wrapper

Криминалдык хроникасы

Талас ОИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан каракчылык жасоого шектелип издөөдө жүргөн жаран кармалды

Талас ОИИБнин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан 2010-жылдан бери оор кылмыш жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн шектүү жаран кармалды.
2008-жылдын 29-май күнү Талас облусунун Бакай-Ата районунун жашоочусунун үйүнө белгисиз адамдар киришип, үй ээсин уруп сабап, акча талап кылышып, аялын, баласын жана келинин колу-буттарын байлап, белгисиз тарапка качып кетишкен. Натыйжада жабырлануучуга олуттуу өлчөмдөгү материалдык зыян келтирилген.
Аталган факты боюнча 2008-жылдын 30-май күнү Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 168-беренеси (Каракчылык) менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү жарандын өздүгү такталып, ал Токтогул районунун Кара-Көл шаарында 1978- жылы туулган М.У. экендиги аныкталган. Ага 2010-жылдын 5-июль күнү сырттан айыбы угузулуп, издөөгө жарыяланган.
Талас ОИИБнын Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында 2010-жылдан бери оор кылмыш жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн кылмышка шектүү жаран М.Унын кайда экендиги аныкталып, Бишкек шаарынын аймагынан кармалды. Анын башка кылмыштарга тиешеси бардыгы боюнча текшерүүлөр жүргүзүлүүдө.
Бүгүнкү күндө кармалган шектүү жаранга карата Талас шаардык соту тарабынан бөгөт коюу чарасы каралып, камакка алуу түрү тандалды. Аталган кылмыш иши боюнча учурда тергөө жана иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.
Талас ОИИБнин Басма сөз кызматы

Read more...

Ээнбаштыкка шектелген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

 

Милицияга К.С. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 19-июль күнү болжол менен 19:00до Ош облусунун Өзгөн шаарынан белгисиз адамдар анын уулун себепсиз сабашып, денесине жаракаттарды келтиргендигин билдирген.
Бул факты боюнча топтолгон материал КЖБРге катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 266-беренеси (Ээнбаштык) боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган. Жогоруда көрсөтүлгөн кылмыш ишине кылмыш дүйнөсүнүн адамдарынын тиешеси бар болгондуктан, ыкчам иш-чараларга ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери киришкен.
Ушул жылдын 28-июль күнү ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ош облусунун "Кара-Суу-Өзгөн" унаажолунан шектүүлөрдүн бири 1993-жылы туулган Т.О. кармалды. Ал мурда бир нече жолу соттолгон.
Алынган маалыматтар боюнча жаран Т.О. уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. Кармалган жаран Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул факты боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Read more...

ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгы ээнбаштыкка шектелген жаранды кармашты

Жаран Т.Ж. ички иштер органдарына арыз менен кайрылып, анда ээнбаштык фактысы боюнча тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранган. 2021-жылдын 13-июль күнү болжол менен саат 14:00до Ош-Бишкек жолундагы кафелердин биринде арыздануучуну чала тааныш адам себепсиз сабап, денесине жаракаттарды келтирген.
Жогорудагы факты боюнча топтолгон материал КЖБРге катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 266-беренеси (Ээнбаштык) менен сотко чейинки өндүрүш башталган. Бул укукка каршы аракеттерге криминалдык чөйрөнүн адамдарынын тиешеси бар болгондуктан, шектүүнү кармоо боюнча ыкчам иш-чарага ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери тартылган.
28-июль күнү Аймактар аралык башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан Жалал-Абад шаарынан Жалал-Абад облусунун жашоочусу 1984-жылы туулган Д.А. кармалды. Жаран Д.А. уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.
Иликтөө иштери уланууда.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Read more...

ИИМ: Чүй облусунун жашоочусунан ок атуучу курал, ок-даарылар жана жардыруучу түзүлүштөр табылды

ИИМдин КМКнын Үчүнчү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери шаарда жашап жүргөн жаранды кармашып, андан ок атуучу курал, ок-даарылар жана жардыруучу түзүлүштөр табылды.

Атайын операциянын жүрүшүндө Чүй облусунун жашоочусу 1980-жылы туулган Е.А.га таандык номурлары өчүрүлгөн «Winchester» ок атуучу куралы, Макаров тапанчасынын 30 огу, Калашников автоматы, андан сырткары РПГ гранатомету, РГД-5 кол гранатасы табылды.
Ыкчам-тергөө иш-чарасы куралдарды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланышкан укукка каршы аракеттер жөнүндө ыкчам мүнөздөгү маалымат келип түшкөндөн кийин жүргүзүлө баштаган. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кармоо иш-чарасы көчөдө жүргүзүлүп, шектүүгө өздүк кароо жүргүзүү учурунда спорттук сумкасынан кесилген курал табылган.
Мындан аркы жүргүзүлгөн тергөө амалдарынын жүрүшүндө Аламүдүн районунун айылдарына жакын жерден шектүүгө таандык жашыруун жайдан ок атуучу курал, ок-даарылар жана жардыруучу түзүлүштөр табылды.
Табылып алынган куралдарга жана ок-даарыларга тиешелүү комплекстүү экспертизалар дайындалды.
Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 253-беренеси (Куралдарды жана ок-даарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) боюнча сотко чейинки өндүрүштү Биринчи май РИИБдин Тергөө кызматы жүргүзүп жатат.
ИИМдин Басма сөз кызматы

Read more...

Биз менен байланыш

Дареги; 720040, Бишкек ш., Фрунзе көч. 469

ИИМдин Катчылыгы, тел: + 996 312 26 60 54

ИИМдин ишеним телефону: +996 312 26 60 27

ИИМдин кабылдамасы: +996 312 66 24 50

ИИМдин Басма-сөз кызматы:

0 (тел/факс), +996 312 26 62 54, 26 62 90

“Коопсуз шаар”  долбоорунун ишиндеги жана ЖКЭни бузуулар үчүн айып пул маселелери боюнча : 0312 53-03-48, 0312 53-03-89, 0312 53-03-76 
Соттолбогондугу жөнүндө тактаманы берүү маселелери боюнча: 0312 36-94-18 
КР ИИМдин КККнын курал колдонууга уруксат берген тактама маселелери боюнча: 0312 36-94-93 
КР ИИМдин ЖКККББнын тактама берүү маселелери боюнча: 0312 36-95-58 
Апостиль  берүү маселелери боюнча 0312 36-94-13