90

“Коопсуз шаар”  долбоорунун ишиндеги жана ЖКЭни бузуулар үчүн айып пул маселелери боюнча : 0312 53-03-48, 0312 53-03-89, 0312 53-03-76 
Соттолбогондугу жөнүндө тактаманы берүү маселелери боюнча: 0312 36-94-18 
КР ИИМдин КККнын курал колдонууга уруксат берген тактама маселелери боюнча: 0312 36-94-93 
КР ИИМдин ЖКККББнын тактама берүү маселелери боюнча: 0312 36-95-58 
Апостиль  берүү маселелери боюнча 0312 36-94-13